Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Атчандардын каршылыгы, байлардын салымы


Казакстандагы атчандар фестивалынан

Кытайды атчан тоскон кыргыздар. Мухаммед Алинин 60 жыл мурда расизм тууралуу айткандары азыр популярдуу болуп жатат. (Дүйнөлүк басма сөзгө сереп, 1-7-июнь)

Британияда чыккан “Economist” журналы Кытай менен Борбор Азия элинин, бийлигинин мамилесин талдаган макала чыгарды. Анда: “Илгертеден бери Борбор Азиянын эли жанындагы күчтүү коңшусунан ат үстүндө коргонуп келген. Быйыл февралда дал ушундай окуя кайталанып, Кытай инвесторлору Ат-Башыга логистикалык борбор курарда райондун эли ири державанын жолун атчан бууду.

“Бир алкак - бир жол” долбоорундагы маанилүү логистикалык борборду курууну каалаган инвесторлор жаалданган, атчандардын айынан кайтууга мажбур болду. Окуя Борбор Азиядагы Кыргызстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын элинин Кытайга болгон жагымсыз маанайы менен Кытай берчү чоң суммадагы акчаны кыя албаган чөлкөмдүн саясий элитасынын чечкинсиз абалын таасын көрсөттү.

Кыргызстандын Кытайдан көрчү пайдасы башкаларга салыштырмалуу кымындай эле болуп калат. Бул чакан өлкөдөгү транзиттик каттамдар менен азын оолак алтын кендер гана Кытайды кызыктырат. Казакстанда да Кытайга болгон элдин маанайы жакшы эмес”,-деген басылма Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан көп өлчөмдө газ экспорттогон Кытайдын бул үч өлкө менен экономикалык байланышы да күчтүү экенин белгилеген.

“Ошондой эле бул өлкөлөрдүн бийлиги басма сөздүн оозун катуу басып турат, болбосо Кытайга каршы маанайдын добушу азыркыдан алда канча күчтүү чыкмак. Анткен менен карама-каршылык улам күчөп жатат. Борбор Азиянын азыркы бийлигине тиш кайрагандар бул маанайды өз максатына пайдаланып келет. Мисалы, 2019-жылы Казакстанда болгон Кытайга каршы митингдерди бозгундагы банкир, оппозиционер Мухтар Аблязов уюштурганы айтылып жүрөт. Ал эми Кыргызстандагы атчандардын жүрүшүн бажы кызматындагы аткаминерлер жана айрым саясатчылар бажыдагы аткезчиликтен куру каларын сезгенде тымызын уюштурган болушу мүмкүн.

Кытайга байланыштуу маанай кызыган сайын эл менен саясатчылардын ортосундагы тиреш да күчөйт".

Москвадагы Карнеги эл аралык борборунун өкүлү Темур Умаровдун "кандай болгон күндө да Кытай же Борбор Азиянын бийликтери бул жагымсыз абалды чечкиндүүлүк менен моюнга алып, чечүү жолдорун издебейт", - деген ою макалада камтылган.

Пандемия маалында байлардын жардамы

“Forbes” журналы пандемия маалында дүйнөдөгү 2095 миллиардердин канчасы оору менен күрөшүүгө жардам бергенин эсептеп чыкты. “Байлардын дээрлик баары коронавирусту ооздуктоого салым кошууда. Айрымдары канча бергенин ачык айтканы менен көбүнүн жардамы жашыруун калып жатат.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Алдыңкы эл аралык технологиялык компаниялардын бири болгон "Алибабанын" ээси Жэк Ма жана миллиардер Жозеф Цай ар кайсы өлкөгө медициналык, акчалай көмөк көрсөттү, бирок суммасы белгисиз.

Миллиардерлердин ичинен эң эле жоомарты "Твиттердин" башкы жетекчиси Жек Дорси болду. Ал вируска каршы күрөшкө өз эсебинен 1 миллиард доллар бөлүп, муну менен эле тим калбай, 3,9 миллиард доллардык акциясын да COVID-19дун кесепетин жоюуга жумшарын билдирди.

Экинчи орунда дүйнөдөгү эң бай адам, "Майкрософт" компаниясынын ээси Билл Гейтс жана жубайы Мелинда турат. Алар марттын башында ооруну дарылоого, аныктоого, вакцина чыгарууга 305 миллион доллар бөлүштү.

Индиянын чириген байы Азим Премжи пандемияны ооздуктоого 132 миллион доллар берди. АКШнын миллиардер президенти Дональд Трамп жылдык маянасынын чейрегин, башкача айтканда 100 миң доллар бөлдү. Бул анын 2,1 миллиард доллардык капиталынын 0,005 пайызын гана түзөт.

Оклахомалык миллиардер Жорж Кайзер 10 миллион доллар бөлгөн эле. Ал Трамптын “берешендигин” сындап, “тилекке каршы, мамлекеттин башкы милдети болгон улуттук саламаттык коопсуздугун сактай албагандыктан менчик кайрымдуулук уюмдар бул ишти колго алып жатат” дегенин баяндаган журнал жардам бергендердин узун тизмесин жарыялады. Алардын катарында Жорж Сорос, Жефф Безос, Марк Цукерберг, Владимир Потанинден башка Кайли Женнер, Жей Зет сыяктуу ырчылардан бери бар.

Мухаммед Али: Эмнеге кудай ак?

АКШдагы рассалык теңсиздикке каршы демонстрациялар маалында атактуу боксчу Мухаммад Алинин 1970-жылдары Би-Би-Си телеканалына берген маеги онлайн дүйнөдө кайрадан популярдуу болууда.

АКШдашы демонстранттар Мартин Лютер Кингдин эстелигине барышты
АКШдашы демонстранттар Мартин Лютер Кингдин эстелигине барышты

Бул маекти Испаниянын La Vanguardia” басылмасы кайра жарыялады. Маек берген учурда мушкер ислам динине өтө элек болчу.

“Ишемби сайын чиркөөгө барганда ар нерсени ойлой берем. Көп окуйм, адамдардын жашоосун билгим келет. Апамдан “Кудай эмнеге ак? Иса пайгамбар эмнеге ак жана көзү көк? Эмнеге периштелердин баары, Мария эне да ак? Апа, биз өлгөндө асманга учуп кетебизби? Анда кара түстөгү периштелер кайда?” деп сурай берчүмүн. Баарын билгим келчү. Эмнеге африкалык Тарзан ак болгон? Ак түстүү бала жунгли токойлорунда жылаңач чуркап жүрөт... Ал жаныбарлардын тилин билет, арстандын азуусун айрыйт. Бирок кылымдар бою Африкада жашаган каралар Тарзандай кыйын эмес.

Эмнеге Американын периси ар дайым ак кыз болот? Болбосо бизде чырайлуу кара тору кыздар деле көп го. Бирок эмнегедир өлкө периси, дүйнө периси дайыма ак. Ак деген сөз брендге айланган, “Ак үй”, “ак куу”, “ак падыша” деген самындар, айтор жакшынын баары ак. Эмнеге президенттин баары Ак үйдө жашайт? Санта Клаус эмнеге ак? Жамандын баары эмнеге кара? Кара мышык жамандык алып келет... Ушунун баары мени катуу түйшөлтчү.

Римдеги олимпиадада алтын медал алдым. Менден кийинки орунда советтик жана польшалык спортчулар эле. Экөө тең коммунист өлкө. Мен аябай сыймыктанып, АКШнын туусун бийик көтөргөнүмө куштар болуп, шаардын борборуна барып тамактанайын деп чечтим. Мойнумда алтын медаль, эми элим боштондукка чыгат деп коём. Ашканага кирип “бир чыны кофе жана сэндвич” сураганымда официант кыз “биз ынды караларды тейлебейбиз” деди. Чемпион экенимди айтып, ачууланганым менен ашкананын ээси баары бир мага тамак бербей, сыртка чыгарып койду”, - деп эскерди мушкер.

Бишкектеги индиялыктын трагедиясы

24 жаштагы индиялык Пуджа Кумари 1-июнда Бишкектеги менчик клиникалардын биринде каза болду. Анын сөөгүн жакындары Индияга алып кете албай кыйналып жатканын “The Times of India” гезити кабарлады.

Кыргызстандагы индиялык студенттер
Кыргызстандагы индиялык студенттер

Пуджа Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 2017-жылдан бери окуп жаткан. Ал майдын аягында ичи ооруп, ооруканага кайрылган, дарты күчөп кетип 1-июнда көз жумган. Дарыгерлер өлүмдүн себеби – жүрөк, кан тамыр жетишсиздиги деп түшүндүрүштү.

Пуджанын атасы, дыйкан Кришна Кумар Индиянын Бишкектеги элчилигине, Тышкы иштер министрлигине кайрылганы менен кызынын сөөгүн алып кете албай жатат. Агасы Гуатам Кумардын айтымында, бир нече жолу бийликке кат жазып, телефон чалганы менен майнап чыккан жок.

Гуатам карындашы кыргызстандык медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам көз жумганын да гезитке айткан:

“Бир күн мурда эле сүйлөшкөндө жакшынакай турган. Эч жери ооручу эмес. 26-майда эле ичим ооруп жатат дегенинен аны мекенге кайтарууга болгон аракетибизди кылдык. Бирок колубуздан келбеди”- деп кайгысы менен бөлүштү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG