Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:47

Кыргызстанда КТРК жана ЭлТР деген эки мамлекеттик компаниянын коомдук маалымат каражаты катары иш алып баруу парызы бар. Бирок бул милдетти аткаруу үчүн аларга шарт түзүлгөнбү?

Үчтүн айынын (январдын) 24үндө Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясынын (КТРКнын) Байкоочу кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүн кабыл алды.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. 24.1.2017.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. 24.1.2017.

Бир жарым сааттык эркин баарлашуу маалында Байкоочу кеңештин мүчөлөрү азыркы тапта КТРКнын коомдук сыналгы катары калыптануу жолундагы көйгөйлөрдөн тышкары, жалпы эле өлкөдөгү мамлекеттик бүжөттүн «акырынан жем жеген» жумурияттык жана облустук сыналгы компанияларынын болочокку тагдыры тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрайымы, профессор Жылдыз Бакашова 2016-жылы кеминде 15тей отурум өткөрүп, улуттук Биринчи каналдын берүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу, анын бейтараптыгын чыңдоо жаатында КТРКнын жетекчилигине бир катар сын пикирлер жана сунуштар берилгендигин айтты. Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети да бул маселеге былтыр бир нече жолу кайрылып, алгылыктуу иш-аракет кылгандыгы белгиленди.

Тажрыйбалуу журналисттер Тамара Жаманбаева, Абды Сатаров, Бүбүкан Досалиева, Абдыганы Халилов, тилчи жана педагог Назаркул Ишекеев, драматург жана акын Жеңишгүл Өзүбекова ж.б. КТРКнын бүгүнкү көйгөйлөрүн чечүү жолдору тууралуу өз ойлорун айтышты.

Жалпысынан, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн айтымында, 2010-жылкы экинчи элдик ыңкылаптан соң коомдук сыналгы жана үналгы компаниясын калыптандыруу жаатында көп алгылыктуу иштер аткарылды. Алардын бир катары КТРКнын мурдагы башкы деректирлери Кубат Оторбаев менен Султан Жумагуловдун учурунда жүзөгө ашырылганын да Байкоочу кеңеш мүчөлөрү калыстык катары белгилей кетишти. Бирок коомчулук күткөн заманбап сере дагы эле узакта кала берүүдө.

Кыргызстан санариптик системага өткөндөн кийин өлкөдөгү «коомдук» делген мамлекеттик сыналгы каналдары атаандаштыктын нагыз тилкесине киргендей болду. Дал ушул шартта облустарга жиктелип калган каналдар менен борбордук каналдардын өз ара интеграциясы өзгөчө зарыл, деп отурумга катышкандар баса белгилешти.

Абоненттик төлөм.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн пикиринде, эгерде КТРКнын берүүлөрү үчүн өлкөдө абоненттик төлөм киргизилсе, анда КТРК каржылык жактан аткаруу бийлигине көз каранды болбой калаар эле. Ошондой эле, совет доорунан мурасталган эски калем акы жана маяна төлөө системасы да азыркы КТРКнын жетекчилигинин реформалары үчүн олуттуу кедерги болуп жаткандыгы тууралуу сөз болду. Буларды жаңы мыйзам аркылуу гана оңдоого болоор эле.

Биз да өз башыбыздан өткөргөнүбүздү кошумчаладык. Улуу Британияда жана Чехияда бул өлкөлөрдүн атуулдары эле эмес, сырттан келип, убактылуу иштеп жаткан мигранттар да коомдук сыналгы каналдарын бекер колдонгондору үчүн ай сайын абоненттик акы төлөшөт. (Журналист Ибраим Нуракун уулу бул төлөм лондондуктар үчүн айына 140 фунттай болоорун бизге айтты).

Абоненттик төлөмдү ай сайын кечикпестен төлөө – мыйзамдык талап. Демек, аны электр төлөмү сыяктуу эле кыйшаюусуз аткаруу керек.

Батышта гана эмес, бир катар пост-коммунисттик өлкөлөрдө да (анын ичинде Моңголияда) сыналгы көрүү үчүн абоненттик төлөм киргизилген. Албетте, ар өлкө өз каржылык акыбалына жараша, демек, «жылкыга ченеп ышкырат» деңизчи.

Бул идеяны Кыргызстандагы салык төлөөчүлөр кандайча кабыл алышаар экен? Калайыкты ушул идеяга даярдоодо атуулдук коомдун да ролу чоң экенин Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков кошумчалады.

Бүгүнкү салык төлөөчүлөрдү да түшүнүүгө болот. Алар жатып ичерликтин жана куйтулуктун дагы бир «кошумча торуна» илингиси келбейт.

Бирок коомдук сыналгы компанияларын кара кылды как жарган калыс жана бейтарап маалымат булагы иретинде түптөө үчүн аларды сынга алып тим болбостон, бул компанияларга чыныгы каржылык эркиндик да берүү зарыл. Эгерде ЭлТР, КТРК жана облустук сыналгы компаниялары азыркыдай эле борбордук же жергиликтүү бүжөттөргө «байланып» кала беришсе, анда алар өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтердин тымызын кысымынан дээрлик кутула албайт.

Бирдиктүү Байкоочу кеңеш.

Омоктуу сунуштардын бирин КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, эркин журналист Сабыр Мукамбетов айтты. Ал парламенттин көз кырында жалаң гана КРК болбостон, өлкөдөгү «коомдук маалымат каражаты» катары кызмат кылууга тийиш болгон бардык компаниялар турушу абзел жана алардын ишмердигине коомдук кызыкчылыкта жүзөгө ашырууну тескөө жана түздөө үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан бирдиктүү коомдук көзөмөл уюму – бирдиктүү Байкоочу кеңеш шайланышы абзел, деп айтты.

Болочокку Бирдиктүү Коомдук кеңеш (эгерде ал түзүлчү болсо) жумурияттагы коомдук сыналгы каналдардын аткаруу бийлигинен жана башка бийлик бутактарынан өз алдынчалыгын сактоо маселесин өзүнүн негизги милдети катары карашы керек.

Бул маселеге жолугушуунун соңунда кайра кайрылып, Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков мындай орган ар кандай аталышы мүмкүн экендигин, бирок анын мазмуну жана жүзөгө ашырылуу жолу жөнүндө ойлонуу керектигин кошумчалады.

Кыргызстан парламенттик демократияга карай багыт алып жаткан чакта, Жогорку Кеңеш өзү өлкөдөгү коомдук сыналгы компанияларын түптөө үчүн зарыл мыйзамдык жана каржылык механизмдерди жана шарттарды калыптандырууда жигердүү салым кошуусу керек.

Бул, албетте, саясий эрктин маселеси.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG