Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Арак ордуна антисептик ичкендер ууланды


Антисептикти кармап турган робот. Индия.
Антисептикти кармап турган робот. Индия.

Кыргыз ыктыярчыларына суктангандар көп. Мектепке барбай калган муун жоголгонго барабар. Индияда антисептик ичип ууланып өлгөндөр болууда.

“New York Times” гезити постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң чакан жана жарды Кыргызстанды коронавирус көйгөйүнөн ыктыярчылар сүйрөп чыкканын жазды.

Гезит “Associated Press” агенттигине шилтеме берип, COVID-19 курчугандагы ыктыярчылардын кылган ишин тизмектеген. “Кыргызстанда инфекция күчөгөндө ансыз да өп-чап каржыланган, араң турган саламаттык сактоо системасы кыйроого учурады.

Бирок бул кыйроонун кесепетин жоюуда жана элдин өмүрүн сактап калууда ыктыярчылар зор күч болуп берди. Ресурстары өтө тартыш мындай чакан өлкө үчүн ыктыярчылардын салымы эбегейсиз болду. Алар миңдеген өмүрлөрдү куткарышты”, - деген басылма “Клооп” медиа порталынын жетекчиси Бектур Искендердин энесине жардам керек болуп, ыктыярчылар анын өмүрүн сактап калганын мисал келтирди.

Футболчу Айдана Оторбаева, бишкектик куткаруучулар отрядын уюштурган Валерия Сыдыгалиева баштаган ыктыярчылардын командасы өз машинесин "Тез жардамга" айлантышып, ичине кычкылтек баллондорун орнотушкан. Ишкер Руслан уулу Манасбек да жеке машинесине кычкылтек баллонун салып алган. Мындай өз эрки менен жардамга шашкандар миңдеп саналат, алар акча чогултуп, дары-дармек алып, бейтаптарды ооруканага ташып жүрүштү.

Дарыгер Султан Стамбеков “Бир жагынан саламаттык сактоо системабыз талкаланып жатса, экинчи жагынан карапайым калк ич ара биригип, улуттун ынтымагы артты”, - деген оюн басылмага айткан.

Кыргызстандагы коронавирус сүрөттөр менен

“Eurasinet” онлайн журналына фотограф Данил Усманов Кыргызстандагы коронавирус көйгөйүн бир нече сүрөт менен баяндап чагылдырды.

“Мындай оор учурда үйдө жата алган жокмун. Элдин кыйналганын, оор учурда бир муштумга түйүлгөнүн сүрөткө тартып, көчөдө жүрдүм. Бишкектин четиндеги көрүстөндө көмүлгөндөр улам көбөйүп, коогалуу күндөрү миңдеген адамдар жардам издеп күндүзгү стационарларды сагалашты. Сүрөт тартып жүргөндө беткап, колкап кийип, болгон эрежени сактадым. Мындан бир нече апта мурда ооруп айыккандыктан, "кайра оорубайм" деген сезим күчтүү эле.

Сүрөткө тартып жатсам азапка баткан эл мени какпай, түшүнүү менен мамиле кылышты. 11-июлда белгилүү диниятчы Чубак ажы Жалиловдун сөөгүн Бишкектеги өлүкканадан алып кетип жаткан учурдагы элдин ыйы ушунчалык катуу таасир этти. Коштошууга келгендер буркурап ыйлашты. Беткап кийбей, аралыкты сактабай эле турган адамдар эмнегедир коронавирусту тоготпогондой сезилди. Дарыканалардын оозунда шыкалып кезек күткөн элди да көрдүм. Алар дары үчүн жандалбастап, вирустан коркуу сезими жок, бири-бирине жабышып турушту. Азыр абал кыйла оңолду”, - деген сүрөтчү өз эссесинде.

Данил Усманов көбүнесе ыктыярдуу жардам берип жүргөндөрдү тарткан. Аза күтүү күнүндө ылдый түшкөн туунун жанында оюн салып жүргөн жаштарды да сүрөттөгөн.

Пандемия балдардын ден соолугун талкалоодо

“Economist” журналы пандемия планетанын улуу муундагы адамдарынын эле ден соолугун алып тынбай, үйдө камалган жаш балдардын саламаттыгына да оор таасирин тийгизип жатканын кабарлады.

“Вирус балдардын жалпы саламаттыгына, психикалык өнүгүшүнө терс таасир этүүдө. Коронавирустан улам үйдө камалган жеткинчектердин ден соолугу азырынча толук кандуу изилдене элек.

Ошентсе да, айрым окумуштуулар балдар арасындагы ашыкча салмак, уйкусуздук сыяктуу проблемалар улам көбөйүп бара жатканын аныкташты. Үйдөн чыкпаган балдар тамакты ашыкча жеп, аз кыймылдап, телефон, планшет же компьютер тиктеп көп убакыт коротууда.

Италиядагы Верона университетинин илимпоздору балдар мөмө-жемиштерге караганда чипсы, кириешки сыяктуу зыяндуу азык-түлүктү көп жеп жатканын аныктады. Висконсин университети Америкадагы он жаштан кенже балдардын 50% пандемия учурунда дээрлик кыймылсыз жашоо образына өткөнүн иликтеп чыкты.

"Мектептердин жабылганы да балдардын ден соолугуна олуттуу таасир этүүдө. Алар ачылган күндө деле балдар мурдагыдай спорт ийримдерине катышабы же жокпу белгисиз. Ушундан улам да келечек муундун саламаттыгы бир топ жылдык оор соккуга учурады", - деп баяндайт басылма.

Санитайзер ичип алып он киши өлдү

“Newsweek” журналы Индияда арак таппай, санитайзер ичип алган он адам каза тапканын кабарлады. Андхра-Прадеш провинциясында карантин маалында дүкөндөр жабык болгондуктан, алкоголдук ичимдик табылбай калган.

Бул провинциянын Куричеду кыштагындагы жыйырмадай тургуну айласы кеткенде арактын ордуна санитайзер ичкен. Алардын ону ууланып, каза тапты. Каза болгондор 25тен 65ке чейинки жаштагылар.

Полиция уулангандар санитайзерге минералдык суу жана кадимки сууну кошуп алып ичкенин аныктады. Андхра-Прадеш провинциясында коронавирустан 10 миңдей адам жабыркаган. Жалпы Индия боюнча июлдун аягында 1 миллион 638 миң 800 адамдан вирус табылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG