Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Тажаал вируска алы жетпеген аймактар


Бишкекте коронавирус боюнча кырдаал бир аз жеңилдегени менен аймактарда абал дагы эле кооптуу.

Акыркы аптада Жалал-Абад менен Ысык-Көл облустарындагы вирустун жайылышы жергиликтүү элди да чочулатып жатат. Аймактарда оорунун жайылышынын алдын алуу боюнча кандай иштер жасалууда?

Президенттин сапары, элдин сыны

4-августка карата соңку бир сутка ичинде коронавирустун айынан каза жети киши кайтыш болду. Июль айынын этегиндеги статистикага караганда абал бир аз да болсо турукташып калгандай. Бирок бул борбор шаар Бишкек шаарында гана экенин, ал эми аймактарда абал кооптуу бойдон турганын медиктер айтып жатышат.

3-августта президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышып, өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды тактап чыгууну тапшырганын, андай имараттар оңдолуп, заманбап ооруканага айланарын билдирди.

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Токтобай Маанаевдин айтымында, Каракол шаарындагы облустук бириктирилген ооруканада коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн 245 орун даярдалган. Мындан тышкары облустук оорукананын карамагында ремонтко муктаж эки имаратта кошумча 175 орунга жеткидей жай бар. Аны уюштуруу үчүн 20 млн. сом зарыл каражат катары бөлүнгөн.

«Азыр курулуш иштери башталды, адистер «иштерди 1-сентябрга толук бүтүрүп беребиз» деп жатат, - деди ал. - Президент биздин оорукананын абалы менен таанышып чыккандан кийин травматология, неврология жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө да ремонт иштерин баштоого өкмөткө тапшырма берди, каржылоо булагын да карады. Биздин оорукана чындыгында көп жылдан бери ремонт иштерине муктаж болуп турган».

Оорукана туурасында кеп козголуп жатканы менен ушул тапта медицина тармагындагы утурумдук көп маселелер чечилбей жатканын жергиликтүү адистер айтып жатышат.

Караколдогу күндүзгү стационарлардын биринде иштеп жаткан, атын атагысы келбеген медицина кызматкери президентти тосууга кам урган жергиликтүү бийлик көйгөйдү жылмалабай, чыныгы абалды көрсөтүшү керек эле деген пикирде.

«Биз иштеген күндүзгү стационардан медиктер кийип жүргөн атайын өтүктү «президент келет» деп сурап алып кетишти, ал келе турган стационарды мындай айтканда «жылтыратып» даярдашты, - деди ал. - Бирок бизде абал оор. Караколдогу күндүзгү стационарлар күнүнө 400 кишини тейлеп жатат. Мындан мурун мэрия ар бир медиктин тамагына миң сомдон бөлгөн. Ошондо 21 күн бою күнүнө 47 сомго гана тамак ичет экенбиз. Албетте, ыктыярчылар тамак ташып жаткан, бирок алардын да шайы ооду. Азыр ишин башка кесиптештерине өткөрүп берген медиктердин кайсы жакка обсервацияга барары да белгисиз».

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапарын Ысык-Көл районунда улантты. Өлкө башчынын аймактагы эл менен жолукпай, алардын үнүн укпай калганы да айрым жергиликтүү тургундарды нааразы кылды:

- Баарын даярдап, идеалдуу кылып койгон жерге келгендин эмне кереги бар? Эл кыйналып атканын көрбөгөндөн кийин... Мисалы, июль айында эмне деген кыйын күндөр болду? Ошондо келиш керек эле да.

- Келгенин телевизордон көрдүк. Азыр пандемияда оорунун айынан аксап турган айыл чарбасын да көрсө болмок. Чеснокту сата албай отурабыз. Жазында 400 сомдон үрөн алганбыз, азыр килограммы 90-100 сом эле болуп калды. Экспортту жөндөп берсе болмок.

- Караколдогу, анан Чолпон-Атадагы эки оорукананы оңдоп жатыптыр. Эми ошону мурунтан эле жасатып берсе болмок да. Баары эле ооруканада орун жок, үйдө дарыланып жатканда көп кишиден айрылып калдык. Бул ачуу чындык.

Элдин мындай сынына бийликтен азырынча жооп боло элек.

Шайлоонун шарапаты

Ушу тапта коронавируска чалдыккандардын саны Жалал-Абад облусунда да көп катталууда.

Мээрим Тороева 29-июлда кесиптештери менен бирге Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачкан.

«Элден чогулган каражат менен түнкү стационар ачканбыз, анда иштеген медиктерге ошол акчаны төлөп жатабыз. "Күндүзгү стационарларга баргандар азайды" деп кээ бирин жапты. Түнкү стационар катары 29-июлда иштей баштаганда 11 киши кайрылган. Акыркы эки күндөн бери 35-38 киши келип жатат, демек абал дагы эле турукташа элек. Бул аймак үчүн, биздин Жалал-Абад шаары үчүн чоң эле көрсөткүч».

Ал эми Нарын облусунун Ат-Башы райондук ооруканасынын жетекчиси Илим Бейшеналиевдин айтымында, райондо уюшулган үч стационардын бири жабылды, ооругандар азайды. Кырдаал турукташкандай туюлганы менен аймактагы ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай үйдө дарыланып жатканы айтылууда. Ушундан улам чыныгы абалга баа берүү да кыйын болуп жатат.

«Июль айына караганда азыр жакшы болуп калды, район боюнча 22 киши дарыланып жатат, - деди ал. - Күндүзгү үч стационар бар болчу, алардын бири жабылды, түнкү стационар да жок. Азыр көчмө топтор иштеп атат, 3-августка карата 20 миңден ашык кишини көрүп чыгышыптыр. Үйүнөн дарыланып жаткандарды күндүзгү стационарларга же биздин ооруканага жиберип жатышат. Жалпы коомчулуктун, дарыгерлердин, ыктыярчылардын жана жергиликтүү бийликтин көмөгү менен оор кырдаалдан чыгууга шарт түзүлүп калды».

Айрым аймактагы тургундар бийлик азыр көбүрөөк шайлоо менен алаксып, аймактагы элдин абалына, оорунун жайылышынын алдын алууга жакшы көңүл бурбай жатат деген да көз караштарын билдирүүдө.

«Шайлоонун алдында элди тынчытыш үчүн өлүм-житим көрсөткүчтөрүн азайтып берип жатышат. Бирок чынында андай эмес. Өлүп, бирок вирустан каза болгондордун тизмесине киргизбегендерди эмнеге целлофанга ороп, кадимки вирустан өлгөн кишинин сөөгүн бергендей беришет, анда? Үгүт эмитен эле башталды, элди ойлогон жан жок», - деди атын атагысы келбеген Талас облусунун тургуну.

Медицина кызматкерлерин инфекциядан коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу иши жетишсиз болуп жатканын өкмөт да моюнга алууда.

4-августта Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов жеке коргонуучу каражат көрө элек айылдар бар экенин айтып, мындай болбошу керек экенин белгиледи.

«Бардык медицина жайлары камсыз болушу зарыл. Биз ар бир районду текшерип чыгабыз», - деди Боронов.

«Ооруну күчөтпөй кармоо өзүбүзгө көз каранды»

Ад эми дарыгер-реаниматолог Жамиля Чыңгышова оорунун таралышынын алдын алып, кырдаалды туруктуу кармап туруш үчүн азыр кандай кечиктирилгис чаралар керек экенин эскертти:

«Коронавирус илдети жалаң эле Бишкекте эмес, аймактарда да көп катталып жатат. Өткөн жума менен бул жуманы салыштырганда Ысык-Көл облусунда ооругандар көп болду. Өзгөчө Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында, Тамчы, Ананьево айылдарында абал курч. Ысык-Көл районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси үч бир тууганан айрылып калды, өзү да каза болду. Аймактык оорукананын башкы реаниматологу да ушул вирустан каза болду. Ошондуктан биз, Бишкектен алты дарыгер аймакка көмөккө келгенбиз. Азыркы тапта кырдаал кичинеден оңолуп келатат.

Жамиля Чынгышова.
Жамиля Чынгышова.

Негизи эле медицинанын эпидемиология жана жугуштуу оорулар деген тарабы каралбай калган, илгертеден эле штаттар кыскартылып, бейтаптарга деген орундардын көбү жоюлуп кеткен. Азыркы замандын дем алдыруучу жакшы аппараттары бар, ошону колдонууга өтүп жатабыз. Демек, оорунун дагы бир толкунуна эми туруштук бере алабыз, азыр алар көп аймактарда колдонула баштады. Тилекке каршы, элдин өзү да пандемия убагында ишенбей жатып ооруну күчөтүп алды. Биздин ички маданиятыбызга ылайык, той-топурга барып, өлүм-житимге барып көз көрсөткөн адатыбыз карантин учурунда азайган жок, кадимки жай турмуш жүрүп жатты. Сактанууну унутуп койдук, элдин көбү беткабы жок жүрдү, ооруга ишенген жок. Анан албетте, бири-бирине жугуп, бат тарап, оору күчөп кетти».

Кыргызстанда коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 1427 кишиге жетти.

Бир күн ичинде Кыргызстандагы ооруканалардан 816 бейтап айыгып чыкты. Расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 37541 кишиден аныкталып, анын 28 743ү сакайганы айтылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG