Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Ыктыярчылар өкмөттүн өксүгүн жаап кетишти


Чогулткан тыйынын Канттагы штабга алып келген бала.

Жүз жылдарда адамзатка бир келген пандемия көп мамлекеттердин финансылык, экономикалык күч-кубатын сынап, кайсы мамлекеттин бийлик түзүмү адамдарга камкордук көрүүгө багытталгандыгын, кайсылары элдин ырыскысын гана жеп күн көрүп келгендигин ачыкка чыгарды. Ошого жараша жугуштуу оору да жукту, адамдар да өлдү.

Кыргызстанда жашаган адамдардын санына салыштырмалуу жугуштуу оорудан өлгөн адамдардын санынын көп болушу, биздин бийликтин бардык тараптан жетээр жерине жеткенин, эми бул кургуйдан кантип чыга турган жол да бүдөмүк экенин даана көрсөттү.

Азыр Кыргызстанда жашаган калктын 45 пайызы ооруп айыккандыгы айтылып жатат. Айыккандары жакшы, бирок жугуштуу вирустун залдары ооруп айыккан адамдардын ден соолугуна дагы бир топ жылдар бою залакасын тийгизээри белгилүү. Балким алардын өмүрүнүн узактыгына да таасир тийгизиши ыктымал.

Жугуштуу оору бийлигин жүргүзгөн бир ай бою бардыгыбыз катуу чочудук, өзүбүзгө, жакындарыбызга жугуп кала турган оорудан чындап корккон абалда болдук, сактанууга аракет кылып жаттык.

Күнүгө өлгөн адам тууралуу угуу нерв системасына кадимкидей таасир берип, уйкудан калып, сарсанаа болгон учурлар көп болду. Бийликти миң сындап, тилдеген менен пайда жок экендигин, алар эч качан пандемия абалда иштеп көрбөгөндүгүн билип турсак да, ачууга алдырган учурлар болду. Кыргыз өкмөтү ишти уюштурууну билбеген бир бечара экендигине көз жеткенде ого бетер шаабай сууду.

Бирок эл деген эл экен да, эл ичинде мыкты азаматтар бар экен. Ыктыярчы кыз-жигиттер суурулуп чыгып, оорудан жан айласын таппай турган көп адамдарга кол сунушту. Элден жардам жыйнап кайра эле элге сунуп жатышты. Ооруканада орундар жок болсо күндүзгү стационар ачып, дарыгерлерди алып келишип элди дарылаганга өтүштү, үймө-үй кыдырып ийне сайып, асма укол койгондору канча? Дарыгерлерге тамак-аш жасап таратып, ооругандардын жакындары карайлап таппай жаткан дары-дармектерди таап жеткизип беришкендери, кээде бекер берип жатышканы эмне деген адамгерчилик! Ушундай мыктыларыбыз тууралуу кинолор тартылса, чыгармалар жазылса, сүрөттөр тартылса болор эле! Буларды чыныгы баатыр десек болот! Ыктыярчылар деле согуш учурунда дзотту төшү менен жапкан баатырлар сымал далай адамдарды ажалдан куткарып калышпадыбы! Азыркы учурдун баатырлары мындай болбогондо анан кандай болот?! Жаш муундун ушундай мыкты иштерин көрүп туруп, элибиздин келечеги бар экендигине бекем ишеним пайда болду. Ал эми Кыргызстандын сыртында жүргөн канча деген уул-кыздарыбыз өз каражаттарын чогултуп, биякта жок меджабдууларды, дары-дармектерди жиберип жатышты! Ички-тышкы ыктыярчылар керек болсо бийликтин чамасы келбей калганда алардын абийирин жаап кетишти.

Бул көрүнүштүн төркүнү деле түшүнүктүү болуп турат. Элибиздин аз санда экендиги, эркин-эмин жашоону өнө боюна сиңирген, башка иш түшкөн учурда эч нерсеге карабай бириге калышып жалпы аракет кылгандыгы – кыргыз элинин духу күчтүү экендигин далилдейт. Бийлик да көп учурда ушул себептен улам менен эл менен эсептешүүгө аргасыз.

Дагы бир көңүл бура турган жагдай, ыктыярчылар элден алып элге берип жатышса, бир топ ишкерлер чоң суммадагы каражаттарга медициналык жабдууларды, дары-дармектерди, коргонуучу кийимдерди жана башка зарыл болгон оокаттарды дүңүнөн сатып алышып, айылдарды, райондорду жабдып жатышат. Кайсы тармакта бизнес кылаары белгисиз эле адамдар өкмөт жасай турган иштерди жакшынакай эле аткарып коюшту. Демек, бизде каражаты бар адамдар арбын экен да. Эми ошол каражаттар кайдан чыкты?

Жеке менин оюмда бул жерде легалдуу экономикада эсептелбеген, көмүскө экономикада жүгүртүлүп келген каражаттар жумшалып жатты. Экономика жаатындагы эксперттердин маалыматы боюнча Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 35 - 40 пайызды түзөт. Анан калса мамлекеттик болобу, жеке менчик болобу бардык ишканалар акыркы төрт-беш айда толук кандуу иштеп, миллиондогон каражатты кайрымдуулукка жумшагыдай киреше көрүшө элек. Ишкер чөйрөнү жандандыруу үчүн бир топтон бери Экономика министрлиги ишкерлердин салык төлөмдөрүн бир нече ай алдыга жылдырып, текшерүүлөргө тыюу салып, 14 млрд. сомдук кризиске каршы фонд түзүп, ушул каражаттарды ишкерлерге жеңилдетилген кредит катары берүү камын көрүп жатканынан кабарыбыз бар. Демек, кайрымдуулук кылып жаткан мекендештерибиз буга чейин легалдуу экономиканын эсебине кирбеген каражаттарынан элге жардам берип жатышат деп айтууга толук негиз бар.

Дегеле кайрымдуулук жаатынан кеп козгосо, бир топ жагдайлар көзгө урунат. 4-октябрда Жогорку Кеңешке боло турган шайлоонун агитация иштери расмий түрдө 4-сентябрда башталат. Бирок ушу кезде жарым-жартылай агитация иштери так ушундай кайрымдуулуктун эсебинен жүрүп жатканын байкап жатабыз. Айрым партиялар аркылуу шайлоого аттанган азаматтар учурдагы кырдаалдан пайдаланып, өз аймактарында кайрымдуулук иштерин абдан марттык менен жасап жатышат. Аймактарга ондогон кислород концентраторлорун, дарыгерлердин коргоочу кийимдерин, дары-дармектерди машинелеп жеткирип, аймактарда ачылган стационарлардын тамак-ашын дагы толгон-токой кем-карчтарын кабагым-кашым дебей эле чечип жатышат. Бул азаматтар белгилүү бир партиялар аркылуу шайлоого аттанышкандыгын интернет айдыңы аркылуу окуп, билип жатабыз. Демек, агитация учурунда жасай албай турган иштерди азыр жасап жатышат.

Кайрымдуулук маселесинде абалды көрүп турган, колунда каражаты бар адамдардын көпчүлүгү четте калган жок. Атүгүл пенсия жашындагылардан тарта өспүрүм балдарга чейин колунда бар каражатын берип жатышты. Кээде эл арасында миллионер катары белгилүү адамдарга караганда буга чейин билинбей эле жүргөн адамдар көп каражаттарын кайрымдуулукка жумшашты.

Ошол эле учурда жүз миллиондогон каражаттарды Кыргызстандан чыгарып кеткендиги боюнча журналисттик иликтөөлөрдүн баш каарманы болгон адамдын үй-бүлөсү, атасынын атындагы фонду да апаат учурунда жардам берип жатышканын көрүп турдук. Айрымдар “миллиондогон доллар пайда көрүп, болгону жүз миң доллар жардам берип койсо ошого эмнеге ыраазы болуп жатасыңар?” деп да чыгышты.

Кырдаал башка болгондо алардын жардамынан баш тарткандар деле чыкмак. Бирок өмүр менен өлүм кармашып жатканда, бир адамдын болсо да өмүрүнө аралжы болуп калуу маселеси турганда алар берген жардамдын арам же адал экендигин тандоо керекпи?

Ушул суроо көп адамдарды ойлонтсо керек. Бир таанышым менен ушул маселе тууралуу сүйлөшүп калсам айтат, “Биз аны коррупционер, мыйзам алдында жооп бериши керек дегенибиз менен эл анын бергенин тандабай эле алып жатпайбы. Адамдарды да күнөөлөш кыйын, ооруп жаткан адам өлүп калбоонун жан аргасын издеп жатат да. Эмнеге коррупционердин берген жардамын аласың деп кыйналып жаткан адамды күнөөлөөгө кимдин дити барат?”.

Айтор, мындай алааматта арам-адал, жаман-жакшы, бул дүйнө тигил дүйнө, убал-сооп, адамдын өмүрүнүн кыл учунда тургандыгы, анын жан аргасын издеген жакындарынын тууганынын өмүрү үчүн баарына барууга даярдыгы, иши кылса бардыгы аралашып кетет экен. Мындайда арам-адалды иргөөгө чама чак, жөн эле жакынын тирүү алып калуунун аргасын ойлойт экен адам. Эпидемия алоолоп, керектүү дарылардын баасы асмандап кеткен убакта жан аргасы үчүн ошол дарыларды да асмандаган баасы менен алып жатышпадыбы!

Ал эми миллиондогон каражаттарды басып койгондор мындай абалды пайдаланышып, кайрымдуулук иштерин көп жасап элдин көңүлүн алууга жетишип калышты. Өмүр менен өлүм ортосунда алышып, карайлап турган жармач эл алардын жардамын түртүп кое албай, айласы жок алып бирок ичтен сынгандай болду. Ошентип, жугуштуу оору айрымдарды жер менен жер кылса, айрымдардын жанын тең кылды.

Аскер Сакыбаева, публицист, журналист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG