Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Кытайда коронавирусту 17 миң адам жугузду


Кытай дарыгери.
Кытай дарыгери.

Кытайда коронавирус жугузган кишилердин жалпы саны 17 миңге жетти. Анын ичинен 361 адам каза болду.

Акыркы бир эле сутка ичинде 2829 жаңы учур катталды. Бул маалыматты Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Соң Шули таратты:

- 2020-жылдын 2-февралына оогон түнгө карата Улуттук саламаттык сактоо комитети өлкөнүн провинцияларынан жана Шинжаңдын өндүрүштүк курулуш корпусунан 17 миң 205 коронавирус чалдыккандар катталганын бышыктаган маалымат алды. Ушул тапта 2296 адамдын абалы оор. Ал эми 361 бейтап көз жумду. 475 киши ооруканалардан чыгарылды. Вируска чалдыккан деп шек саналгандар 21 миң 558 адам.

Кытай медиасындагы маалыматтарга караганда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө коронавирус жугузганы аныкталган 148 учур катталган. Ал эми Филиппинде коркунучтуу оорудан бир киши каза болгону кабарланды. Ал Ухандан келген 44 жаштагы киши болуп чыккан.

11 миллион калк жашаган Ухань шаары жайгашкан Хубэй провинциясында карантин жарыяланган. Аймакка кирүүгө жана андан чыгууга тыюу салынган. Ал арада Кытай менен темир жол жана аба жол каттамдарын токтоткон өлкөлөр күн санап көбөйүп жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму каттамдарды токтотуунун пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүн экенин эскертти. Уюм каттамдарды тыюу маалымат алмашууга, дары-дармек жеткирүүгө жана экономиканын өсүшүнө тоскоол болот деп эсептейт.

Ал арада коронавирус чыккан Ухань шаарында миң адамга чакталган оорукана он күн ичинде курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Жалпы аянты 25 миң чарчы метр болгон ооруканада Кытай армиясынын 1400 дарыгери эмгектенмекчи. Уханда жаңы эле ишке берилген «Хуошэньшань» ооруканасынын дары-дармек бөлүмүнүн башчысы Жи Бо оорукана ар тараптан камсыздалганын ырастады:

- Бизде жаңы вируска кабылган бейтаптарга керектүү бардык дары-дармек, анын ичинде инфекцияга каршы, вируска каршы препараттар жана ооруну баса турган каражаттар толук бар. Бейтаптарды дары-дармек менен толук камсыз кылыш үчүн атайын адистер дайындалган.

Кытай бийлигинин маалыматына караганда, дагы үч күндөн кийин коронавируска каршы дагы бир ушундай оорукананын курулушу бүткөнү турат.

Кыргызстан 2-февралда Ухань шаарынан 18 жаранын алып келди. Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер азырынча карантинде болуп турмакчы.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коркунучтуу вирустун белгилери катталбаганын дүйшөмбүдө билдирген.

Ал арада дүйнөдө кытай улутундагы адамдарды жек көргөн маанай күчөгөнү кабарланууда. Маселен, эң эле демократиялуу деп эсептелген Британияда адамдар кытай улутундагы жарандарга кол салган же жек көрүүсүн ачык билдирген бир нече окуя катталган. «Times» журналы кытайларга болгон жек көрүү маанайынын жаралышына коронавирустун чыгышы себеп болгонун жазууда. Британияда жашаган кытай жамаатынын башчысы Британиядагы кытай студенттеринин коопсуздугуна кабатырланып жатканын жарыялаган.

Англиядагы Йорк университетинин сырткы байланыш бөлүмүнүн башчысы Жоан Конкэннон да кытай студенттерден бир нече арыз келип түшкөнүн ырастады.

- Бир тайпадагы студенттер кытайлык тайпалашын «үйүңө кет» деп кодулашкан. Дагы бир кытай улутундагы студент эс алып отурган учурда кафенин кожоюну келип, кардарларды чочутпай беткабын чечип отурушу керек экенин эскерткен.

Кытайларды шектенүү менен карап, кээ бир жерде кол салган учурлар Германияда да катталган. Мисалы, Германияда кытай улутундагы өспүрүм кызды көптөп тепкилеп кетишкен. Жергиликтүү полиция буга Кытайдан чыккан коронавирус себеп болгон деп эсептейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG