Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Балдардагы коронавирус күчөп кетиши мүмкүн


Балдар ашыкча үшүп же ысып кетпеши керек.
Балдар ашыкча үшүп же ысып кетпеши керек.

Кыргызстанда коронавирус 388 балага жукканы расмий айтылууда. Балдардагы вирустун өзгөчөлүктөрү кандай? Күчөп кетсе кандай ооруларга жол ачышы мүмкүн?

АКШда июль айында 100 миңдей балада жана өспүрүмдө коронавирус оорусу табылып, 90дон ашууну чарчап калды. Арасында вирустан улам күчөгөн Кавасаки синдромуна кабылгандар да бар.

Адатта балдар вирусту женил өткөрөт деп айтылганы менен мунун опурталдуу жагы да бар.

Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев март айынан бери Кыргызстанда расмий эсеп боюнча 388 балага коронавирус жугуп, алардын ичинен Нарында бир ымыркай чарчап калганын билдирди:

Камчыбек Узакбаев.
Камчыбек Узакбаев.

«Бир жашка чыга элек ымыркай Нарында чарчап калды. Аны биздин борборго алып келишкен жок. Андан башка расмий эсептерде өлүм катталган жок. Нарындагы кесиптештерибиз чарчап калган баланын анализинде коронавирус чыкканын тастыкташты. Вирус Кыргызстанда башталганда эле кан оорулары менен жабыркаган кичинекей бейтаптан аныкталды.

Биз негизи мындай болорун күтүп жатканбыз. Себеби, кан оорулары менен ооруган балдарда аз кандуулук күчтүү болот, иммунитети өтө алсыз эмеспи. Пандемия башталганда эле дарыгерлер кеңешип, кооптуу жагдайдагы бир нече топту аныктаганбыз. Алардын башында дал ушул кан оорулуу наристелер турат. Андан кийин өнөкөт оорусу барлар келет. Үчүнчү катарда - ар түрдүү операция жасаткан балдар. Аларда да вирус, инфекция коркунучу күчтүү».

Күзүндө күчөйт деген коркунуч көп

Узакбаевдин айтымында, учурда балдарда күзгү-кышкы вирустардын алдын алуу иштери жүрүп жатат. Аймактарда педиатрлар, балдардын реаниматолог-анестезиологдору тартыш болгондуктан, адистерди кошумча окутуу да каралууда. Ошондой эле курулуп жаткан жаңы инфекциялык ооруканалардан балдар үчүн орун бөлүүнү да бийликтен суранып жатышат.

Бала бакчалар ачылып, мектептер иштей баштаса кийинки толкунда вирус балдар арасында күчөйт деген коркунуч күчтүү.

«Эпидемиологиялык кырдаалды биз өтө кылдат көзөмөлгө алышыбыз керек. Айрыкча баласын бала бакчага, мектепке жиберген ата-энелер аларга өздүк гигиенаны, колду самындап жууганды, антисептик колдонгонду, ошондой эле аралыкты сактап, обочолонгонду үйрөтүшү зарыл, - дейт Узакбаев. - Мындан тышкары бизде бала бакча тайпаларында балдар өтө көп. Инфекциялык көзөмөлдү ишке ашырыш үчүн тайпалардагы балдардын санын азайтууга туура келет. Ошондой эле балдар менен иштешкен мугалимдерди, адистерди вирустун белгилерин тааный билүүгө үйрөтөлү деп пландап жатабыз».

«Кавасаки Кыргызстанда да катталышы ыктымал»

Ал арада бишкектик дарыгер Бекмамат Сурапов июль айынын ортосунан бери бир үй-бүлөнүн вирус жуккан дээрлик бардык мүчөлөрүн дарылап, бейтаптардын эң кенжеси жети жаштагы баладан дарыгер вирустан күчөгөн аутоиммундук Кавасаки синдрому аныкталганын айтты:

«Баладагы бардык белгилер васкулит оорусуна окшош эле. Мен алгач анын Кавасаки синдромуна чалдыкканын ойлогон деле эмесмин. Бирок, оорусун тереңдеп изилдеп, тапшырган анализдеринин баарын карап чыккандан кийин коронавирустан күчөгөн Кавасаки синдрому келип чыкканы аныкталды. Аны кадимки васкулитти дарылагандай эле тартипте үйүнөн амбулатордук тартипте дарыладым. Азыр жакшы болуп калды.

Баланын үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен COVID-19га карата антиденече тестин тапшырышкан. Алардын баарынан иммуноглобулин G, башкача айтканда, вирус менен ооруп айыкканы тууралуу тыянак чыкты. Ал эми Кавасаки синдрому деп ше саналган баланы алсак, ал вирус болуп ооругандан кийин бассейнге түшүп, чыйрыгып калган. Ошондон улам оорусу өтүшүп кеткен. Азыр коронавирусту дарылаган дарыгерлер айыгып чыккандарга катуу үшүгөнгө, ысыганга болбойт деп кеңеш берип жатпайбы. Мен да ата-энелерге балдарды ысык-сууктан этияттагыла деп айтар элем».

АКШда июль айында 100 миңдей балада жана өспүрүмдөрдө коронавирус оорусу табылып, 90дон ашууну чарчап калды.

Кыргызстандык дарыгерлер баланын өнөкөт оорулары болбосо вирус жеңил өтөрүн айтып жүрүшөт. Ошентсе да курч респиратордук оорудан күчөгөн аутоиммундук оорулар козголушу толук ыктымал экенин Батыштагы окумуштуулар далилдешкен.

Мектеп, бала бакчалар сентябрда ачылышы күтүлүүдө.
Мектеп, бала бакчалар сентябрда ачылышы күтүлүүдө.

Роттердам Эрасмус университетинин аспиранты, Москвадагы шаардык терапевттер биримдиги түзгөн эл аралык коронавирусту изилдөө тобунун мүчөсү Амир Талипов балдарда COVID-19 оор формага өткөндө пайда болчу Кавасаки синдромунун белгилерин мындайча санады:

«Оорунун белгилери абдан көп, баланын башы катуу ооруйт, ичи өтүп, кусат, дене табы көтөрүлөт. Адатта айрым дарыгерлер баланын ичи ооруп жаткандыктан, сокур ичеги деп божомолдоп алат. Көзү кызарып, коньюктивит оорусу пайда болот, мурду канайт, кээде бул мурун канаганы билинбей, тамагына кете берет. Боор, бөйрөк органдары жабыркайт.

Эң эле башкы өзгөчөлүк - адамдын организми Кавасакинин белгисин териге майда кызыл жаралардын чыгуусу менен көргөзөт. Туура диагнозду клиницист дарыгер гана оорунун белгилерин жакшылап карап чыгып, жалпы кан анализиндеги өзгөрүүлөрдү байкагандан кийин коё алат. Бирок кээде жогоруда саналган белгилер башка да ооруга мүнөздүү болушу ыктымал. Ошондуктан кандын анализин сөзсүз текшерүү зарыл. Кавасаки жок, бизде каттала элек деп айтуу туура эмес. Ага ар дайым даяр турган оң».

Балдардагы коронавирустан күчөгөн кан жана аутоиммундук ооруларды алдын-ала изилдеп, дарылоо протоколун түзүш үчүн Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор атайын адистерден турган топ түзгөн. Бул топ вирус жуккан балдардын саламаттыгын кайра калыбына келтирүүнүн жолдорун да карап жатат.

Кыргызстанда 18-августка карата COVID-19 илдети дагы 155 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бир күндө COVID-19 вирусу Бишкек шаарында жана Баткен облусунда эки кишинин өмүрүн алды. Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери каза болгондор 1498 кишиге жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG