Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Коронавирус курмандыктарынын «азайышы»


Таластагы дарыгерлер коронавирус менен ооруган бейтапты дарылап жаткан учур. 9-июль, 2020-жыл.
Таластагы дарыгерлер коронавирус менен ооруган бейтапты дарылап жаткан учур. 9-июль, 2020-жыл.

Кыргыз бийлиги коронавирустан каза болгондорду кайра эсептеп чыгып, мурдагыга караганда 437 кишиге азайтты.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун расмий саны 18-августта 29% азайды. Мындай өзгөрүүнү Саламаттык сактоо министрлиги пандемия өмүрүн алгандардын саны кайрадан иликтенип чыкканы менен түшүндүрүүдө. Министрдин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, эл аралык эрежелерди эске алуу менен эсептөөдө 437 адам башка дарттардын кесепетинен каза болгону аныкталган.

Мадамин Каратаев.
Мадамин Каратаев.

«437 учурдун 358сине (82%) жүрөк оору себеп болгон. 24 учурдуку (5,6%) – курч миокард, 13 учурдуку (3,1%) – мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу. 10 учурдуку (2,5%) – бөйрөк оорулары, 32 учурдуку (6,8%) – башка себептер (суициддер, онкологиялык оорулар жана башкалар)», - деди Каратаев.

Ошентип коронавирустан каза болгондордун расмий саны буга чейин 1489 адам деп эсептелип келсе, 19-августка карата 1054 адам деп кабарлана баштады. Башкача айтканда, ушул убакка чейин Кыргызстанда коронавирус жуккандардын 3,8% көз жумганы айтылып келсе, мындан ары бул көрсөткүч 2,4% болуп калды.

Ошондой эле министрлик быйыл өлкөдө каза болгондордун жалпы саны былтыркыдан көбөйбөгөнүн билдирди. Маселен, 2019-жылы алгачкы жети айда 19300дөн ашык адам каза болсо, быйыл бул көрсөткүч 18799 адамды түзгөн.

Буга чейин пандемиянын курчуп турган кезинде Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен киши башына алганда каза болгондор боюнча алдыңкы сапка чыккан учурлар болгон. Ал убакта өлкөдөгү коронавирус курмандыктарынын көп болушун шарттаган жагдайларды иликтөө боюнча демилге көтөрүлгөн. Азыр деле мамлекеттик комиссия түзүүнү сунуш кылгандар кездешет.

Ошол эле учурда кыргыз бийлиги вирус аныкталбай, бирок өпкөсү кагынып каза болгондорду аймакта биринчилерден болуп расмий статистикага киргизген болчу. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигинин пандемиянын курмандыктарын азайтуу аракети эмнеге байланыштуу деген суроо жаралат.

Расмий бийлик муну эс-учту жыйган соң абалга обьективдүү баа берүү аракети менен гана түшүндүрүүдө. Министрдин орун басары Мадамин Каратаев пандемиянын кесепетинен каза болгондордун саны буга чейин Испания, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө да кайра эсептелген соң азайтылганын мисал келтирди.

Ошол эле кезде буга чейин коронавирустун таралышы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келген адис Айжан Дооронбекова бул илдеттен каза болгондор боюнча учурдагы расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбайт деген пикирде. Ал вирустан каза болгондор көп болушу мүмкүн деген божомолун ортого салды:

«Учурда дүйнө жүзүндө каза болгондорду коронавирустан же башкадан кайтыш болду деп каттоодо маселе бар. Бирок вирус жугузуп алып каза болгон соң аларды башка оорудан каза болду деп саноонун эмне мааниси бар? Ал эмнени өзгөртөт? Ушундай жол менен коронавирустан каза болгондордун санын азайтып коёбуз дегендин максатын түшүнбөйм. Мен азыр чынында канча адам каза болгонун так айта албайм. Бирок азыркы расмий статистикага караганда каза болгондор көп экенин билем. Анткени көп адамдар ооруканага жетпей каза болду».

Ал эми мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, каза болгондордун санын азайткандын ордуна ага себеп болгон жагдайларды иликтөө туура болмок.

Таланбек Батыралиев.
Таланбек Батыралиев.

«Бул эсептөөнү эмне максат менен кылды, чынын айтсам толугу менен түшүнө алган жокмун, - деди ал. - Анткени, статистиканы жөн эле сан деп ойлобошубуз керек. Анын максаты - дал ушул статистикага таянып конкреттүү иш-чаралар болушу керек. Ошондуктан бул кайрадан эсептөө бир катар тактоолорду талап кылат. Мисалы, министрлик «коронавирустан каза болгондордун эсебинен чыгарылган 437 адамдын ичинен кайсы бир бөлүгү жүрөктөн кетти» деп жатат. Анда ал адамдар коронавирус деп ооруканага жаткырылган учурда жүрөк оорусун айыктыруу боюнча керектүү дарылануудан өттүбү-жокпу? Өтпөсө ага эмне себеп болду? Ошондуктан, бул тактоонун ордуна жаңы суроолорду жаратып жатат».

Таланбек Батыралиев учурда тиешелүү органдар коронавирустан каза болгондордун саны боюнча гана иликтөө жүргүзбөй, мындан аркы абалдын начарлашынын алдын алуу, бул вирустун башка өнөкөт ооруларга тийгизген таасири тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүшү керек экенин кошумчалады.

Чынында эле июль айынын алгачкы эки аптасында коронавирус менен пневмониядан каза болгондор абдан көп катталган эле. Муну Саламаттык сактоо министрлиги да ырастап, өлкөдө эпидемиянын туу чокусу 13-19-июлга туура келгенин кабарлаган жайы бар. Азыркы күнгө чейин бул вирусту жугузгандар 42 325 адамды түздү. Анын 34885и айыкты. Акыркы бир суткада бир адам каза болду.

Кырдаал турукташканы менен өкмөт пандемиянын экинчи толкуну кеч күздө болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Ошондуктан санитардык нормаларды бекем сактоого чакырууда. Бирок акыркы күндөрү өлкөдө жай турмуш калыбына келип, эс алуучу жана башка коомдук жайларда адамдар көбөйгөнү байкалып жатат.

Мындан тышкары октябрга белгиленген парламенттик шайлоого байланыштуу санитардык жана карантик эрежелерди сактоо кыйын болорун адистер да эскертип жатышат. Буга байланыштуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарандарга жана саясий партияларга кайрылып, жоопкерчиликтүү болууга чакырды:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды, бирок айрым райондордо абал дагы эле курч. Бул шартта бардык тарап, анын ичинде жагдайды мындан ары да жакшыртуу маселесинде саясий партиялар жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эл менен жолугушууларды өткөрүш үчүн белгилүү бир талаптар иштелип чыгууда. Баарынан биринчиси - залда уруксат берилген санда гана адам болушу керек. Имараттарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып, байма-бай желдетилип турушу керек».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Учурда партиялар чектелүү сандагы адамдар менен же онлайн түрдө жыйын өткөрүүдө. Бирок шайлоого жакын үгүт өнөктүгү жана добуш берүү учурунда санитардык нормалар кантип сакталат деген маселе турат. Борбордук шайлоо комиссиясы бул боюнча керектүү чара көрүлөрүн билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG