Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Тумоого каршы эмделгиси келгендер көбөйдү


Орусиядагы лабораториялардын бири.
Орусиядагы лабораториялардын бири.

Күз мезгилинде сасык тумоо, дем алуу органдарынын курч сезгениши сыяктуу оорулар күчөйт. Ушундан улам адистер сасык тумоого каршы эмделүүнү сунуш кылып жатат.

Коронавирус тыйылбай жаткан шартта дарыгерлер сасык тумоого каршы эмделүү менен абалды бир аз жеңилдетсе болорун айтып жатышат.

Педиатр Анаркан Базаркулова быйыл жылдагыга салыштырмалуу сасык тумоонун вакцинасын, ошондой эле башка ооруларга каршы эмделүүнү каалагандар көп болуп жатканын билдирди:

«Эмдөө десе элдин көбү качып, балдарын алып келбей, биз аябай кыйналчубуз. Азыр пандемия башталганы элдин көзү ачылып, сабаттуу болуп калды. Тескерисинче, биздин артыбыздан кубалап, «сасык тумоонун вакцинасын алат элек, пландуу эмдөө качан болот» деген ата-энелер көбөйдү. Мурда диний көз караштан улам балдарына вакцина сайдырбай же «кошунамдын баласы эмдегенден кийин ооруп калыптыр» деген сыяктуу имиштерге ишенгендер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, артынан кубалап кыйналчу элек. Азыр андай эмес. Мамлекет жөн эле эмдөө саясатын жүргүзбөй турганын аңдашты десем болот. Эми «сасык тумоого каршы эмделебиз» деп улам чалып жатышат».

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жылына сасык тумоого каршы 100 миңден ашык доза вакцина сатып алат. Алардын көпчүлүгү негизинен тобокел топтогу адамдарга сайылат. Алар: медициналык кызматкерлер, өнөкөт оорулуу адамдар жана балдар үйлөрүндө, карылар үйлөрүндө жашагандар.

Пульмонолог-дарыгер Талант Жакыпов коронавирус күчөп турган маалда күзгү, кышкы тумоонун алдын алуу менен ооруну басаңдатуу мүмкүн деген ойдо.

«Сасык тумоонун бир нече типтери болот, - деп түшүндүрдү ал. - А, В деген топторго бөлүнөт, алар да өз ичинен штаммына жараша майда топторго бөлүнүп кетет. Тумоого каршы вакцина коронавирустун штаммына таасир этер-этпесин азыр эч ким айта албайт. Кудай сактасын, бирок күзүндө оору кайра күчөйт деп жатышат. Коронавирус болгон адамга сасык тумоо да кошулса, анда абалы өтө эле начарлап, кыйналат. Сасык тумоонун вакцинасын буга чейин алып эле келбедик беле. Айрыкча дарыгерлер анын пайдалуу экенин жакшы билишет. Ошондуктан жеңил формада ооруп айыгууну көздөгөн адамдар жылда эле сайдырып жүрөт. Эч кандай зыянын байкай элекпиз».

Коронавирустун вакцинасын иштеп чыгуу боюнча Кытай, АКШ, Орусия сыяктуу ири державалар ат салышып жатат. Ал арада Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын күзгү дозалары азырынча келе элек. «Фарватр» компаниясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев бул вакцинаны саткан өлкөлөрдөгү дары заводдору ички талапты аткармайын сыртка экспорт кылуу маселеси чечиле элек экенин билдирди:

«Дүйнө жүзүн азыр вакцина маселеси катуу түйшөлтүп жатат. Бизге да келишим боюнча Орусиядан келиши керек эле, ошону күтүп отурабыз. Адатта сентябрдын экинчи жарымында келип калчу. Бирок быйыл вакцина чыгарган өлкөлөр биринчи кезекте өз элин камсыз кылмайынча сыртка сатпайт да. Ашса беришет, ашпаса жок дегендей. Ушундан улам тумоонун вакцинасы деле тартыш болушу ыктымал».

Жылына күз айларында Кыргызстандагы менчик клиникаларда тумоого каршы 500-600 сомдун тегерегинде бир доза вакцина сайылып келген. Саламаттык сактоо министрлигинин Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана профилактика департаментинин жугуштуу оорулар боюнча бөлүм башычысы Динара Оторбаева менчик клиникаларга келип түшкөн вакциналардын сапатын көзөмөлгө алышарын, анын баары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына ылайык сертификаттар менен келерин айтып, тумоого каршы эмделүү боюнча мындай маалымат берди:

«Саламаттык сактоо министрлиги тумоого каршы сырттан алынган вакцинанын дозасын жылдан жылга көбөйтүп жатат. Ошол себептен болсо керек, биздин тобокел топтогу адамдардын арасында сасык тумоонун оор формасына чалдыккандар аз кездешип жатат. Мисалы, 2019-жылы 150 миң, 2018-жылы 91 миң, 2016-жылы 181 миңдей доза вакцина алып келгенбиз. Анын баары бекер эле аяр катмар деген өнөкөт оорулууларга, медицина кызматкерлерине, тез-тез ооруй берген балдарга, кош бойлуу аялдарга сайылган болчу».

Дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын экинчи жарымында, өлкөгө сырттан вакцина келгенде башталарын күтүп жатышат. Аны ишке ашыруу маалында адамда тумоонун бир да симптому болбошу керек.

Бул алты айдан жогору балдардан тартып бардык жаштагы адамдарга жылына бир ирет сайыла турган вакцина болуп саналат. Бирок аны сайдыргандан кийин таптакыр сасык тумоо болбойт деген кепилдик жок. Дарыгерлер бул вакцина болгону оорунун белгилерин азайтып, жеңил өтүшүн камсыз кыла аларын айтып келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG