Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

«Тажик темир жолу» билеттерди кайтарып жатат


Тажикстан, Дүйшөмбү. 17-март, 2020-жыл.
Тажикстан, Дүйшөмбү. 17-март, 2020-жыл.

Москванын чечими Орусияга темир жол аркылуу жөнөгөн тажик мигранттарын түйшүккө салды. Жолго аттанып, поюзга билет алып койгондор, акчасын кайтарып алыш үчүн 17-мартта ондогон тургундар темир жол вокзалынын жанына чогулду.

Дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан улам Дүйшөмбү-Москва темир жол каттамы 17-мартта токтотулду. Орусия чек арасын жаап, 1-майга чейин башка өлкөлөрдүн жарандарынын киришине тыюу салды. Эми «Тажик темир жолу» ишканасы мурда саткан билеттерин кайтарып берүүгө аргасыз болуп отурат. Ишкананын жетекчилиги жүргүнчүлөрдүн жол киресин этап-этабы менен кайтарууга убада берди. Мекеменин өкүлү Анвар Латифзада 8 миңге жакын билет алдын-ала сатылганын, аны дароо кайтаруу оор экенин мойнуна алды:

«Жарандар билеттерди 28-апрелге чейин алып коюшкан. Ошондуктан биз билеттерди кезеги менен кайтарып берели деп чечтик. Анткени бир-эки жумадан кийин жол ачылып калышы деле мүмкүн деген ойдобуз. Ошондуктан билеттердин акчасын этап-этабы менен кайтарып беребиз».

Көп мигранттар баасы арзаныраак болот деген ойдо билетти 30-40 күн мурда эле сатып алып коюшат. Алардын акчасы кезеги менен кайтарылып бериле баштаган. Шаар тургундарынын билдиргенине караганда, «Тажик темир жолу» ишканасынын кассасынын жанында узун кезек пайда болгон.

«Биз кассага барган убакта эл көп чогулуп калган экен. Жалгыз гана касса иштеп жатты. Эл көп, кассадагы кызматкер жалгыз экен. Өзү жалгыз жетишпей жатты. Акчасын кайтарууну каалап, он сааттап кезекте тургандар көп», - дейт алардын бири.

Амиршо Алиев Дүйшөмбү-Москва багыты боюнча «Тажик темир жолу» ишканасынан бир нече күн мурун билет сатып алган. Ал билетке 118 доллар төлөгөн. Эми иштелбей калган билетин кайра тапшырганда 20 долларын касса кармап калган. Бул тууралуу ал социалдык тармактарга жазып чыккан.

Жыл сайын жаз айлары тажикстандыктар арасында миграция сезону болуп саналат. Миңдеген тажикстандыктар жаз келери менен Орусияга барып, суук түшкөнгө чейин иштеп келишет. Маселен, Орусия чек араларын жапканга чейин Тажикстандан Орусияга жумасына төрт поезд каттап жаткан. Экөө Дүйшөмбүдөн, экөө Куляб менен Хоженттен каттачу. Темир жол - тажикстандыктар үчүн эң үнөмдүү транспорт каражаты.

Айрым эксперттер коронавирусту токтотуш үчүн бир-эки айлык карантин жетишсиз деп эсептешет. Алар чек аралар көпкө чейин ачылбай кала бериши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Жергиликтүү социолог Абдуманнан Шералиев эл да, бийлик да жарым миллион тажикстандык миграцияга чыга албай үйдө отуруп калышына даяр болушу керек деген оюн билдирди:

«Карантин учурунда билеттин, патенттин, келишимдердин мөөнөтү өтүп кеткен учурлар кадимки эле көрүнүш. Ошондуктан ансыз да ар бир тыйынын үнөмдөп жашаган мигранттар абал турукташканга чейин үйүндө отурганы туура. Азыр бүт дүйнө коронавируска каршы вакцина табылат деп күтүп жатат. Бирок кырдаал башка жакка өзгөрүп кетиши да мүмкүн экенин эске алып, ар кандай кырдаалга даяр туруш керек».

Эмгек миграциясы жүз миңдеген тажикстандык үй-бүлөлөр үчүн негизги киреше булагы болуп саналат. Тажикстандын расмий маалыматы боюнча өткөн жылы жарым миллионго жакын тажикстандык башка өлкөлөргө чыгып, иштеп келген. Алардан келген акчанын көлөмү 2,6 млрд. доллар болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG