Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Ислам институтунун ректору Лугмар ажы Гуахунов көз жумду


Лугмар ажы Гуахунов. Сүрөт муфтияттын сайтынан алынды.

Токмок шаарындагы «Лукман аль-Хаким» ислам институтунун ректору Лугмар Гуахунов 63 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Буга байланыштуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев көңүл айтты.

Анда «Лугмар ажы Гуахунов ислам динине өтө чоң салым кошкон илимдүү аалымдардан эле. Лугмар ажынын билимине Орто Азия эле эмес, Бухарадагы медресени бүткөн, дүйнөнүн чар тарабындагы бардык аалымдар баа берип келишкен. Лугмар ажы Гуахуновдун бул ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык» деп жазылган.

Муфтият «Азаттыкка» маалымдагандай, маркумдун жакындары анын өлүмүнө пневмония себеп болгонун айтышкан.

Лугмар ажы Гуахунов Бухара шаарындагы «Мир-Араб» медресесин, Ташкенттеги «Имам Аль-Бухарий» ислам институтун, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Лугмар ажы Гуахунов бир топ жыл муфтийдин орун басары болгон, Кыргызстанда дин илимине, улут аралык мамилеге салым кошкон. Коомдук иштерге жигердүү аралашкан дунган улутундагы саналуу адамдардын бири болгон.

10-июлга карата бир сутка ичинде Кыргызстанда пневмониядан 40 бейтап каза болду.

Март айынан бери өпкөсү кагынып каза болгондордун саны 350 адамга жетти.

10-июлга карата Кыргызстанда 511 адамдан коронавирус аныкталды. Ал эми 81 адам сакайып, ооруканадан чыкты, алты оорудан көз жумду.

Жалпы 18-марттан берки убакта өлкөдө оору 9358 адамга жукту, 3134 адам сакайды. Коронавирус жуккан 122 адам жарык дүйнө менен кош айтышты. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG