Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Түштүк Кореяда дагы бир чиркөөдөн вирус тарады


Токионун беткапчан тургундары. Жапония. 1-август, 2020-жыл.
Токионун беткапчан тургундары. Жапония. 1-август, 2020-жыл.

Дүйнөдө коронавируска кабылгандар 22,5 миллион адамдан ашты. Түштүк Кореяда протестант чиркөөсүнө байланышы бар адамдардын арасында вирус жугузуп алгандар көбөйүп жатат.

«Пандемияны ар бир адамдын жоопкерчиликтүү мамилеси токтотот»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жайкы эс алуудан кийин коронавирус жугузуп алган адамдар көбөйүп жаткан Европа мамлекеттеринде жаңы карантин чектөөлөрүн киргизүүнүн кажети жок экенин билдирди.

Уюмдун Европа боюнча бөлүм башчысы Ханс Клюге 20-августта өткөрүлгөн брифингде пандемияны вакцина эмес, ар бир адамдын жоопкерчиликтүү мамилеси токтоторун айтты:

«Вакцина да пандемияны токтотпойт. Ар бирибиз өзүбүзгө жоопкерчилик алып, вирустан сактанууну үйрөнгөн күнү гана пандемия токтойт. Бул ар бирибизден көз каранды, ал күн эртең да болушу мүмкүн».

Дүйнөдө коронавирустун жайылышы жана андан каза болгондордун саны боюнча Кошмо Штаттар дагы эле алдыда. Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, учурда Калифорния, Техас жана Флорида штаттарында COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйгөн.

Бул ооруга кабылгандар дүйнөдө 22,5 миллион кишиден ашты, 790 миң адам көз жумду.

Түштүк Кореяда вирустун жаңы очогу пайда болду

Түштүк Кореяда 20-августта 300дөн ашуун адамдын коронавирус жугузуп алышы тынчсыздандырууда. Бул март айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Илдеттин бул жолку жайылышын «Сараң Жейл» деген чиркөө өткөргөн акциядан көрүп жатышат. Анын мүчөлөрү өкмөттүн чектөөлөрүнө каршы жүрүшкө чыккан. Вируска чалдыккандардын көбү дал ошол акцияга катышкандар. Чиркөөнүн жетекчиси өзү да бул илдетке кабылган. Бирок ал акцияга катышкандардын тизмесин берүүдөн баш тартып, өкмөттүн ишине токсоолдук кылууда. Анын бул кадамын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да сынга алды.

Өкмөттүн чектөөлөрүнө каршы чыккан «Сараң Жейл» протестан чиркөөсүнүн мүчөлөрү. 15-август, 2020-жыл. Сеул.
Өкмөттүн чектөөлөрүнө каршы чыккан «Сараң Жейл» протестан чиркөөсүнүн мүчөлөрү. 15-август, 2020-жыл. Сеул.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Ким Гаң Лип брифингде кырдаалды абдан олуттуу деп мүнөздөдү.

Өкмөт Сеулдагы саясий жүрүшкө катышкан ар бир адамды жана аларды аймактан ташып барган айдоочуларды аныктаганга аракет кылып жатат.

Түштүк Кореяда февраль айында да коронавирустун очогу «Шин-Чонжи» христиан сектасына караштуу чиркөөдө пайда болгон. Анда бул вирусту 2 миңдей адам жугузуп алган. Вирусту ооздуктоо ишине тоскоолдук кылып, жалган маалыматтарды берген деген кине менен ал сектанын башчысы 1-августта камалган.

Түштүк Кореяда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 16 600 кишиден көп, 300дөн ашуун адам каза болду.

Италия, Франция жана Германия коронавирус жуккандар көбөйүп жаткан мамлекеттердин катарында.

20-августта Италияда 845 адам катталган, бул май айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Францияда бир күндө эле ооругандардын саны 4700 кишиге жетти. Германияда 20-августта 1000ден көп кишиден коронавирус табылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG