Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:09

Түркияда аракка ууланган түркмөндөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-марттан бери Түркиянын Стамбул шаарында жасалма арак ичип каза болгон түркмөн мигранттардын саны 22ге чыкты. Ал эми 36 мигрант реанимацияда жатышат.

16-мартта Стамбулдун Зейтинбурну аймагында түркмөн таанышынын үйүнө келген Вейсел аттуу түрк жараны үйдө жашаган ондогон мигранттар жансыз жатканын көрүп полицияга чалганын айтып берди.

«Мен келсем баары үйдө жатыптыр. Уктап жатат го деп ойлоп күтүп отурдум. Көрсө каза болуп калышыптыр. Дароо полицияга чалдым. Ушул эле аймакта жашаган башка түркмөндөрдүн үйлөрүнө бардык. Ал жакта да бир канча киши арактан ууланышыптыр. Алардын абалы кандай экенин билбейм».

Стамбул полициясы мигранттар жыш жашаган Зейтинбурну, Башакшехир, Эсенюрт сыяктуу аймактарда атайын операция жүргүзүп, арактан каза болгон же ууланган ондогон түркмөн мигранттарды ооруканага жеткирген.

Стамбулдун ички иштер департаментинин басма сөз катчысы Бүшра Челик мигранттардын өлүмүнүн себеби тууралуу буларга токтолду.

«Аракка ууланган түркмөн мигранттар күн сайын көбөйүүдө. Полициянын аткезчилик боюнча атайын тобу Стамбулда көзөмөлдү күчөтүп жатышат. Каза болгон мигранттар коронавируска туруштук берүү үчүн чогулуп таза спирт ичкен, айрым арактар жасалма болгон. Бул өтө өкүнүчтүү жагдай. Ошондуктан Стамбул полициясы бул боюнча кылмыш ишин козгоп 16 шектүүнү камакка алды».

Каза тапкандардын сөөгүн мекенге жеткирүүдө бюрократиялык тоскоолдуктар жана коронавирустан улам Стамбул-Ашхабаддын ортосундагы каттамдардын токтогону да кошумча маселе жараткан. Каза болгон 22 кишинин сөөгү Стамбул мэриясынын атайын бөлүп берген мүрзөсүнө коюлду.


Бул окуядан кийин «Мигранттар көп ичеби?» деген суроо туулбай койбойт. Бул суроону Түркияда мигранттар боюнча серепчи Керимжан Алпка узаттым. Ал Борбор Азиядан келген мигранттардын жашоо шарттарына токтолду.

«Дем алыш күндөрү бир канча түркмөн чогулуп алып ичишет. Мен бир жолу эмне ичишерин сурагам. Алар «​арак ичебиз» дешкен. Аракты дүкөндөн эмес, арзан саткан жерлерден алышат экен. Бирок иш күндөрү ичип, көчөдө мас болуп жүргөндөрүн көргөн эмесмин. Анткени ар бир түркмөн мигрант Түркияда оор шарттарда иштеп тапкан акчасын мекениндеги үй-бүлөлөрүнө жөнөтөөрүн билебиз. «Коронавирустан коргонуу үчүн ичишти» деген сөзгө ишенбейм. Окуядан кийин түркмөн мигранттар менен сүйлөшкөндө жасалма, сапатсыз арактан эле өлүштү деген божомолдорун айтышты».

Жүз миңдеген түркмөн мигранттар эмгектенген Түркияда Covid-19 вирусунан коронавирустан 30 адам каза болду. Ал эми вирусту жугузуп алгандардын саны 1236га жетти.

2019-жылы Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык туруктуу жашоого уруксат алган. Алардын алты миңи гана эмгек визасы менен иштейт. Мыйзамсыз иштеген түркмөнстандыктар миңдеп саналат. Негизинен түркмөн мигранттар жеңил өнөр жай тармагында, соода жайларында же ар кандай кара жумуштарда иштешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG