Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:54

Чыныбай дили таза, ою бийик инсан эле...


Чыныбай Акун уулу Турсунбековдун (1960––2020).

Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери, акын, илимпоз, котормочу жана ишкер, маркум Чыныбай Акун уулу Турсунбековдун (1960––2020) жаркын элесин эскерген тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин блогу.

Каргашалуу илдет кыргыздын дагы бир чыгаан уулун арабыздан жулуп кетти. Кабырга кайышып турганда, киши эмне деп айтып, эмне деп жазаарын билбей алдастап калган учур болот тура!

Ошого карабастан, белди бек бууп, кандай асыл киши арабыздан кеткенин калайыкка азыноолак болсо да баяндоого милдеткербиз.

Чыныбай Акун уулу Турсунбеков Ички Теңир-Тоодогу Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Жан-Булак айылында 1960-жылы тогуздун (октябрь) айынын 15инде жарык дүйнөгө келген. Өзү да “...көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум. Мен он бир тууганмын, үй-бүлөдө алтынчы баламын”, –– деп эскергени, “Беш сом” ырында жана башка чыгармаларында бала чактагы каатчылыкты жаап-жашырбастан чагылдырганы бар.

Кеч күздө төрөлгөн балдар орто мектепке кийинки жылы төрөлгөндөр менен бирге кабыл алынчу. Чыныбай да 1961-жылы төрөлгөндөр менен бирге биринчи класска 1968-жылы барып, орто мектепти 1978-жылы аяктаган.

Өзү алгачкы ырын мектеп партасында, 5-класста жүргөндө эле жазгандыгын айтып калчу. “Менин мугалимим – Каракол пединститутунун жаш бүтүрүүчүсү Шарапат Ибраеванын анда таасири күч болду. Ал чыгармачыл инсан болчу. Анын сабактарында эжебиздин жетекчилиги алдында мектеп программасындагы спектаклдерден оюн койчубуз. Кийинчерээк өзүм сценарий жазып баштадым”, –– деп өзү айткан.

Тоо койнунда, шар аккан Нарын дарыясынын түштүк тарабында кооз жерде жайгашкан Жан-Булак айылы совет доорунда тартуулаган күрдөөлдүү бала чак, ошентип, Чыныбай үчүн чыгармачыл демөөрдү да тартуулаган. Ал айылдык китепканадагы китептерди эч калтырбай окуп чыкканын айтканы бар.

Бала кезимде, Аркадий Гайдардын «Тимур жана анын командасы» китебин окуп чыккандан кийин, мен өз айылымда тимурчулар тобун түзгөм. Балдар болуп биз жаратылышты кайтарчубуз, айылдык балдарга бактарды сындыртчу эмеспиз. Улгайган адамдардын чарбасына жардам берип, ишембиликтерди уюштурчубуз”, –– деп Чыныбай эскерген.

Бишкектеги айтылуу “Марал” үналгысы 2019-жылы 7-майда бир айырмалуу берүүнү обого алып чыккан. Таланттуу кинорежиссёр, өзүнчө отурганда төкмөлүгү да бар, төкмө өнөрүн да колдоого алып келген ишмер, депутат Садык Шер-Нияз алып барган бул татынакай берүүдө Чыныбай Турсунбеков өзүнүн чыгармачыл өнөрканасына сүңгүп, XX кылымдын башындагы түркиялык даңазалуу акын Мехмет Акиф Эрсой (Mehmet Akif Ersoy; 1873––1936) жазган “Күфе” (“Küfe”; кыргызча “Торпо”, ары-бери жүк ташыганда колдонулчу жабдык) тууралуу ырдын өзү которгон кыргызча текстин шашпай окуп берет.

Бул тасмада (07:40 мүнөттөн тартып) Чыныбай көр оокаттын айынан азыр да базарларда жүк ташып оокат кылган жаш балдардын тагдырына шайкеш түркиялык Хасан аттуу баланын тагдыры чагылдырылган ушул ырды осмон түркчөсүнөн которуп жатып, балким, шаарда эле эмес, элетте да турмуштун мүңкүрөткөн учуруна моюн бербей, ак эмгеги менен жашаган жаш замандаштарын ойлогондур. Бул ырдагы өзгөчө басым коюлган ой –– колу соо, буту аман туруп тилемчилик кылганга караганда, кичинекей болсо да, өз эмгеги менен баар табуу алтынга тете экендиги чагылдырылган саптар азыр да осуят:

Hay hay! Neden bu söz lâkin?

Kuzum, ayıp mı çalışmak; günah mı taşımak?

Ayıp: Dilencilik, işlerken el, yürürken ayak.

Чыныбайдын котормосу:

Ай-ай-ай! Мунуң балам не дешиң?

Жумуш кылган айыппы? Жүк ташыган күнөөбү?

Айып –– кайыр сураган, бекер жүргөн –– күнөө бу!

Алып баруучу Садык акырына чейин чыдап, котормону толук обого чыккандай окутканы дурус болду деп ичимден ойлодум. Түркиянын гимнинин текстин жазган айтылуу Мехмет Акиф Эрсойдун бейнеси бейкүнөө балдарды бай жана жарды кылып бөлгөн шум тагдыр тууралуу унутта калгыс чыгармасы аркылуу ого бетер башка деңгээлде кабыл алынат экен. Анын чыгармачылыгынын ушул өңүтүн Чыныбай кыргыз окурмандарына өз котормосу аркылуу тааныштырды.

Негизи, ушул тапта каяккадыр шашабыз, ашыгабыз, умтулабыз... Заманабыз да учкул болгондо, бардыгыбыздын көөнүбүз элеп-желеп болуп, ар бир маектешибиздин ички сырын, кубанычын, ой толгоосун, тилегин, күйгөнүн, сарсанаага баткан жагдайларын угууга да убактыбыз жок... Көрсө, бир саамга токтоп, телескопту коё туруп, Садык Шер-Нияз инибиздей кээде микроскопту ички дүйнөбүзгө да багыттап, аны чагылдыруудан аянбашыбыз керек экен.

Чыныбай менен жакшы дос болдук. Анын Кыргызстанда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуп, чыгармачыл ийримдерге катышып жүргөнүнөн бери жакшы билем. Ал дагы мени чыгармачыл далаалатым үчүн сыйлачу. Дайыма сылыктыгынан жазбай “Тыке” дечү.

Чыныбай Турсунбеков “Замандаш” журналы тарабынан “Жылдын мыкты өндүрүшчүсү” наамына татыган. “Замандаш” журналы, № 12, 2004.
Чыныбай Турсунбеков “Замандаш” журналы тарабынан “Жылдын мыкты өндүрүшчүсү” наамына татыган. “Замандаш” журналы, № 12, 2004.

Экөөбүз бир жылы, 1988-жылы, кандидаттык диссертацияларыбызды коргодук. Мен “Жалпы дүйнө тарыхы” боюнча, этнология, булак таануу жана тарыхнаама айкалышкан темада Ташкенде жактасам, Чыныбай Бишкекте “адабият таануу” тармагында “1960––70-жылдардагы кыргыз совет прозасында шаар менен кыштактын өз ара карым-катнашы: Кейипкер менен жаңжалдын көйгөйү” деген жаңычыл темада ишин ийгиликтүү коргоп, филология илимдеринин кандидаты болду. Жогорку билим берген алтын бешигибиз –– КУУда чогуу иштеп да калдык.

Анан Чыныбай Түркияга кызматтык сапарга кетти. Ал 1993––1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү болуп иштеди (ага чейинки алгачкы өкүл –– тилчи илимпоз, кийин ишкердикке кеткен Разак Сайдилкан жездебиз эле).

Чыныбай 1995––1997-жылдары Анкарада “Түрк кызматташтыгы жана өнүгүү агенттигинин" (ТИКА) кызматкери болду; ара-чолодо «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын директору болуп да иштеген.

Дал ошол маалда, 1993––1996-жылдары, ал «Азаттык» үналгысынын Түркия боюнча сырт кабарчысы да болгон. Аны бул кабарчылык кызматка айтылуу Аким Өзгөн (Abdülhakim Özgön; 13.12.1953 –– 27.3.2017) агабыз чакырган эле. Менимче, “Азаттыкта” бир эле учурда Түркиядан да кыргыз тилинде кабар топтоонун эң биринчи демилгечиси –– Аким Өзгөн болду жана бул жаатта адабиятчы, акын Чыныбай алгачкы карлыгач болуп калды.

Түркияда илимий сапарда болгон сайын мен Чыныбай менен Нуржанга үзбөй жолугуп, алардын үйүнөн даам сызып, кенен-кесири баарлашып кайтаар элем.

1998-жылдан тартып мен өзүм да чет өлкөлөрдө көбүрөөк жашап, Кыргызстанга кыска убакытка келген сайын, учкай болсо да ал-акыбалды сурашканыбыз менен, көп досторума мурдагыдай кенен жолуга албай, бирок саламыбыз дайыма түз болуп, ошол досторума ич дүйнөмдө жалаң жакшы тилегимди арнап келдим. Алардын бири –– Чыныбайдын үй-бүлөсү эле.

Алмамбет Шыкмаматов, Чыныбай Турсунбеков жана Тынчтыкбек Чоротегин (солдон оңго) Нарындагы Кайыңды капчыгайында. 19.7.2008.
Алмамбет Шыкмаматов, Чыныбай Турсунбеков жана Тынчтыкбек Чоротегин (солдон оңго) Нарындагы Кайыңды капчыгайында. 19.7.2008.

2009-жылы 19-июлда досубуз, укук коргоочу Турсунбек Акун өзүнүн атасынын мааракесин белгилеп, Нарын дарыясынын жогорку агымындагы айтылуу Кайыңды капчыгайында өлкөдөгү көптөгөн оппозициячыл маанайдагы кишилерди чакырган экен. Кайран Тукебиз Ак Үйдө да адам укуктары жаатында иштеп, бирок оппозиция менен эч кол үзүшпөй, калыбынан жазбай келгендигин ошол тойдо да көрсөткөн.

Жайкы эс алууда жүргөн чагым эле. "Чакырган жерден калбагын" деп, ал жакка барсам, ыраматылык жазуучу, бир кезде КДКнын теңтөрагасы жана депутат болгон Казат Акматов, оппозициядагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, жаш саясатчы Алмамбет Шыкмаматов, журналист Сыргак Абдылдаев (бакиевчилердин кол салуусунан кийин ал Швецияга баш паана таап кетти), жана башка ар кыл коомдук ишмерлер, журналисттер, Тукебиздин өз айылдаштары чогулган экен. Ошондо Чыныбай менен Нуржанга да жолугуп, жакшылап баарлашып калдык. “Кара тизмедеги” далай кишилер тойго келгенин угуп, облус губернатору келбей койгону да эсте. Мурдагы дубан акими Кемел Ашыралиев агабыз аламан байге маалында калыс болду.

Президент К.Бакиевдин бийлигинин тушунда анын менчигинин айрым бөлүктөрүн уулу Максимдин тобу кантип тартып алуу үчүн кысым жасагандыктары тууралуу Чыныбай өзү мага айтып берген эле. Дал ошондой опурталдуу учурда ал Кыргызстан ишкерлер биримдигинин президенти, Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарын да аркалады.

Кыргызстандагы ишкерлер уюмдашуу аркылуу өз таламдарын сактоого умтулган маселе тереңде жаткандыгын жогоруда айтылган жана башка кысымдар өздөрү эле айгинелеп турат. Балким, дал ошол ишкердик уюмдашуу Чыныбайды саясатка андан ары киришүүгө түрткөндүр?

2010-жылдын чын куран (апрель) айынын 7синдеги экинчи элдик ыңкылапты Чыныбай жан дили менен кубанып тосуп алгандыгы эсимде. Бул ыңкылапты ал эмнеге кубаттагандыгы да айдан ачык аңдалат. Ыраматылык ишкер, бир кездеги КДКчы Таабалды Эгембердиев да ыңкылап маалында калайыкка “Шоро” суусундуктарын бекер таркаткандыгын билебиз. Ал дагы эркин базар мамилелерине жана демократияга карай багыт алчу өзгөрүүлөрдү эңсеген.

Чыныбай Турсунбеков (оңдо, уюкфончон) жана Тынчтыкбек Чоротегин “Ата-Бейиттеги” ыңкылапта курман болгондорду түбөлүк жайга коюу жөрөлгөсүндө. 10.4.2020.
Чыныбай Турсунбеков (оңдо, уюкфончон) жана Тынчтыкбек Чоротегин “Ата-Бейиттеги” ыңкылапта курман болгондорду түбөлүк жайга коюу жөрөлгөсүндө. 10.4.2020.

Биз, Чыныбай, Арслан Капай уулу ж.б. болуп ошол айдын 10унда “Ата-Бейит” эскерүү жайында ыңкылап маалында курман болгон баатырларды жайына берүү жөрөлгөсүнө чогуу катыштык.

Кийин, Прагага кайтып кетээримде, ошол айдын 24үндө, Чыныбай менен кайра кезиктик. Ал Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрүнө ишкерлер көмөк кылып, реформалык жактан сунуштарын айтып жатышканын айтты.

Ошол таптан тартып Чыныбай саясатка биротоло киришип кетти го, чагымда.

Кийнчерээк, 2017-жылы үчтүн айынын (январдын) 25инде Чыныбай Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде мен КТРКнын Байкоочу кеңешинин тобу менен чогуу анын Ак Үйдөгү кабинетинде жолугуштук.

Тажрыйбалуу журналисттер Тамара Жаманбаева, Абды Сатаров, Бүбүкан Досалиева (1958--2020), Абдыганы Халилов, Сабыр Муканбетов, тилчи жана педагог Назаркул Ишекеев, драматург жана акын Жеңишгүл Өзүбекова ж.б. КТРКнын бүгүнкү көйгөйлөрүн чечүү жолдору тууралуу өз ойлорун айтышты.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. 24.1.2017.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. 24.1.2017.

Жалпысынан, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн айтымында, 2010-жылкы экинчи элдик ыңкылаптан соң коомдук сыналгы жана үналгы компаниясын калыптандыруу жаатында көп алгылыктуу иштер аткарылды. Алардын бир катары КТРКнын мурдагы башкы деректирлери Кубат Оторбаев менен Султан Жумагуловдун учурунда жүзөгө ашырылганын да Байкоочу кеңеш мүчөлөрү калыстык катары белгилей кетишти. Бирок коомчулук күткөн заманбап сере дагы эле кол жеткис болуп жатканын, Илим Карыпкулов жетектеген КТРК дагы эле бир беткей иштеп жатканын, мындай акыбалдан чыгуунун жолдорунун бири –– КТРКны өкмөттөн көз каранды эмес булакка байлоо, абонемент төлөмү сыяктуу аргалар экендигин, бийлик бутактары КТРКга басым жасабашы зарылдыгын айткан элек.

Калайыкты абоненттик бөлөм идеясына даярдоодо атуулдук коомдун да ролу чоң экенин Ч.Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы катары белгилеген.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, эркин журналист Сабыр Мукамбетов парламенттин көз кырында жалаң гана КТРК болбостон, өлкөдөгү «коомдук маалымат каражаты» катары кызмат кылууга тийиш болгон бардык компаниялар (анын ичинде ЭлТР да) турушу абзел жана алардын ишмердигине коомдук кызыкчылыкта жүзөгө ашырууну тескөө жана түздөө үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан бирдиктүү коомдук көзөмөл уюму –– бирдиктүү Байкоочу кеңеш шайланышы абзел, –– деп айтты. Бул сунуш, менимче, азыр да өзгөчө алгылыктуу.

Жогорку Кеңеш, интернеттеги эркиндикти чектөөнүн аргаларын Путиндин авторитардык бийлигине үндөшүп издештин ордуна, дал ушундай заманбап чараларды издеши керек деп ойлойм.

Чыныбай 2017-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 25инде Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан ыктыяры менен кетип, ордуна атаандаш шайлоо аркылуу Дастан Артисбек уулу Жумабеков келди. Ал 80 добуш алып, ага салыштырмалуу алда канча саясий тажрыйбасы бар Исхак Масалиевди 32 депутат гана колдоду.

Чыныбайдын кызматтан күтүүсүздөн кетиши да, Исхактын спикерликке өтпөй калышы да Ак Үй, аткаруу бийлиги тымызын аралашкан чоң саясий оюндун бир бөлүгү эле.

Оболу Чыныбайга деле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев болочокку президенттикке талапкер катары өзүңдү сынай аласың деп айткан, мындай кепти Өмүрбек Бабановго деле айта жүргөн дешет; бирок өзүнө Чыныбай менен Өмүрбектен да алда канча ишенимдүү жана ийкемдүү сезилген Сооронбай Жээнбековго ишеним арта баштап, Фарид Ниязовдун сөзү аркылуу Чыныбайга президенттикке талапкер болуу оюңдан кайт деп “партиялык тапшырма” бергени элдин көз алдында эле болуп жатты.

Ал эми саясатта "өң тааныштык" болбоого тийиш. Шайландыңбы, биринчи кезеекте элге кызмат кыласың. Дал ушул сабакты А.Атамбаев өзүнүн досу Сооронбай Жээнбековдон алды. Менимче, Чыныбай Турсунбеков деле, Өмүрбек Бабанов деле “медведевчи” болуп бермек эмес, акыры тымызын гана “аталык” болгусу келгенге каршы көтөрүлүшмөк, а балким, мындан да эртерээк чыгышмак. Коңшу Казакстанда деле Касым-Жоомарт Токаев өз алдынча саясаты аркылуу жетилген мамлекеттик башчы катары өзүн татыктуу тастыктай баштады.

Чыныбай досумду эскерип жатып, ушул өңүттөрдү да айтып жатканым –– анын саясий туруму, бейнеси, иш-аракети, күрөшү, аны колдоо жана ага каршы кодулоо аракеттери бүт эми калыс чагылдырыла турган тарых барактарына кирүүсү абзел, ошондой ишке айрым ойлорубуз огожо болуп калаар.

Чыныбай Турсунбеков (солдо) жана Тынчтыкбек Чоротегин Бишкек шаарында. 24.4.2020.
Чыныбай Турсунбеков (солдо) жана Тынчтыкбек Чоротегин Бишкек шаарында. 24.4.2020.

2018-жыл Чыныбайдын тагдырындагы аны дайыма санааркаткан кайгылуу окуя менен коштолгон. Ошол жылы теке (июль) айынын 21инде ал конок болуп кет деп "Акун" эс алуу жайына чакырган жаш “азаттыкчы” Улан Эгизбаев менен баарлашкан экен. Эртеси күнү, жуп кетээринде, Улан көлгө чөгүп кетип, күтүүсүздөн кайтыш болуп жатпайбы! Калайык арман кылып жатса, ээн ооз айрым кишилер Чыныбайды да жазыксыз жерден күнөөлөгөнгө тап беришти.

Ушул окуя анын жүрөгүн далай эзди. Менин билишимче, Чыныбай айкөлдүк кылып жүздөгөн айдыңдарды, мугалим, окутуучуларды, өз устаттарын да, шакирттерин да, үзөңгүлөштөрүн да “Акун” эс алуу жайына конокко чакырып, бекер эс алдырып келчү. Бул анын эч шардана кылбай эле жыл сайын кадыресе жасап жүргөн меймандостугу болчу.

“Азаттыкты” өз жанындай көргөн Чыныбай Уланды кантип эле жамандык ойлоп конокко чакырмак эле? Ыраматылык Уландын ата-энесине, өмүрлүк жарына ыракмат, алар мындай бузуку ойлорго чакыргандарды укпастан, жазмыштуу окуянын эч саясатка байланышпаган себебин –– маркумдун сууда сүзө албагандыгы менен байланыштуу турмуштук себепти туура эле аңдашты.

Соңку жылдары Чыныбай менен өмүрлүк жары Нуржан биз чакырган олуттуу окуяларга дайым катышып келишти. Ал экөө тең жайдары күлүп, жаракөрлүк менен жакшылыктарыбызда да, оор окуяларыбызда да колдоп келишти.

Чыныбайдын бир жакшы сапаты –– ичкиликти эч ичпей туруп, кечеде баарлашкандар менен бажырап сүйлөшүп, чын ыкласы менен борсулдап күлүп, өзүнүн карапайымдыгынан эч жанган жок. Анын көп окугандыгы, жеке адептүүлүгү жана эстүүлүгү баарлашкандарга дароо сезилээр эле.

Анын ачуусу чукул болгон же өтө капалуу турган учурун эч кездештирген жокмун. Табиятынан нагыз дипломат жана данакер эле.

Чыныбай өзү жогорудагы Садык-Шернияз менен маегинде (тасманын 37-мүнөтүнөн тартып) Алым Токтомушев, Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаев сыяктуу акындардын чыгармаларын жарыялоого демөөрчүлүк кылганын эскерген экен. Чыныбай: “Олжобай Шакир келип алып, өз көйгөйүн айтпастан, “баланча калемгерге жардам бериңиз” деп кетчү”, –– деп күлүп айткан жери да бар экен.

Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы катары мамлекеттик бүжөттөн маданият тармагына көбүрөөк каражат котортконго катуу аракет кылсам болмок экен, деп өз катасын да ушул тасмада мойнуна алат.

Ыраматылык Чыныбай ачыктыкты, айкындуулукту ар дайым колдоп келген инсан эле.

Чыкебиздин саламаттыгы кескин начарлаганынан, деги эле, анын ооруга чалыккканынан эч кабарым жок эле. Капысынан, Ибрайим Нуракун уулу инимдин теке айынын 5индеги “Фейсбуктагы” жарыясына көзүм чалдыкты:

Ибрайим: “...Үй-бүлөсү менен сүйлөшүп атат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү. Алдын ала диагнозу –– пневмония. Ковидге карата ПЦР тести таза чыккан”, –– деп жазган экен.

Чыныбайга ВотсАпп аркылуу СМС кат жаздым, бирок байланыша албадым...

Жасалма дем алдыргыч аспап да алсыздык кылып, теке айынын 6сында (7сине караган түнү) Чыкебиз дүйнө салган экен!..

Анын капысынан өпкө кагыны илдетинен (тергебестен айтканда, COVID-19 илдетинен) кайтыш болгонун угуп, канчалаган замандаштарыбыз терең кайгыга батып жатышат!

Алардын бири, фолклор таануучу, адабиятчы жана этнограф агабыз, профессор Сулайман Кайыпов “Азаттыктын” маалыматынын этегине төмөнкүдөй саптарын калтырыптыр:

“Атаганат бок дүйнө ай...

Өмүр дегениңдин куну ушубу...

Кайсы бирин айтасың...

Мыкты акын, жакшы адам элең, Чыныбай!

Мындан жарым жылдай мурда жайдаңдап чуркап келип, ал-акыбал сурашканың, көздөрүңдүн жадырап жайнап турганы сенин менде калган эң акыркы жандуу элесиң болуп каларын анда билген эмесмин. Кымындай бой көтөрбөй, залга тыкыс коюлган столдорду күлүп-жайнап аралап келип: "Сизди көрүп, учурашып коёюн дедим" деп кучактадың эле. "Бишкекте элесизби?" деп, кулүп-жайнадың эле...

Кош бол, Чыныбай... Жаткан жериң жайлуу болсун!

Жаткан жериң нурга бөлөнсүн. Үй-бүлөңө, жакындарыңа, досторуңа, талантыңа таазим кылгандарга Жараткан сабыр берсин! Арга жок...”

Венера аттуу окурманыбыз:

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Түз жүрдүңүз, түз сүйлөдүңүз, жаныңыздагылар сатып кеткенде да кечирдиңиз. Сиздей нагыз кыргыздар улам азайып баратканы кейитет”, –– деп жазса, Нурзада Н деген окурманыбыз:

Чыныбай Акунович спикер болуп турганда редакциябызда уюштурулган түз байланышка катышып, элдин суроосуна чын дилден жооп берген эле. Эң жакшы тилек-ойлорун айткан. Анан редакциябызга кайрылган 12-13 жаштар чамасындагы баланын Түркиядан операция болушуна жардам сураган ата-эненин катына кайдыгер карабай, өз жардамын көрсөткөн эле. Коомго, мамлекетке көп пайдалуу эмгек жасап кетти. Абдан кичи пейил, жан дөйнөсү таза, жаркыраган бул инсан дагы узак жашаса эмне! Өтө өкүнүчтүү!”, –– деп аза күткөн пикирин билдирген экен.

Атаганат, Чыке, өз дарегиңе карата коомчулук өкүлдөрү ак дилинен байма-бай айтып жаткан жакшы сөздөрдү күзүндө, 60 жылдык сереге өтүп жатканыңда өзүң төрдө отуруп уксаң, анан кылым ашкан жаштын бакыбаттык карылыгын байбичең менен бирге баштан кечирсең эмне!..

Өтө эстүү, адамкерчиликтүү, мээнеткеч, карапайым инсан катары элесиң, мекенчил рухуң эч качан эстен кетпейт.

Ар дайым өзүңдүн өмүрлүк жолдошуң катары тар жол, тайгак кечүүдө колдоп келген асыл жарың Нуржанга, кыздарың Айдай менен Бегимайга, уулуң Эржанга жана жалпы жакындарыңа терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Урпактарың чыйырыңды татыктуу уланткан, эл керегине жараган, атасынын ысымын өз эмгектери аркылуу андан ары даңазалаган инсандардан болсун!

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко, рухуңдун орду –– бейиш болсун!

Кайыр кош, Чыныбай! Сенин жаркын элесиң ар дайым жүрөгүбүздө турат. Эми сен да экинчи, түбөлүктүү өмүрүңдү баштадың...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG