Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Түлөбаев: Эрежеге баш ийбеген пансионаттар жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар Ысык-Көлдө көбөйө баштаганына карабай, облус жетекчиси абал оңолгонун айтууда.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жакында дайындалган Балбак Түлөбаевдин айтымында, эми коронавирустун жайылышынын алдын алууда көзөмөлдү күчөтүш үчүн айыл өкмөттөр, айыл башчылар да тартылат. Бий аянтчалары жана балдар ойноочу жерлер жабылат. Жергиликтүү бийлик органдарына, район жана шаар жетекчилерине ушундай сунуш киргизди.

Балбак Түлөбаев: - Бул жакка өкмөттүн өкүлү болуп келгенде Чолпон-Ата шаарында, Ысык-Көл районунда, Жети-Өгүз районунда кырдаал оор болчу. Өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин, ыктыярчылардын жардамы менен ал кырдаалды жөнгө салдык. Чолпон-Атада ооруканадан тышкары эки стационар бар эле. Анын бири жабылды. Орусиядан келген дарыгерлер да абалды көрүп чыгышты. Аймакта абал оңолуп калды.

«Азаттык»: - Курч кырдаал басаңдады, баары жайында дегендей айттыңыз. Бирок акыркы күндөрү расмий маалыматтарда Ысык-Көл коронавирус жайылып бараткан аймактардын дээрлик сап башында болууда. Анын үстүнө туристтик аймак болуп саналат. Бул жагынан алганда «абал турукташып калды» дегениңиз туура эмес болуп калбайбы?

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

Түлөбаев: - Мен Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорун, Каракол шаарын айтып жатам. Бул жактарда туризм Ысык-Көл районуна салыштырмалуу көп өнүккөн эмес. Пансионаттардын көбү Ысык-Көл районунда. Ошол жакта абалды оңдош үчүн аракет кылып жатабыз. Эгер пансионаттар эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөбөй, беткап тагынуу жана башка эрежелерге маани берилбесе, катуу чара көрөбүз. Балким кош көңүл караган пансионаттарды жаап коёбуз.

«Азаттык»: - Ал кадамдарга ким барат? Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө мындай ыйгарым укук барбы?

Түлөбаев: - Райондук администрациялар жана санэпидкөзөмөл борборлору менен биргелешип өз укуктарыбызды колдонуп, андай кадамдарга барабыз. Пансионат кызматкерлери эс алуучуларга эскертүү берип, беткап тагынууну, аралыкты сактоону көзөмөлдөөгө тийиш.

«Азаттык»: - Ошол эрежелердин бардык жерде, бүт пансионаттарда сакталып жатканын силер кантип аныктайсыңар? Мүмкүнчүлүгүңөр барбы, буга?

Түлөбаев: - Биз баарын текшериш үчүн айыл өкмөттөрдүн ишин күчөтөбүз. Айыл башчылар бар, ошолор аркылуу көзөмөлдөйбүз. Колдон келишинче көзөмөлдү колго алабыз.


«Азаттык»: - Бишкектен жана башка аймактардан эс алуучулар көлгө барып жатышпайбы. Алардын кирип-чыгышына байланыштуу да эрежелер барбы?

Түлөбаев: - Албетте, эс алуучулар керек. Баарына эрежелерди эскертип жатабыз. «Оорунун белгилери болсо, келбей эле койгула» деп улам маалымдап турганга аракет кылып жатабыз. Эгер көлгө келгенден кийин ооруп калышса, дароо тийиштүү адистерге, жергиликтүү бийликке кабарлашы керек. Кээ бирлери ооруп калса да келип атпайбы. Ошондуктан ар бир пансионаттын жетекчилиги эс алуучулардын дене табын улам текшерип турушу керек. Мен Ысык-Көл районунун акимине бий аянтчаларын, балдардын ойной турган жерлерин жабууну сунуш кылдым.

«Азаттык»: - Аймакта дарыгерлердин жетишсиздиги чоң мүшкүл экени айтылып жатпайбы. Бул маселени кантип чечкени жатасыңар?

Түлөбаев: - Дарыгерлер азыр жетиштүү. Саламаттык сактоо министрлиги адистер менен камсыздап берип жатат. Орусиядан, Бишкектен медиктер келип көмөк көрсөтүп жатышат. 2-августта Оштон да дарыгерлер келишти, алар Караколдогу облустук ооруканада иштей башташты. Чоң рахмат айтабыз. Рентгенолог адистер гана тартыш, башкалары жетиштүү. Дары-дармек менен аймак 90% камсыздалган.

«Азаттык»: - Коронавирус кризисине байланыштуу туризм тармагы да чоң соккуга кабылып жатат. Ысык-Көл аймагында быйыл зыяндын кесепети кандай болчудай? Алдын-ала божомол барбы?

Түлөбаев: - Мен облуска кызматка жаңы эле келдим. Былтыркы сандар менен быйылкыны салыштырып жатам. Жакын арада брифинг өткөрүп, божомол жана акыркы кырдаал тууралуу кеңири маалымат беремин.

Редакциядан: Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 27-июлда дайындалган. Жайкы туристтик сезондун ачылышы менен аймакта коронавирус менен ооругандардын расмий көрсөткүчү да көбөйө баштаган. 2-августтагы маалыматка ылайык, облуста 2709 кишиде бул дарт аныкталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG