Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Белгилүү котормочу, публицист Аалы Молдокановдун сөөгү жерге берилди


Аалы Молдоканов.
Аалы Молдоканов.

Коомдук ишмер Аалы Молдоканов 69 жашында капилет келген оорунун айынан дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Өкмөт жетекчилигинин, илим жана маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтууда Молдоканов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, беттегенин бербеген көкжал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан болгону белгиленди.

Белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы, өкмөткө караштуу Терминологиялык комиссиянын мүчөсү, СССР Журналисттер союзунун анык мүчөсү катары Молдоканов мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө зор салым кошту.

Аалы Молдоканов 1951-жылдын 20-сентябрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөндөн кийин 1977-1979-жылдары «Кыргызстан» басмасында корректор, кенже редактор болуп иштеген. 1979-1989-жылдары КыргызТАГ мекемесинде редактор, котормочу болгон. 1989-1991-жылдары Бишкек шаараткомунда мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысынын кызматын аркалаган. 1991-2000-жылдары Жогорку Кеңеште котормо секторунун башчысы, 2000-жылдан бери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.

Маркумга арналган некрологдо ал адамгерчилик ариети бийик жана таза, жупуну, чыныгы интеллигент, кыргыз касиеттерин өнө боюнда алып жүргөн адам болгону айтылды:

«Коомдук-саясий котормо жаатында көп жыл эмгектенип, мамлекеттик расмий документтерди кыргызчалоо иштеринин дээрлик баарына аралашкан. Ал тарбиялаган котормочулар, чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик жана коомдук мекеме-уюмдарында, айрым шакирттери жетекчилик кызматтарда талыкпай эмгектенүүдө. Аалы Молдоканов чыгаан котормочу, публицист жана акын-пародист катары белгилүү болчу. Ал учурдун күрөө тамырын кармаган талдоочу катары өзүнүн ойлорун, кыргыздын улуттук баалуулуктарына, дүйнө таанымына тиешелүү маселелер боюнча өз көз карашын мезгилдүү басылмаларга тынбай чагылдырып, өзүнө гана таандык стили, тилдик өзгөчөлүгү бар чебер журналист катары коомчулуктун көңүлүн бурган».

Маркумдун сөөгү 9-июлда өзүнүн туулуп өскөн айылында жерге берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG