Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:13

Турсунбековдун спикер болушунун таржымалы


Чыныбай Турсунбеков.

Ушул күндөрү «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда акыркы жылдары болгон саясий жүрүштөр тууралуу маек курду.

Анда өзү катышкан окуялар жөнүндө тизмектеп, айрым кызыктуу жагдайларды ачыкка чыгарган. Текебаевдин маегинде айтылган 2016-жылдагы премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жагдай тууралуу парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековду кепке тарттык.

«Азаттык»: - Чыныбай мырза, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Elgezit.kg порталына интервью берип, 2016-жылдагы саясий абалга, кадрдык жүрүштөргө байланыштуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Ал маекте сиздин да атыңыз аталып, 2016-жылдагы Жогорку Кеңештин төрагалыгына кандай жагдайда келгениңиз жөнүндө айтылган экен. Ошол учурдагы абал боюнча, кандай жагдайдан улам төрагалыкка барганыңызды айтып берсеңиз?

Турсунбеков: - Өмүрбек Текебаевдин менин төрагалыгыма байланыштуу айткан маалыматынан баштай турган болсок, чынында эле Даниянын борбору Копенгагенге «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, Текебаев жана мен болуп барганбыз. Бирок ал ошол жерде эле мени «төрага болосуң» деп айтканы чынында эсимде жок. Балким сөзгө анча маани бербесем керек.

Бирок 2016-жылдын башынан тартып эле «премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы алмашат» деген сөздөрдү Текебаевден угуп келгем. Ошол учурда «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Текебаев экөөбүздү ресторанга чакырып, мени парламент төрагасы болууга чакырган. Анда «эгер сиздин төрагалык кылууга ниетиңиз болсо, биздин фракциялар колдойт» деп айтышкан.

Бирок ал кезде мен жооп берген эмесмин. Себеби, башка партиянын мүчөсү катары алгач бул маселени өзүбүздүн партияда чечиш керек деген ойдо болгом.

Андан бир аз өтпөй эле Өмүрбек Текебаев менин иш бөлмөмө келип: «Чыныбай, жакында премьер-министр Темир Сариев кызматтан кетет, анын ордуна Сооронбай Жээнбеков болот» деп айтып калды. Чынын айтсам, парламентте ушул сыяктуу сөздөр жүрүп жатканын эске алуу менен «анда Асылбек Жээнбековдун тагдыры эмне болот, себеби эки бир тууган эки бийликти башкарганы туура эмес болот го» деп анча ишенген жокмун.

Бирок ошондон көп өтпөй эле ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өз иш бөлмөсүнө парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков экөөбүздү түштөнүүгө чакырды. Ошол жолугушууда Атамбаев буга чейин Текебаев айтып келген маселени козгоп, «Сооронбай Жээнбековду премьер-министр кылсак туура болот» деген пикирин айтты. Ошол жерден эле Асылбек Жээнбеков «андай болсо мен кызматтан кетүүгө даярмын» деп, маселе дароо чечилди.

Мени тынчсыздандырган бир маселе бар болчу. Себеби, ал кездеги премьер-министр Темир Сариев мага дайыма «эгер парламенттеги коалициянын, премьер-министрдин тагдыры башка өңүттө чечиле турган болсо, мага алдын-ала кабар берип коюңуз» деп айтып калчу. Мен дароо эле ошол маселени көтөрүп: «Бул жөнүндө Сариев билеби?» деп сурадым. Атамбаев кооптонуп, чоочуп кеткендей болду. Бирок мен «сөз берип койгом, Сариевге айтышым керек» десем президент көндү. Темир Сариевге айтсам, ал маселе түшүнүктүү болгонун белгилеп, кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Кызыктуусу - Темир Сариев өкмөт аппараты менен жума күнү коштошуп, анан кызматтан кетерин айтты. Бирок дал ушул жума күнү Сариевдин арызы кечиккенде президенттик аппарат аябай чочулаганы эсимде. Ал кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов мага улам-улам чалып, «Сариев убадасын аткарбай, президент тынчсызданып жатканын» айткан эле. Мен болсо «Темир Сариев сөзүнө турган жигит» деп көндүргөм.

Ошентип, Сариев кызматтан кетти. Андан соң парламент төрагасын шайлоо маселеси көтөрүлүп, Алмазбек Атамбаев «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаевди колдоп чыкты. Бирок анда Бакыт Төрөбаев да талапкерлигин койгон. Добуш берүүгө келгенде тагдырдын тамашасы менен эки талапкер тең 51 добуш алып, «ит жыгылыш» болуп калды. Мындай учурда парламент төрагасына башка адамды шайлоо боюнча маселе жаралып, кызуу оюндар башталды.

Парламенттеги мени колдогон бир нече депутат «талапкерлигиңизди коюңуз» деп сунуш кыла баштады.

Ошол учурда президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов мага келип «жаңы эле парламент төрагасы боюнча маселени талкууладык. Мен сиздин талапкерлигиңизди «Ата Мекен» фракциясы сунуш кылсын деп талап койдум. Ошондуктан президент сиз менен жолугушканы жатат» деп айтып кетти.

Чынында эле Атамбаевге барып жолуккан учурда ал «эгер спикер болгуң келсе, талапкерлигиңди «Ата Мекен» фракциясы сунуш кылсын» деген маселе койду. Бул нерсе менин намысыма тийди. Себеби, канча жылдап социал-демократтар фракциясы үчүн күрөшүп, камчысын чаап келсем, ушундай учурда башка фракцияга жүктү оодарганына нааразы болдум.

«Ошол эле маселеби, күтүп тургула» деп чыгып эле Ак үйдүн 7-кабатындагы Текебаевдин иш бөлмөсүнө барып, ага «мурда убада кылып келгендей, мени колдочу учуруңар келди» деп айттым. Ал «силердин фракцияңарчы» дегенде «ал жөнүндө ойлонбой эле коюңуз, маселе сиздин позицияда» десем дароо колдой турганын билдирди. Мен андан чыгып, өзүмдүн иш бөлмөмө жеткенче 24.kg агенттигине ««Ата Мекен» фракциясы Турсунбековду парламенттин төрагалыгына сунуш кылды» деген кабар чыгып калыптыр. Анын артынан «Республика - Ата Журт» фракциясы да менин талапкерлигимди колдой турганын ачык билдирди.

Ошентип, мени башка фракциялар колдоп жаткан кезде КСДП гана унчукпай турду.

Текебаев белгилегендей, ал учурда биздин фракциядан «спикер болом» деп чуркап жүргөндөр көп болгон. Ал эми президенттик аппарат болсо мени колдоп, мурда кылып келгендей депутаттарды чакырып же үндөбөгөнүн фракциялаштарым айтып жүрүшөт.

Качан гана башка фракциялардын баары мени колдоп, шайлоо болор күнү Икрамжан Илмиянов мага телефон чалып, Атамбаев социал-демократ депутаттарга «Турсунбековду колдобосоңор уят болгону калдык» деп айтканын кабарлаганы эсимде.

Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбеков.
Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбеков.

«Азаттык»: - Демек, сиздин талапкерлик боюнча президенттин айланасы, анын ошол кездеги кеңешчиси Икрамжан Илмиянов негизги ролду ойногон деп айтсак болобу?

Турсунбеков: - Мен айтып өткөн фактылар, «Чыныбай Акуновичти «Ата Мекен» сунуш кылсын деп талап койдум» деп айтып жатса, андан башка бир топ маселелер боюнча Илмияновдун ролу чоң болгон деп айта алам.

«Азаттык»: - Дал ушул окуялардан бир топ мезгил өткөн соң кадрдык жүрүштөр тууралуу айтып чыгып жатасыздар. Бир караган кишиге мамлекеттин эң жогорку кызмат орундарындагы адамдар кайсы бир кыска кызыкчылыктардын негизинде алмаштырылгандай ой калтырат. Сиздин пикириңиз кандай жана бул эмнеден кабар берет?

Турсунбеков: - Бул эми Кыргызстанда саясат оңой нерсе эмес экенин, саясатчылар өз максатына жетүүдө өлкөнү кайсы бир жолдон өздөрү туура көргөн жолго бурууда ар кыл ыкмаларды колдонорунан кабар берет. Ошондой эле биздеги саясат дайым эле ачык талкуу же каршылашуудан эмес, куулук-шумдуктардан турарын көрсөттү. Бирок биздин негизги максат - кайсы бир кызматка келүү эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу болгонун да айтып кетким келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG