Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Москвада ыктыярчыларды коронавируска каршы эмдөө башталат


Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында коргоо министри Сергей Шойгу да бар.
Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында коргоо министри Сергей Шойгу да бар.

Орусиянын борбору Москва шаарында ушул аптадан тартып ыктыярчыларды коронавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу буга чейин мэр Сергей Собянин өкмөттүн жыйынында президент Владимир Путинге билдирген. Мэрдин айтымында, алгачкы эмдөөгө өз ыктыяры менен беш миңдей адам жазылган жана вакциналардын алгачкы партиясы Москвадагы үч бейтапканага жеткирилген.

Маалыматтарга караганда, алгач 40 миң киши коронавируска каршы эмделет, жарым жылдай убакыттан кийин жарандарды жапырт эмдөө башталат.

Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында Путиндин кызы, коргоо министри Сергей Шойгу да бар.

Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Орусиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшериш үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү экенин айтып келатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзүндө ушул тапта 150дөн көп ыктымалдуу вакцинаны даярдоо, сыноо иштери жүрүп жатканын билдирген. Алардын ичинен 25 препарат адамдарга сайып текшерүү баскычына жеткен.

XS
SM
MD
LG