Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Коомдук телеканалдын байкоочу кеңеши ишин баштады


Улуттук телеканалды коомдук телекөрсөтүүгө айлантууну талап кылган нааразылык акциядан, 2006-жылдын февралы.
Улуттук телеканалды коомдук телекөрсөтүүгө айлантууну талап кылган нааразылык акциядан, 2006-жылдын февралы.

Коомдук телеканалга айланып жаткан Улуттук каналдын Байкоочу кеңеши 26-августта алгачкы отурумуна чогулду. Анда жашыруун добуш менен Элвира Сариева кеңештин төрайымдыгына шайланды. Бул кеңеш телеканалдын жетекчилигин шайлоо, редакциялык саясатын аныктоо, каржылык агымдарын көзөмөлдөө укугуна ээ.

Жаңыдан кабыл алынган жобого ылайык, Байкоочулар Кеңеши коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматына сынак жарыялайт. Бир айлык мөөнөт ичинде кабыл алынган сунуштамалардын ичинен Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүнүн көп добушун алган талапкер беш жылга жетекчилик кызматка шайланат. Анын сунушу менен көрсөтүлгөн орун басарлары да колго салуу аркылуу бекитилет же четке кагылат.

Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Шамарал Майчиев жободо көрсөтүлгөн негизги көзөмөлдөөчү бийлик-укуктары боюнча буларга токтолду:

- Эң негизги маселелердин бири - Байкоочу кеңеш коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорун шайлайт. Анан каналдын стратегиялык багыттарын аныктайт. Редакциялык саясат боюнча документти карап чыгып, бекитет. Бюджетти болсо өкмөт карап, парламент бекитет. Коомдук телеканалдын байкоочулар кеңеши жылына канча каражат кандай максаттарга жумшала тургандыгын аныктап, өкмөт менен парламентке сунуштайт.

Ошентип азыркы Байкоочулар кеңеши мурдагы бийликтин тушунда куралып, бирок ишин баштабай жатып тарап кеткен УТРКнын Байкоочу кеңешинен айырмаланып, шыр эле жетекчисин шайлап алууга жетишти. Ага мурда "Интернюс-Кыргызстан” уюмун жетектеп келген журналист жана коомдук ишмер Элвира Сариева менен журналист, "Кыргыз туусу" гезитинин мурдагы башкы редактору Жедигер Саалаевдин талапкерлиги коюлуп, 15 мүчөнүн 12си Элвира Сариеваны тандады.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов бул жолку кеңештин бийлик-укуктары мурдагысынан бир топ айырмалана тургандыгын айтат:

- Байкоочулар кеңешине бир топ эркиндик берилген. Анын ичинде редакциялык саясатты иштеп чыгуу, каржылык жагын көзөмөлдөө функциялары бар. Эң эле негизгиси - башкы директорду тандап алууга, же бошотууга болгон укугу. Мындай тажрыйба Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азия мамлекеттеринин биринде дагы болгон эмес. Мурун мунун баары президенттик администрация аркылуу чечилип келген. Ошондуктан коомдук телеканал түзүү демилгеси ишке ашпай, Байкоочулар кеңешинин иштөө механизмдери жүзөгө ашпай жаткан болчу. Эми кандай болот айтыш кыйын, бирок эмнеси болсо дагы бул биздин өлкө үчүн жаңы нерсе.

Байкоочулар Кеңешинин эң башкы милдеттеринин бири - ал коомдук телеканалдын редакциялык саясатын иштеп чыгат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт. Жободо маалымат берүүдөгү бейтараптуулук, тактык, калыстык жана акыйкаттык принциптерин кармануу маселеси камтылган.

Байкоочулар Кеңешинин дагы бир мүчөсү Данияр Садиев буга чейин Улуттук биринчи каналдын дарегине айтылып келген сын-пикирлерди жолго коюунун үстүндө иштеше тургандыгын белгиледи:

- Коомдук телеканалдын редакциялык саясаты атайын иштелип чыгып, бекитилет. Андан соң ошонун негизинде маалыматты берүүдө бир жактуулукка жол бербөө, бейтараптуулукту кармануу жана түрдүү көз караштарды чагылдырууга шарт түзүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп олтурат. Редакциялык саясатты жетекчиликке алууда кайсы бир саясий күчтөргө, же тараптарга артыкчылык бербөө маселеси негизги орунда болот.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочулар кеңеши коомдук башталышта иш алып барып, зарылдыгына жараша чогулган жыйналыштарда маселени добуш берүү аркылуу чечишет. Коомдук телеканалга мамлекеттик казынадан бөлүнгөн, же болбосо ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен табылган каражаттарды көзөмөлдөө жагы да ушул кеңешке жүктөлгөн.

Коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн бекиткен жарлыкка Роза Отунбаева 25-августта кол койгон. Ага ылайык биринчи шайланган кеңеш үч, кийинкиси беш жылга дайындалат.

Кыргызстандын Коомдук ТВ жана Радио компаниясы (КТРК) - мурда УТРК, андан да мурда КТР деген шарттуу кыскача аталыш менен маалым болгон жана бүткүл өлкөнүн басымдуу бөлүгүнө өз берүүсүн жеткире алган ири компания. Азыркы бийлик өкүлдөрү мурда оппозицияда кезинде аны коомдук сыналгы жана үналгы компанияга айлантуу талабын билдирип келген. Мындай талап 2005-жылдагы март ыңкылабы маалында да көтөрүлүп, бирок ишке ашпай калган эле.
XS
SM
MD
LG