Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

«Өзгөрүүгө умтулган күчтүү агартуучу эле...»


Гайша Ибрагимова.

Өмүрүн агартуу ишине арнаган Гайша Ибрагимова эгемен Кыргызстанда алгачкылардан болуп жеке менчик билим берүү мекемесин түптөп, балдарды заманбап технологиялар менен окута баштаган. Ал Билим берүү мекемелеринин бирикмесин жетектеген.

Ибрагимова 12-июлда 69 жаш курагында пневмониядан Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумду.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчиси, Гайша Ибрагимованын уулу Шамил Ибрагимов «Твиттердеги» баракчасына буларды жазды:

Шамил Ибрагимов.
Шамил Ибрагимов.

«Эми баары мурдагыдай болбойт. Мурдагыдай жакшы болбойт. Бул азап качандыр бир кезде бүтөөр, бирок таптакыр унутулбайт. Түмөндөгөн чакан дүйнөлөр урады. Мунун баарын болтурбай койсо болот эле го…».

Гайша Ибрагимова Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, 1975-жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келди. Ибрагимова Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги.

1993-жылы эже-сиңди Гайша, Гүлжамал жана Сагын Есеналиевалар «Илим» билим берүү комплексин түптөшкөн. Бир апта мурун Гайша Ибрагимова 64 жаштагы сиңдиси Сагын Есеналиевадан ажыраган эле.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева билим берүү тармагына зор салым кошкон эже-сиңдинин көз жумганы оор жоготуу экенин белгилейт:

Догдургүл Кендирбаева.
Догдургүл Кендирбаева.

«Жакында эле Гайша Жусупбекованын сиңдиси Сагын эженин кеткенин арман кылып, кайгыдан арыла электе дагы бир суук кабарды угуп отурабыз.

Билим берүү тармагында Гайша Жусупбековнанын орду өзгөчө эле. Эже-сиңдилер билим берүүдө жаңылык киргизген чабалекейлер катары эл эсинде калды. Алар экономикалык оор кырдаалга, колдоонун жоктугуна карабай эң мыкты билим берүү комплексин түптөй алышты.

Мен Гайша эжени 25 жылдан бери тааныйм. Көп жолу анын мектебине бардым. Аны менен педагогдор, кесиптештери, окуучулары сыймыктанып турчу. Бүгүнкү күндө бул комплекстин бүтүрүүчүлөрүн дүйнөнүн булуң-бурчунан жолуктурсаң болот.

Жалпы республикалык тестирлөөнү Кыргызстанга биринчи жолу Камила Шаршекеева алып келсе, бул процессти андан ары улантып кетүүдө Гайша Жусупбекованын эмгеги зор эле. Гүлжамал азыр эки асылдай болгон эжесинен айрылып отурат. Аны менен кошо баарыбыз ушунчалык күйүп, кайгырып жатабыз».

Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан «Илим» билим берүү комплекси ЮНЕСКОнун өнөктөштүк мектеби болуп саналат. «Илим» - Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик эмес билим берүүчү мекемелердин катарында түзүлгөн бала бакча жана мектеп комплекси.

Гүлжамал Есеналиева билими боюнча экономист, ал эми Гайша Ибрагимова тарыхчы жана археолог болчу. Гайша Ибрагимова мектепте тарых сабагынан мугалим, окуу иштери боюнча орун басар болуп иштечү.

Бир жыл мурун Гайша Ибрагимова «Илим» мектеби балдарда өзүнө болгон ишенимди жана жоопкерчиликти жаратуу максатын көздөй турганын айткан:

«Биздин мектеп форматы боюнча өзгөчө билим комплекси болуп эсептелет. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн алдында "Кайсы кесипти тандайм?" деген суроо турбайт. Себеби бизде өзүн таанып билүү ыкмасы окуу программасына киргизилген. Ошондуктан мектепти аяктагандан кийин өзү түшүнгөн, өзү каалаган ишти аныктап алганда биз аларга тандоосу үчүн болгон жоопкерчиликти үйрөткөнүбүздү түшүнөбүз. 27 жылдан бери биз ушул принцип менен иштеп жатабыз, тагыраагы теориядан практикага карай иш алып барабыз. Биз берген билим жана колдоо балдарда өзүнө болгон ишенимди жаратат. Комплекс эч коркпостон тандоо жасаганды үйрөтөт. Биз ушундай жыйынтыктар менен сыймыктанабыз».

Сүрөтчү жана акын Наристе Алиеванын эки баласы «Илим» мектебинде билим алышкан. Алиева буларды айтып берди:

Наристе Алиева.
Наристе Алиева.

«Гайша эже бар кезде комплекстин аурасы башкача болчу. Кесиптештери, окуучулары аны сыйлап турганы абдан сезилчү. Уулум бул мектепке чейин башка жактарда да окуп келген. Ошондуктан салыштырып отуруп, «Илимдин» билим берүү ыкмасын, өзгөчө Гайша эженин сабак бергенин абдан көп айтып берчү. Ал өмүрүнүн аягына чейин балдар менен иштеп, алардын урматына ээ болду. Педагог үчүн мындан өткөн сыйлык болбосо керек».

Гайша Ибрагимова 2004-жылдан 2005-жылга чейин билим берүү министринин биринчи орун басары, кийин аталган министрликтин статс-катчысы болуп иштеген.

Профессор, билим берүү министринин мурдагы биринчи орун басары Улан Бримкулов Гайша Ибрагимованы уюштургуч, иш билги жана эрктүү башкаруучу катары эскерип отурат:

«Ал өзү да ишти мыкты жасаган, ошол эле кезде талапты да коё билген башкаруучу болчу. Сүрөттөп айтканда күчтүү жана эрктүү, бош кармабаган адам эле. Экөөбүз министрликте эки башка учурда иштеп калдык. Кийин мен анын мектебине эл аралык масштабда өткөн иш-чарага катышып калып, ушундай окуя биздин да өлкөдө болуп жатканына таң калганмын. Ушунчалык кыйын уюштургуч экен! Ал иш-чара окуу программасына жаңы технологияларды киризүүгө арналган эле. Бир топ өлкөлөрдөн катышуучулар келген. Ибрагимова мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорку окуу жайдагы деңгээлге көтөргүсү келген».

Гайша Ибрагимова Кыргызстанда президенттикке аттанган аял талапкерлердин бири болгон. Ал 2005-жылкы жана 2011-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкерлигин койгон. 2005-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы Ибрагимованы талапкерлердин тизмесине кошуудан баш тарткан.

Өмүрүнүн аягына чейин билим берүү тармагында жаңылык киргизүүгө умтулуп келген Ибрагимованын өмүр таржымалы да абдан кызыктуу.

Гайша Ибрагимованын балалыгы ГУЛАГдын бары-жогу тосулган тикендүү абагында өтөт. Анын атасы Жусупбек Эсеналиев 1937-жылы Фрунзеде репрессияга туш келип, узак мөөнөткө соттолгон. Анда 27 жаштагы солкулдаган жигит СССР НКВДсынын лагерлер менен абак жайларынын башкы башкармасы - ГУЛАГга жиберилет. Ошол жактан катаал тагдыр жолун баштан кечирген Алия Хайровага баш кошуп калат. 1951-жылы төрөлгөн алардын тун кызы Гайшага атасы Кыргызстан тууралуу айта берип, ал кичинесинен алыста калган мекенин сагынып өсөт.

Гайша Ибрагимованын бала кези, ата-энеси тууралуу «Азаттык» менен «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсүндө Элмира Ногойбаева жазган:

Элмира Ногойбаева.
Элмира Ногойбаева.

«Мен адегенде Гайша Жусупбекованын үй-бүлөсүнө коңшу жашадым. Бул үч эже-сиңдинин сырткы жана ички сулуулугуна көп суктанчу элем. Эгемендик келген жылдары мен студент элем. Ошондо президенттик шайлоого сулуу, билимдүү Гайша Жусупбековна талапкерлигин койгон. Биз үчүн бул маанилүү болчу. Себеби ал чыныгы интеллектуал, билимдүү, эмгекчил, өзгөрүүгө умтулган аял болчу.

Азыркы учурда бизге Гайша Ибрагимовадай үлгү болчу адамдар жетишпей турат. Андай адамдар өзгөрүүгө ишеним жаратат. Кийин оор жылдары ал Билим берүү министрлигинде иштеп, бир катар реформаларды жасады. Бир топ жылдан кийин мен ар кандай тагдырлар тууралуу жаза баштадым. Мен тагдырына баш ийбей, кайраттуу өмүр сүргөн Алия апа тууралуу жаздым. Көрсө, ал баягы мен суктанган үч эже-сиңдинин апасы экен.

Гайша Ибрагимова апасы, ГУЛАГдагы жашоо тууралуу көп айтып берчү. Ал ошондой оор шартта төрөлгөн үйдүн улуу кызы. Гайша Жусупбековна «андай катаал шартта дээрлик балдар деле төрөлчү эмес» деп айтып калчу.

Мекенине күйгөн жана өзгөрүүнү каалаган адамдар Гайша Ибрагимованы жакшы көрөөр эле. Себеби бул үй-бүлө эч нерсеге карабай мекенине кайтып келип, өнүгүүгө салым кошкон. Чынын айтсам мен ушундай берилүү менен иштеген, акылман адамдарды көп деле кезиктирген жокмун. Алия апа ушундай күчтүү кыздарды тарбиялай алган экен.

Жакында эле «Эсимде» китебинин аземине үч эже-сиңди да катышып, баарыбызды суктандырган. Эми минтип бир эле маалда экөөнөн тең ажырадык. Тарыхта мындай адамдар унутулбашы керек».

Социалдык тармактарда Гайша Ибрагимованын замандаштары агартуучунун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, кыргыз эли мыкты кызынан ажыраганын белгилеп жатышат.

«Азаттыктын» эмгек жамааты Гайша Ибрагимованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG