Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Ыктыярчылар менен вице-премьер-министр жолукту


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова ыктыярчылардын жолугушуусу. 22-июль, 2020-жыл.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова ыктыярчылардын жолугушуусу. 22-июль, 2020-жыл.

Бүгүн, 22-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова ыктыярдуу кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Билдирмеде белгиленгендей, ыктыярчылар мамлекеттик органдар тарабынан көмөк көрсөтүүнү талап кылган көйгөйлөр, аймактардагы ыктыярчылардын ишин координациялоо зарылдыгы, call-борборго техникалык колдоо көрсөтүү маселелерин көтөрүштү.

Чогулгандар ошондой эле бизнес-коомчулук менен рентгенологиялык диагностика тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн талкуулоо, алыскы райондорду дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, калкты эпидемияга каршы чараларды сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири маалымдоо керектигин талап кылышты.

Жолугушууда өкмөт менен ыктыярдуу уюмдардын COVID-19га каршы күрөштө мындан ары карай биргелешип иш алып баруу чечими кабыл алынды.

21-июлда коронавирус шартында иштеп жаткан 12 ыктыярчы менен президент Сооронбай Жээнбеков кездешкен. Анда демилгелүү топтордун өкүлдөрү пандемия учурунда мамлекеттик мекемелер кетирген кемчиликтер, жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздигин, дары-дармектин тартыштыгын жана жалпы эле коомчулукту нааразы кылып жаткан маселелерди көтөрүштү. Айрым ыктыярчылар бул жолугушууга чакырылып, андан баш тартса, кээ бири тизмеге кошулбай калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG