Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Орусия коронавирус жугузгандарды кетирет


Коронавирустун алдын алуу боюнча Тюмендеги борбордун кызматкерлери Кытайдан келгендерди тосушууда. Орусия. 5-февраль, 2020-жыл.
Коронавирустун алдын алуу боюнча Тюмендеги борбордун кызматкерлери Кытайдан келгендерди тосушууда. Орусия. 5-февраль, 2020-жыл.

Орусиянын Ички иштер министрлиги жугуштуу илдетке кабылган мигранттарды өлкөдөн депортациялоого жол ача турган мыйзам долбоорун даярдап жатат.

Дүйнөдө коронавирус күч алган кезде орус өкмөтү жугуштуу илдетке кабылган мигранттарды өлкөдөн чыгарууга жол бере турган мыйзам долбоору даярдап жатканы кабарланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Орусияда айланадагыларга коркунуч жараткан оорулардын катарына ВИЧ инфекциясы, гепатиттин В жана С түрлөрү, кургак учук, күйдүргү, кара тумоо жана башкалар кирет. 2020-жылдын 31-январынан тартып бул тизмеге коронавирус да кошулган.

Буга чейин орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин коронавирус табылган чет өлкөлүктөр өлкөдөн депортацияланарын билдирген.

Даярдалып жаткан мыйзам долбоорун «Бирдиктүү Орусия», «Адилеттүү Орусия» жана ЛДПР партияларынын депутаттары колдошту. Ал эми өлкөнүн мурдагы башкы санитардык дарыгери, Мамдуманын депутаты Геннадий Онищенко буга «мааниси жок документ» деп баа берди.

Орусияда мурда деле жугуштуу оорулар аныкталган чет элдик жарандар өлкөдөн депортацияланып, кайра кире албай калчу. Болгону азыр ИИМ аларды депортациялоо ишинде кайсы мекеме жоопкерчилик аларын, мигранттар кандай жол менен чыгарыларын так белгилеп жазып чыкты.

Мигранттардын басымдуу бөлүгү буга чейин деле депортация болуудан коркуп, жумушта талап кылынган медициналык күбөлүктөрдү мыйзамсыз жол менен алууга ашыкчу.

144 адам Ухандан Тюменге жеткирилди

Ал ортодо Москва Кытайдын коронавирус алгач аныкталган Ухань шаарынан 144 адамды эки учак менен чыгарып кетти. Алардын арасында жалаң эле Орусиянын эмес, Украинанын, Беларустун жана Армениянын жарандары да бар. Алардын бардыгы Тюменге жеткирилип, эки жумалык карантинге алынды.

Кытайдан Тюменге алынып келген жарандар. Орусия. 5-февраль, 2020-жыл.
Кытайдан Тюменге алынып келген жарандар. Орусия. 5-февраль, 2020-жыл.

Коргоо министрлиги Кытайдан келгендердин биринен да коронавирустун белгилери байкалбаганын билдирди. Ал эми Орусиянын башкы санитардык дарыгери Анна Попова Тюмендеги атайын борбор бардык тиешелүү жабдыктар менен камсыздалганын айтты:

«Борбор бийик тосмо менен курчалган, ал жакка оңой менен кирүү мүмкүн эмес. Росгвардиянын жоокерлери кайтарып турат. Атайылап курулган дезинфекциялык камера да бар. Сууну тазалоочу жайлардын баары шаардыкына туташкан эмес. Бардыгы дезинфекцияланат. Эч бир нерсе сыртка чыкпайт».

Буга чейин Москва Кытай менен аба жана темир жол каттамдарын толук жапкан. Буга чейин Орусияда коронавирус жугузуп алган эки адам катталган. Экөө тең Кытайдын жараны болгон.

Өзбекстан да өз жарандарын чыгарып кетти

Орусиядан тышкары Өзбекстан дагы 250 жаранын Ухандан алып чыгып кетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 5-февралда тараткан билдирүүгө ылайык, кайтарылгандардын көбү Кытайда окуган студенттер. Алардын эч кимисинде коронавирустун белгилери табылган эмес.

Коронавирустан сактануунун эрежелери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Коронавирустан улам Өзбекстан 1-февралдан тартып коммерциялык аба каттамдарын токтотту. Туризм боюнча мамлекеттик комитет жергиликтүү агенттиктерге Кытайга жолдомо сатууну токтото турууга чакырды.

Буга чейин Казакстандын өкмөтү Ухандан 88 жаранын чыгарып кеткен. Алардын арасында 18 кыргызстандык да болгон.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, соңку жумаларда Кытайдан кайткан 285 тажикстандык ооруканага жаткырылды. Алардан деле вирустун белгилери аныкталган эмес.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар катталган жок. Бул тууралуу 5-февралда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, учурда ооруканаларда дарыгерлердин көзөмөлүндө 52 адам турат.

Коронавирустун кыргыз базарына таасири
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Кытай бийлигинин расмий маалыматы боюнча 5-февралга карата өпкөнү сезгенткен вирустан көз жумгандардын саны 500гө чамалады. Жугузгандардын саны 25 миңдин тегерегинде.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG