Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Тажикстанда парламенттик шайлоо өтүүдө


1-мартта Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо өтүп жатат.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата парламенттик шайлоодо 3 млн. 700 миң адам добушун берди. Бул жалпы шайлоочулардын 75 пайызын түзөт. Муну менен Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү деп эсептелет.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик парламентинин төмөнкү палатасына шайлоого №15 шайлоо бекетинен добуш берди. Шайлоого Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы да катышууда. Буга чейинки парламенттик шайлоодо анын партиясы көпчүлүк мандатка ээ болгон. Бул жолу да ошондой эле болот деп күтүлүүдө.

Шайлоого Элдик-демократиялык партиядан тышкары дагы алты партия катышууда. Арасында оппозициялык маанайдагы Социал-демократиялык партия да бар.


Тажик парламентинин төмөнкү палатасындагы 63 мандат үчүн 238 талапкер ат салышууда. Анын ичинен 65и партиялык тизме менен, калган 173ү бир мандаттуу округдардан катышып жатат.

Бул 1997-жылы Тажикстанда тынчтык келишими менен аяктаган жарандык согуштан кийин өтүп жаткан бешинчи парламенттик шайлоо. Ошондой эле Элдик-демократиялык партиянын негизги атаандашы болуп келген «Ислам кайра жаралуу» партиясы катышпаган биринчи шайлоо болууда.

Тажикстандын Жогорку соту «Ислам кайра жаралуу партиясын» 2015-жылы «экстремисттик жана террорчул уюм» деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Эл аралык байкоочулардын баамында, Эмомали Рахмон бийликте турган 1994-жылдан бери парламентке таза шайлоо өтө элек. Алардын айтымында, шайлоо бийликтин басымы алдында жана калган партиялар үчүн калыс эмес шарттарда өткөрүлөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG