Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Боронов: 20 күндө Ысык-Көлгө баргандар он миңден ашты


Кыргызстандагы убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын 29-июлдагы жыйынында аймактардагы абалга кайрылды. Анын айтымында, аймактарда илдеттин кесепетинен каза болгондордун статистикасы жогорулап жатат.

Боронов акимдерге маселени үстүртөн көзөмөлдөбөй, ишке өздөрү аралашууну, тапшырманы жүзөгө ашырууну тапшырды:

«Ооруканадагы ар бир бейтап боюнча маалымат алып турсун. Буга чейин штаб тарабынан үймө-үй кыдырып, ооругандарды аныктоо милдети коюлган. Бул жумуш тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатат».

Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын агымы көп болуп жаткандыктан, аймакта, айрыкча курорттук аймактарда көзөмөлдү күчөтүүнү табыштады. Зарыл болсо кошумча күчтөр тартыларын белгиледи. Анын айтымында, статистикалык маалыматтар Ысык-Көлгө эс алыш үчүн өткөн айда үч миң киши, июль айынын 20 күнүндө 10 миңден ашык киши барганын көрсөттү.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондор 1347 кишиге жетти. Өлкө боюнча илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 34 512 кишини түздү.

Кыргызстанда 17-июлдан тартып пневмония да коронавирус катары каттала баштаган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG