Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Тумоонун күчү кайта элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда вирус басаңдап калды. Бишкекте, Ошто июль айынын башында чукул ачылган күндүзгү стационарлар четинен жабылууда. Мындан ары санитардык нормалар кандай болушу керек?

Июлдун башындагыдай ооруканада орун тартыштыгы, дары-дармектердин жетишсиздиги бир нече аптадан кийин кайра кайталанбайбы? Аймактарда абал кандай өзгөрүшү мүмкүн? Ооругандар кантип калыбына келиши керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана профилактикалык медицина борборунун жетекчиси, профессор-эпидемиолог Омор Касымов, Бишкек мэринин коомдук байланыш боюнча кеңешчиси Гуля Алманбетова, Австриядагы Грац шаарынын университеттик клиникасында иштеген, Людвиг Больцман атындагы өпкө тамырларын изилдөөчү институттун доктору Бакытбек Эгемназаров катышты.

«Азаттык»: - Омор мырза, вирустун жайылышынын туу чокусуна жетип кайра түштүкпү? Жуккандар да, каза болгондор да азайып калды го?

Омор Касымов: - Азыр эл аралык коомчулук пандемиянын биринчи, экинчи толкуну деген түшүнүктү жокко чыгарып койду. Азыр эми антип санабай калдык. Чындыгында вирус жуккандар жана андан каза болгондор азайып калды. Бул элдин жана саламаттык сактоо тармагынын бирдей иштешинин белгиси дегенди билдирет. Эл санитардык нормаларды сактап, беткап кийип, бири-биринен канчалык алыс болгон сайын оору азая берет. Ошол эле учурда өлкөнүн медициналык тейлөөсү да оңолуп, сапаты артмакчы. Бирок «оору азайды, эми коргонуу чараларын жумшарталы» деп, жоопкерчиликти азайтып койсо - анда вирус кайра эле баш көтөрүп, июль айындагыдай оор кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан бардык тараптар вируска карата жоопкерчиликти так сакташы керек.

Европада вирус кайра көбөйүүдө

«Азаттык»: - Азыр Европада вирус кайра күчөп жатканы айтылууда. Бакытбек мырза, Австрияда абал кандай?

Бакытбек Эгемназаров: - Ушул күндөрү Европа өлкөлөрүндө ооругандар кескин көбөйүп жатат. Бир нече айдан бери гигиеналык талаптар жумшарып калган эле. Мисалы, Австрияда дүкөндөрдө беткап кийип жүрүү эрежесин алып салышкан. Анан ооругандар арбып кеткендиктен, бул эрежени кайра киргизип жатышат.

«Азаттык»: - Гуля айым, мына, күндүзгү стационарлар жабылууда, бирок көчөдө эл беткабы жок эле жайбаракат жүрөт. Канча стационар жабылды? Кайра июль башындагыдай дүрбөлөң болбойбу?

Гуля Алманбетова: - Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарлар жалпысы 13кө жеткен. Аркы жумада үч күн бою жабылган стационарларга өтө аз киши келе баштады. Бирок Бишкектин калаа башчысы Азиз Суракматов «акыркы бейтап айыкмайынча бир да стационар жабылбасын» дегендиктен, алар баары бир иштеди. Бүгүнкү күнгө карата «Туңгуч» жана «Жал» кичирайондорундагы эки күндүзгү стационар, Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» тойканасындагы түнкү убактылуу дарылоочу жай жабылды. Салыштырып алсак, июль айында оору күчөп турганда бул жайларга бир күндүн ичинде 1500дөй киши кайрылып жатты. Бир ай ичинде 82 миңден ашык бейтап кайрылды. Түнкүсүн сегиз миңден ашык киши келди. Ооругандардын динамикасын карасак, 13-14-15-июлда аябай көп болду. 20-июлдан тартып басаңдоо байкалды. Стационарларда иштеген дарыгерлер үч ирет нөөмөт алмашты. Ошентсе да нөөмөт алмашканы менен айрым дарыгерлер «айыгып бараткан бейтаптарыбыз бар эле, алар толук сакайгыча иштей беребиз» деп жумушка чыгышууда. Мындай мамиле чын эле бизди өтө таң калтырды. Негизи бул пандемияны «өкмөттүн жоопкерчилиги», «Саламаттык сактоо министрлигинин иши» же «элдин күнөөсү» деп бөлгөн болбойт.

Азыркы абал согуш сыяктуу, бардык тараптар жоопкерчиликти бекем кармап, берилген тартипти сактамайынча абал оңолбойт. Чогуу-чаран гана бул согушта жеңе алабыз. Жалаң эле бийликти же элди күнөөлөп отура берүү туура эмес.

Жоопкерчиликти унутпаш керек

«Азаттык»: - Мамлекеттик телеканалдарда «вирусту жеңдик» деген сыяктуу позитивдүү кабарлар чыгып жатат, бирок ошол эле учурда аймактарда абал курч экени айтылууда. Омор мырза, азыркыдай абалда маалыматтык саясат кандай болушу керек? Элге эмнени жеткирүү зарыл?

Омор Касымов: - Чындыгында азыр «вирусту жеңдик» деп айтууга өтө эрте. Анын алдын алуу, дарылоого байланыштуу иштерди уланта бериш керек. Элге түшүндүрүү иштерин болушунча жеткиликтүү кылыш керек. Себеби, эми бир нече айдан кийин суук түшсө башка да жугуштуу оорулар күчөйт. Азыр ооруп чыккан кишилерге күзгү, кышкы сасык тумоо жукса да абалы начарлап кетиши мүмкүн. Ошондуктан ооруп чыккан кишилер, коронавирустун белгиси байкалгандар кийинки сасык тумоолордон колдон келишинче сактанганы дурус. Алдын-ала сактануу эрежелерин толук аткарса вирус да аз жугат жана саламаттык сактоо системасы да кыйналбайт. Экинчиден, Европада жана башка жактарда вирус кайра күчөп жатканынын себеби - эл санитардык нормаларды сактабай калганында.

Оору азайды деп сүйүнүүгө эрте
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:59 0:00
Түз линк

Бизде да ошондой коркунуч албетте, бар. Анткени азыр элдин көбү топтошуп алып жаратылышта эс алып жүрөт, каза болгон адамга жаназалар окулуп жатат, анан жаштарыбыз дискотека, көңүл ачуу жайларында топтошуп жүрөт. Ошолордун баары вирусту алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Өлкөдө азыр такталган 31 миңден ашык кишиде вирус болсо, алар байланышкан адамдар толук эсептелип чыккан жок. Вирусту алып жүрүүчүлөр бул сандан 2-3, ал тургай 10 эсе көп болушу мүмкүн. Бул вирус келерки жылдын аягына чейин созулушу ыктымал. Андыктан беткап, социалдык дистанция, колду самындап жууп, ооруса үйдөн чыкпай отуруу эрежелерин толук сакташыбыз керек.

«Азаттык»: - Бакытбек мырза, стационарлар жабылгандан кийин дары-дармек камдап алыш керекпи? Кайра күчөп кетсе мурдагыдан оор абал түзүлбөйбү?

Бакытбек Эгемназаров: - Кыргызстанда оорулар азайып, стационарлар жабылганы өтө сүйүнүчтүү кабар десем болот. Бирок ушуну менен вирустан кутулдук дегенге болбойт. Инфекциянын кийинки толкуну болорун дүйнөлүк адистер тынбай айтып жатышпайбы. Күзүндө сасык тумоого кошулуп, коронавирус да күчөйт. Андыктан июлда болуп өткөн биринчи толкундан көп натыйжа чыгарышыбыз керек. Эң негизгиси - дарылоо стратегиясын аныктап алган оң. Кайсы жерде ката кетти, кайсы чечимдер туура болду деген жыйынтыктоочу бир талдоо керек. Анан каражат кандай бөлүштүрүлөт деген да суроо коюлушу зарыл. Маселен, көчөнү, шаарды бир топ акча коротуп дезинфекциялоонун менимче пайдасы жок. Ошого кеткен акчага беткап, дарыгерлер үчүн өздүк коргоочу каражаттарды сатып алса пайдалуураак болмок. Азыртадан даярданып, дары-дармек, коргонуучу каражаттарды камдап койгон оң. Адистердин арасында тажрыйба алмаштыруу иштерин жүргүзүү талап кылынат. Ооруканаларда атайын бөлүмдөрдү даярдап, керебеттердин санын көбөйтүп, ошого жараша дарылоонун сапатын арттырса, биринчи жолкудай оор кырдаал түзүлбөйт. Биздин эл, медициналык система абдан татаал абалдан өтүп жатат, көп тажрыйба топтоп, кыйынчылыктарга даяр тура алат деген ойдомун.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG