Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Кушбак Тезекбаев каза болду


Кушбак Тезекбаев.
Кушбак Тезекбаев.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, Апрель революциясынын баатыры Кушбак Тезекбаев 68 жашында Ош шаарында пневмониядан кайтыш болду.

Президенттин сайтында Кушбак Тезекбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер, премьер-министр баштаган тиешелүү жетекчилердин көңүл айтуусу жарыяланды. Анда Тезекбаев 2010-жылы апрель окуясында жеңишке жетүүгө түздөн-түз катышканы, ошол жылдын июнь окуяларында коомдук-саясий туруктуулукту сактоого, улут аралык достукту, ынтымакты чыңдоого салым кошкону белгиленген.

Кушбак Тезекбаев 1952-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган. Эмгек жолунда бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу «Кыргыз турак жай коммуналдык бирикме» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG