Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Чыныбай эмгегин элге милдет кылчу эмес


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Опоосуз дүйнөнү, тагдырдын таш боорлугун караңыздар, эки-үч айдан кийин 60 жашка толо турган досума, ага арнап мааракелик куттук жаза турган досума бүгүн минтип көз жаш төгүп эскерүү жазып олтурам...

Чыкемдин бизден да жакшы көргөн жан курбусу бар эле – Чындык деген! Башкадан алыстаса да, Чындыктан эзелим алыстабайт болчу! Башканы кой, бизнесте, башканы кой, саясатта Чындыкты жанынан чыгарбаганда - таазим кылып, тан бердик. Чыныбай дагы – Чыке болчу, Чындык дагы – Чыке болчу.

Чыныбай таланттуу акын катары таанылып турган кезинде биз үчүн Чыңгыз Айтматовго жолугуш, бет маңдай келиш мүмкүн эмес нерсе эле. Ошондуктан «Биздин өзүбүздүн Чыкебиз бар!» деп койчубуз, аны көрсөтүп. Оозубузга сала бергендей, өзүбүздүн Чыкебиздин жолу да абдан байсалдуу, абдан сыймыктуу, абдан ооматтуу болгондугуна жалпы кыргыз эли күбө.

Ал өзү акын эле. Атасынын аты Акун эле. Мартабасын көтөргөн ак ун болду.

Чыке экөөбүз катар окудук, катар ыр жаздык, катар «Кыргызстан» басмасына ишке кирдик, туңгуч китебибиз да 25 жашыбызда катар, бир кутучада жарык көрдү.

Кайран Чыкемдин өмүр-таржымалын шарттуу түрдө он жылдыктарга бөлүп карасак болот экен. 30 жашка чейин ал көрүнүктүү акын, аспирант, илимдин кандидаты, декандын орун басары даражаларына жетти.

Кожогелди Кулуев
Кожогелди Кулуев

40 жашка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, ТИКА кызматкери, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын деректири кызматтарын аркалап, дипломатияда өзүн көрсөттү. «Жаңы тууган» болгон Түркияны, түрктөрдүн тилин биринчилерден болуп өздөштүргөн кыргыз айдыңы!

50 жашка чейин «Акун» фирмасын негиздеп, атагын чыгарып, фирмалар тобуна айландырып, Кыргызстандагы бирден-бир ишкер болуп чыга келди. Андыктан Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы коомдук кызматтарына тартылды.

Ал эми 60 жашка чейин, өзүңүздөр жакшы билгендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуу менен, Кыргыз саясатында өзгөчө чоң орду бар инсанга айланды. Бийлик фракциясынын башчысы, көпчүлүк коалициянын башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы мартабаларына чейин жетти.

Ушунун баарысына жанагы Чындык деген жан курбусу жеткирди. Чындык бар жерде Эмгек, анан Жөнөкөйлүк сөзсүз бирге болот экен. Аны дагы Чыныбай Акуновичтен улам байкадык. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан кара тоголок бала Чындык, Эмгек, Жөнөкөйлүк аркылуу калың элдин сыймыгына айланды.

Жөнөкөйлүк демекчи, маселен, ал убагында түрк жазуучусу Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын, ошондой эле «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон экен. Канча чоң эмгек! Өзү бир жерде кеп кылып да койчу эмес, аларды.

1994-жылы Түркия мамлекети кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду Түркияга чакырып, бир ай бою өзгөчө эсте каларлык жолугушууларды өткөрүп, өзүнчө узун сүрөө адабий, маданий майрам курганы бар. Ошондо улуу жазуучуну жандоо, котормочулук жасоо вазийпасы так ушул Чыныбай Акуновичке жүктөлгөн экен. Натыйжада отуздан оогон жаш жигиттин жасаган жардамына, кылган кызматына Чыңгыз Төрөкулович жан-тени менен ыраазы болуп, Чыныбай Турсунбеков кыргыздын табылгыс кадрларынан экендигин, туруш-турпаты менен дипломаттыгын, анын мындай мүмкүнчүлүгүн Кыргызстан пайдаланбаса болбой турганын көпчүлүктүн алдында шардана-шардана айтыптыр. Башка киши болсо муну деле кыйла жарнама кылмак, өзүнө.

Жогорку Кеңеште бийлик фракциясынын жетекчиси, коалиция башчысы катары канча өкмөт түздү, канча кыйчалыш кырдаалдарды жолго салды, Жогорку Кеңештин төрагасы катары канча бараандуу эмгек өтөдү.

Бир да жолу «муну мен жасадым» деп төшүн каккан жок. «Менин эмгегимди билбей атасыңар» деп доомат артканы жок. Чындыктан, Жөнөкөйлүктөн жазбады. Ар дайыма асылгандар болду, байлыгына, бийлигине – кээ бирде кетилдеп күлүп коюп гана кутулду. Бул «айласыз экенсиңер» дегени болчу. Төрага катары нааразылыкты өз партиясынан көбүрөөк укту. Бул анын кашкайган калыстыгынын далили эле.

Чалкеш саясатты да Чыныбай Акунович жөнөкөй гана түшүндүрүп койчу. Чатышкан маселени да Чыныбай Акунович жөнөкөй гана чечип салчу. Кыйчалыш кырдаалда бир аз кызара, бир аз кызаңдай түшмөйү бар эле. Бир аз... Ашынып кетчү эмес. Ачуудан (ачуу ичимдиктен да, ачуу сөздөн да, ачуу кыял-жоруктан да) дайыма алыс болуп, өмүрүн пакиза тутунду. Өтөлгөлүү, өрнөктүү өмүр сүрдү. Бул айткандарым барган сайын бажырайып көрүнөрүнө, барган сайын дааналанарына бөркүмдөй ишенем.

Чыныбай Турсунбековдун бир классикалык ыры бар, «Тушоо той» деген. Ырда балалыгы чагылдырылат, Совет доорундагы. Балдар тушоо тойдо жабыла жүгүрүп, бирок биринчи келген бала эмес, парткомдун баласы тушоону кесет... Автор «партком» кезинде да мындай калыссыздыкка өмүрүн беттештиргени жок, өзүн кириптер кылганы жок. Балалык аруулугун түбөлүк сактады. Аттигиң, арман дүйнө-ай, 60 жашка дагы так ошондой аруу кадам шилтеди эле...

Кош түбөлүккө, асыл досум! Кош бол, менин Чыкем! Бейиш гүлбагынан орун насип этсин!

Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG