Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Тажик мигранттары Казакстандан чыга албай турушат


200дөн ашуун тажикстандык мигранттар Казакстандын түштүгүндө, Түркстан облусунда автостоянкада эки айдан бери жашап жатышат. 2-июнь, 2020-жыл.
200дөн ашуун тажикстандык мигранттар Казакстандын түштүгүндө, Түркстан облусунда автостоянкада эки айдан бери жашап жатышат. 2-июнь, 2020-жыл.

200дөй тажикстандык мигрант эки айдан бери Казакстандын түштүгүндөгү чакан автобекетти байырлап турат. Алар айланасы таштандыга толгон аянтчада жашоого аргасыз.

Казакстандын Түркстан облусундагы «Жибек жолу» чек ара бекетине жакын жердеги автобекетти 200дөй тажик жараны эки айдан ашуун убакыттан бери байырлап турат.

«Тамакты өзүбүз жасайбыз. 100дөй адам тамак жейт, калганы отурат. Кош бойлуу аялдар бар. Таштандыдан чыккан баштыктардан кепе куруп алышкан. Балдар кир, айрымдары 20 күндөн бери жуунган эмес», - деди ал жерде тургандардын бири.

Казакстан менен Өзбекстан чектешкен жерде чогулгандардын арасында кош бойлуу аялдар, балдар жана улгайгандар бар. Алар шарты жок, жайдак жерде уктоого аргасыз.

Бул жерге топтолгондордун көбү пандемияга чейин Казакстанда жана Орусияда жашап, иштегендер. Чек аралар жабылары белгилүү болгондон тартып алар мекенине аттанган. Бирок Тажикстанга өтүп кетүүгө үлгүрбөй калышты.

Өзбек бийлиги алардын өз аймагы аркылуу өтүп кетишине эки айдан бери уруксат бербей жатат.

Учурда өзбек чек арасы кыбырап жүргөн тирүүлөр үчүн эле эмес, каза болгондор үчүн да жабылган.

Умар аттуу мигранттын айтымында, эки апта мурда Орусияда көз жумган тажикстандыктын сөөгүн алып келишкен. Табыт бир нече күн автотоктотмодо, ачык асман алдында жаткан.

«Ачык айтканда, ал жыттанып кетти. Адам көз жумгандан кийин денеси бузула баштайт эмеспи. Жетисайдагы биздин балдар аны мындан алыс эмес жерге көмгөнгө аргасыз болушту», - деди Умар.

Автобекеттеги мигранттар акчасы түгөнгөнүн, мындан ары кантип жан багуунун айласын таппай турганын айтышты. Башында социалдык тармактар аркылуу даттанышканда Тажикстандын бийлик өкүлдөрү кабар алууга келген. Бирок аткаминерлер аларды мекенине качан алып кетерин ачык айткан эмес.

«Бизге жардам керек. Биздин мамлекетибиз бар го. Мекенибизге кайткыбыз келет. Бизде «күтө тургула» дегенден башка жооп болбой жатат. Качанкыга чейин күтүп жата беребиз?», - деди Бегалы Халкаров аттуу адам.

«Азаттык» Тажикстандын Казакстандагы элчилиги менен байланыша алган жок.

Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маселе Өзбекстанда экенин, расмий Ташкент мигранттарга жол ачпай жатканын билдирди. Министрликтин расмий өкүлү Айбек Смадияров учурда тараптар сүйлөшүп жатканын айтты:

«Тажик бийлиги аларды алып кетүүгө даяр. Биз аларды чыгарып кетүүгө дароо эле уруксат бергенбиз. Учурда тажик бийлиги мигранттарды Өзбекстандын аймагы аркылуу алып өтүүнү макулдашып жатат. Өзбекстан уруксат берсе эле үйүнө эч тоскоолдуксуз кетет».

Түркстан, Казакстан.
Түркстан, Казакстан.

Казак-өзбек чек арасындагы автобекетке топтолгон тажикстандык мигранттарга азырынча жергиликтүү тургундар жардам берүүдө. Тамак-аш, кийим-кече, дары-дармектер жагынан көмөктөшүүдө. Бирок аларга казакстандык ыктыярчылардын аракети жетишсиз болууда.

Орусияда иштеген кыргызстандык жана өзбекстандык эмгек мигранттар буга чейин Орусиянын Самара жана Оренбург облустарында да ушундай эле абалга дуушар болушкан. Алар орус-казак чек арасына жакын жердеги жайдак талаада апталап жатышкан. Талаада калган мигранттардын биринчи агымы мекенине кайтып келген. Бирок дагы жүздөгөн мигранттар ара жолдо, чек аралардын ачылышын күтүп жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG