Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Казакстан мигранттарга жолду ачты


Орусиянын Орунбург облусунда Бузулук районуна топтолгон мигранттар.
Орусиянын Орунбург облусунда Бузулук районуна топтолгон мигранттар.

Орусиянын Казакстан менен чектеш Оренбург облусунда бир нече күндөн бери топтолуп турган Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары мекенине аттанышты.

Орус казак чек арасындагы Оренбург жана Самара облустарына топтолгон мигранттар 3,5 миң адамдан ашкан. Оренбург облусунун жергиликтүү бийлиги тараткан маалыматка караганда алардын басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар болсо, 500дөйү Өзбекстандын жарандары.

«Самара жана Оренбург облустарында топтолгон мигранттар Казакстан аркылуу мекенине жибериле баштады. Орусиядан чыгарыла турган мигранттардын жалпы саны 3.5 миңден ашык. Арасында кош бойлуулар, карылар жана балдар да көп. Алар 6-августта Орусиянын аймагынан толук чыгарылып бүтөт», - деп маалымдашты айрым маалымат агенттиктери.

Чек аранын ачылышын күтүп, Самара жана Оренбург облустарында жаткан жарандарын Өзбекстан презд менен ташып кетип жатат. Кыргызстан болсо жарандарын 47 автобуска батырды. Өзбекстан өз жарандарынын негизги бөлүгүн 16-июлдан тартып алып кете баштаган. Андан бери топтолгону дагы 500гө жакындап калганын Оренбургдагы өзбек улуттук маданий автономиясынын төрагасы Равшан Кабланов ырастады.

Өзбекстан Казакстанда калган жарандарын жапырт чыгарып кетүүнү 1-июлда баштаган. Маселен, Казакстандын ичинде топтолуп калган 3750 өзбек жараны 1-7-июль аралыгында Казакстандын «Жибек жолу» чек ара бекетинен өткөн. Бирок өзбек чек ара бекетиндеги чектөөдөн улам дагы үч миңдей жаран «Кыш-Көпүрө» чек ара бекетинде кезек күтүп жатат.

Оренбургда топтолуп турган 2,5 миңдей кыргызстандык да Казакстан аркылуу мекенине кайтып келатат. Бул тууралуу 5-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

«1101 адам отурган 20 автобус 4-августта жолго чыккан, ал эми 5-августта дагы 23 автобус менен 1356 кыргызстандык жолго чыкты. Алардын жалпы саны 2457 адам», - деп кабарлаган мекеме.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, өлкөлөр ортосунда каттамдын бардык түрү токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде учактар үчүн чартердик каттамдар гана уюштурулуп, Орусиядагы мигранттардын айрымдары Казакстан аркылуу автобус менен ташылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги туруктуу авиакаттамдар ачыла элек экенин, орус-казак чек арасы жабык турганын белгилеп, мигранттарды чыдамдуу болууга, Казакстан менен чек арага барбоого үндөп келе жатат.

Элчиликтин маалыматына караганда, 20-марттан 20-июлга чейин Орусиянын 21 аймагынан 18 285 кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 74 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган. 2019-жылдагы маалыматка караганда, Орусияда бир миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG