Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Кыргызстанда 1-класстын окуучулары мектепте окушу мүмкүн


1-класстын окуучусу. 2-сентябрь, 2019-жыл.
1-класстын окуучусу. 2-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстанда 2020-2021-жылдагы окуу жылында 1-класстагы окуучулар мектепке барып билим алышы мүмкүн. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 1-августта "Биринчи радиого” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, бул маселени тийиштүү органдар карап жатат.

“Кечээ жакында билим берүү министринен жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалымат алдым. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө. Бирок 1-класска келчү балдарыбызды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айттым. Аларды аралыктан окутуу мугалимге да, ата-энеге да түйшүк алып келет деген ойдомун. Ошондуктан, азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатат”, - деди президент.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл биринчи класстын окуучулары кандай окуй турганы белгисиз болуп жатат. Айрым ата-энелер биринчи класстарды дистанттык эмес, мектепте окутууну талап кылууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 25-июнга карата ата-энелерден 19 миңден ашуун арыз түшүп, 13 820 бала 1-класска кабыл алынган. Балдарды мектепке кабыл алуу 1-сентябрга чейин уланат.

Кыргызстанда 2 миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда 1 миллиондой окуучу билим алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG