Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Орусияда окуган студенттердин арасат абалы


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Кыргызстанда миңдеген студенттер окуусун улантуу үчүн Орусияга кире албай жатат.

Москвадагы Эл достугу университетинде окуган Аида Эркинбекова быйыл бүтүрүүчү курста. Октябрда соңку сессиясын тапшыргандан кийин өндүрүштүк практикага, андан соң дипломдук ишин жактоого камданышы керек.

Ал жазында Орусияда коронавирус илдети күч алып турган кезде орусиялык окуу жайлар жабылып, студенттер сессияларын аралыктан тапшыргандан кийин Кыргызстанга үй-бүлөсү менен учуп кеткен. Эми Орусиядагы окуусун жыйынтыктоо үчүн кайрадан жете албай турат.

«Оору Москвада күчөп жатканда элчиликтен суранып, чартердик рейс менен Кыргызстанга кайтканбыз. Анда окуу жайлар аралыктан окууга өтүп, студенттердин көбүн жатаканалардан чыгарып салышкан. Эми окуу жылы башталып, биз кайра кайта албай жатабыз, - дейт Аида. - Августтан бери ар кайсы мекемеге кайрылабыз. «Күткүлө» дегенден башка жооп жок. Орусияда болсо, окуу башталды. Кээ бир окуу жайлар студенттерге аралыктан окууга шарт түзүп бериптир. Бизде андай жок. Кээ бир студенттер бюджеттик негиз менен окушат. Биз акысын төлөп окуйбуз. Чет өлкөлүк студент катары орусиялыктардан да көбүрөөк акы төлөйбүз. Университетке байланышсак, «кырдаалды түшүнөбүз» дешет. Бирок бир ай кечигип барабызбы же эки ай кечигип барабызбы, акыры сессияларды жабышыбыз керек. Окуу программасын токтотуп коюшпайт да. Он мугалимдин бешөө абалды түшүнсө, калган бешөө түшүнбөйт. Минтип отурсак, кышкы сессияны студенттер тапшыра албай калат».

Азыркы кезде Орусияда билим алгандар менен бирге орусиялык ЖОЖдорго жаңыдан тапшырган мектеп бүтүрүүчүлөрү да арасат абалда калды. Көбү окуу программасына жетишүүдөн тышкары жатакана маселеси кандай чечиле турганына беймаза. Алар Тышкы иштер министрлигине, Билим берүү министрлигине жана президенттик аппаратка кайрылганын айтып, бул маселени "өкмөт чечпей жатканына" нааразы.

7-сентябрда Орусияда окуган 500гө жакын студент ата-энелери менен президентке кайрылуу жасады. Алар Орусияга киргенден кийин эки жума карантинде калууга, коронавируска тест тапшырууга даяр экенин билдирип, бул маселени жакын арада чечип берүүнү мамлекет башчыдан жана аппарат жетекчилигинен суранышкан.

Дүйшөмбүдө студенттердин бир тобун Билим берүү министрлигинде кабыл алып, "маселени жакын арада чечүүгө" убада беришкенин "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Ал эми Москвадагы кыргыз элчилигинин өкүлү Алмаш Алтымышева Орусиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушуп, бул маселе каралганын кошумчалады.

«Андрей Руденко мырза бул маселе Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарында каралып жатканына, жакын арада чечилерине ишендирди. Көйгөй азыр 16 миңдей кыргызстандык студентке гана эмес, башка КМШ өлкөлөрүнүн Орусияда окуган 70 миңден ашуун студенттерине да тиешелүү. Андыктан, бардык чет өлкөлүк студенттерге бирдей чечим кабыл алынарын билдирди».

Орусия коронавирус пандемиясынан улам чек араларын марттын аягында жапкан. Азыр Орусиядан чартердик рейстер менен мигранттар мекенге кайтып жатышат.

Москадагы элчиликтин маалыматына ылайык, 1-сентябрдан орус жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туруктуу жашоого уруксаты барларга, орус ооруканаларында дарыланууга муктаж чет өлкөлүктөргө гана Орусияга кирүүгө уруксат берилет.

Бул кезде Кыргызстанга июлда коронавирус күчөп турганда ыктыярчы болуп келген дарыгерлер да Орусияга кайта албай жатышат.

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

Элчи Аликбек Жекшенкулов "Азаттыкка" курган маегинде Орусия менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу төмөнкүлөрдү белгилеген.

«"Роспотребнадзор" мекемесинин өкүлдөрү азыр 10-сентябрга чейин Кыргызстанда жүрүшөт. Ошол иш сапардан кайтып келип, Кыргызстандагы жалпы эпидемиологиялык абал тууралуу корутундусун чыгаргандан кийин чек араларды ачуу, аба каттамдарын жандантуу сыяктуу бир топ маселелер дароо чечилет. Буга убакыт керек. Ага чейин биз ыктыярчы болуп кеткен дарыгерлерден жумуш берүүчүсүнөн - өкмөттүк оорукана, же жеке клиника болобу, же кандайдыр бир долбоор болобу, ишке чакыруу катын алууну суранып жатабыз. Ошондой каттар даяр болсо, биз Орусиянын ТИМине нота жазып, вице-премьер Татьяна Голикова аркылуу аларга Орусияга киргенге уруксат алганга жардам беребиз».

Ал эми Орусияда болсо баштапкы, орто жана жогорку окуу жайлар – баары бирдей 1-cентябрдан тарта окуучуларга эшигин ачты.

Эпидемиологиялык шартка байланыштуу мектептерде мугалимдерден коронавируска тест тапшыруу талап кылынып, окуучулар отурган класстарды дезинфекциялап, маал-маалы менен желдетип, балдардын дене табын күнүгө текшерип туруу милдеттендирилди.

Буга чейин Илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков чет өлкөлүк студенттер эки жумалык карантинге алынып, коронавируска тест тапшыргандан кийин гана окууга кайта аларын билдирген.

Орусияда коронавирусту жуктургандардын саны өткөн жумада 1 миллиондон ашты. 17 миң адам өмүр менен кош айтышты. Кыргызстанда коронавирус 44 миңден ашуун адамда аныкталып, анын ичинен 1061 адам оорудан көз жумду.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG