Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Вирустун жайылышын иликтөө демилгеси көтөрүлдү


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын саны 1300дөн ашты.

Анын ичинен дээрлик миңдей киши соңку бир ай ичинде көз жумган. Маселен, 30-июнда вирус жуктуруп көз жумгандардын саны 57 гана болуп турган.

Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун директору Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда коронавирустун жайылышын жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия түзүү демилгесин көтөрдү. Ал мындай сунушун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

«Улуттук комиссия белгилүү бир убакыттын ичинде вирустун жайылышын жана анын кесепеттерин дыкат иликтеп чыгышы керек. Көңүл борборунда бийликтин, жоопкерчиликтүү кызматкерлердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана медициналык мекемелердин иш-аракеттери болушу абзел. Биз өткөндөн сабак алышыбыз зарыл. Пандемиянын кайра кайталануу ыктымалдыгы бар. Вирустун алдында биздин өлкө алсыз болуп калды».

Коомдук ишмер коронавирустун жайылышын жана кесепетин изилдей турган комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер тартылышы керектигин кошумчалады.

Коомчулук тарабынан өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол берген адамдарды жоопко тартуу сунушу буга чейин деле айтылып келген. Алар өкмөттүн чабал даярдыгы өлүмдүн көбөйүшүнө өбөлгө болгонун айтып, илдет күчөгөн учурдагы дары-дармек тартыштыгын, ооруканалардагы орун жетишсиздигин мисал катары келтирип жатышат.

Алардын катарында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева да бар.

«Негизи эле бизде даярдык болбогону көрүнүп калды. Өкмөт акырына чейин “бул илдет бизге келбейт” деген таризде отуруп алган. Башка өлкөлөр оорукана куруп, дары-дармек даярдап жатканда Кыргызстан болгон акчасына азык-түлүк таратып карантинде жатып алды. Бул жерде бир гана Саламаттык сактоо министрлигинин эмес, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Финансы министрлиги жана Жогорку Кеңештин да жоопкерчилигин караш керек».

Буга чейин, 1-апрелде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен алынган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү премьер-министрге сунуш кылган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы мурдагы кызмат адамдарын суракка алган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев азыркы учурда мекеме аралык комиссия иштеп жатканын билдирди. Аталган комиссия Эмилбек Каптагаев сунуштагандай коронавирустун жайылышын жана кесепетин эмес, алдыдагы божомолдорду изилдеп жатыптыр.

Мадамин Каратаев
Мадамин Каратаев

«Биз азыр коронавирусту токтотууга аракеттерди жасап, алдыда эмне күтүп турганына анализ жасашыбыз керек. Бүгүнкү күндөгү негизги максат ушул болуп турат. Мекеме аралык комиссияга керектүү тапшырмалар берилген. Жыйынтыгы менен келерки жумаларда тааныштырабыз. Негизи коронавирустун жайылышын жана кесепеттерин иликтешибиз керек».

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев комиссия түзүп жатканда анын статусун жана ыйгарым укуктарын так аныктап алуу керектигин айтып жатат. Ал комиссия президент башында турган Коопсуздук кеңешинин пандемияга байланыштуу чечимдерине да баа бере ала тургандай укукка ээ болушу керек деп эсептейт:

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

«Кыргызстанда бир нече чуулгандуу окуялар боюнча комиссия түзүлгөнүн көрүп эле жүрөбүз. Бири дагы ишинин өтөөсүнө чыга алган жок. Алар бийликтин же кээ бир саясатчылардын сөзүн сүйлөп туруп алышты. Андыктан эң биринчи комиссиянын статусун белгилеп, анын жобосун так иштеп чыгыш керек. Комиссиянын чечимин президент, Жогорку Кеңеш, укук коргоо органдары аткара тургандай кылсак, мына ошондо комиссиядан пайда чыгат. Антпесе баягыдай эле бийликтин кемчилигин жаап-жашырмай башталат».

Кыргызстан 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, статистикага кошуп эсептей баштаган.

Июль айынын башында Бишкекте коронавируска чалдыккандар өтө көбөйгөндүктөн ооруканаларда орун жок калып, дарылоочу убактылуу жайлар расмий негизде ачылган. Мындан тышкары борбор калаада 13 күндүзгү жана үч түнкү стационар иштеп жатат.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 30-июлда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооругандар көп болуп жатканын айткан.

24-июлда Бишкектин «Тез жардам» кызматы жардам сурап чалгандар азая баштаганын, бирок оорунун толкуну дагы болушу ыктымал деген жоромол бар экенин билдирген.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө карантин алынгандан кийин оору кайра күчөгөн учурлар байкалууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG