Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Илдеттин кесепетинен кутулуунун жол-жобосу


Бишкек.
Бишкек.

COVID-19 болуп ооруп айыккан адам өзүн кантип калыбына келтирет? Реабилитация канчага созулат? Ал кандай тамактанышы керек?

Кыргызстанда коронавирус оорусу аныкталгандар 40 миң кишиден ашты. Бирок расмий санга кирбей, үйүнөн ооругандар алда канча көп.

Ооруп айыккандардын басымдуу бөлүгү шайы кетип, тердеп, айрыкча психологиялык жактан кыйналарын билдирип жатат. Эстутум начарлап, дем алууда кыйынчылыктар бир топко чейин улана берери айтылууда.

«Унутчаак, таарынчаак болуп кеттим...»

Активист Кумаркан Токоева июль айында эки өпкөсү кагынып, катуу ооруп «Ганси» обсервациясына жатып чыккан. Ал азыр да калыбына келүү этабында экенин айтып, өзү туш болгон кыйынчылыктарды мындайча сүрөттөдү:

«Туруп-туруп эле эмнеге, кайда баратканымды унутуп койчу болдум. Анан кишилердин аты эсимде жок, ким экенин билип турсам деле аттарын эстей албай калам. Ушунун баары эле оорунун кесепети го деп ойлоп жатам. Анан тез-тез алсырап эле чарчай берем. Кээде түшкө чейин жакшы болуп туруп эле түштөн кийин алсырап калам. Мындай абалга адам алдырбашы керек экен. Аффирмация деген бар го, ар дайым жакшы нерселерди ойлонуп, депрессияга чөкпөш керек деген тыянак чыгардым.

Жакшы нерселерди эстеп, балким балдарга байланыштуу жакшы эскерүүлөрдү ойлоп, маанайымды жакшы нукка бурганга аракет кылып жатам. Болбосо депрессияга катуу чөгүп кетип, балдарымды ал тургай жактырбай, кабагым карыш болуп эле кыйнала бердим. Мурда дегеле антчү эмесмин да. Өз алдымча көнүгүүлөрдү жасап, дарыгердин айтканын так аткарыш керек. Анан кээ бири «ичкилик ичип алаксыса болот» дейт, бул туура эмес. Ичкилик кайра психологияны да, саламаттыкты да талкалап коёт. Туура тамактанып, дарыгер айткандай режимди сакташ керек».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус менен ооруп айыккандардын өз алдынча реабилитациясы үчүн атайын нускама чыгарган. Ага ылайык негизги жасай турган жети эреже бар.

Биринчиси - дем кыстыгууну көзөмөлдөө

Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптын деми дагы эле кыстыгып, энтиге бериши мүмкүн. Бул психологиялык жактан да болот, андыктан болушунча токтоолукту сактаганга аракет кылыш керек. Дем кыстыгуу бейтап денесин канчалык көбүрөөк кыймылдатып, дем алуу гимнастикасын кылган сайын азайып, акыры бир нече аптада калыбына келет.

Экинчиси - дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу

Азыр Интернет булактарында өпкөнү, дем алуу органдарын калыбына келтирчү бир топ көнүгүүлөр бар. Бейтап өзүн кыйнабай, аларды аткарууга тийиш.

Үчүнчүсү - үндү калыбына келтирүүчү процесс

Коронавирус болуп ооруп айыккан адамдын үнү чыкпай калышы мүмкүн. Ыңгайлуу болсо үндү катуу чыгарып сүйлөшүүнү көбөйтүш керек. Шыбырап калбай, болушунча аракет кылган жакшы. Чарчап баратсаңыз, кичине жайыраак сүйлөңүз. Суюктукту кичинедей ууртап ичүү сунушталат.

Төртүнчүсү - тамак жутканда кекиртектеги ыңгайсыздык

Тамак-ашты аз-аздан, кичинекей бөлүкчөлөргө туурап алып, көпкө чейин чайнап жеңиз.

Бешинчиси жана алтынчысы - эс тутумдун начарлоосу, депрессия жана коркуу сезимдери

Акыл-эстин кайра калыбына келиши үчүн жагымдуу музыка, жакшы маанай жана ар түрдүү баш катырма оюндарды ойносоңуз болот. Сканворд, кроссворд да буга чоң жардам берет. Антидепрессант дарылар иммунитети алсыз бейтаптарга терс таасир этиши мүмкүн. Таза абага сейилдөө, дене тарбия көнүгүүлөрү да депрессияны жеңүүгө жол ачат. Кыла турган иштерди майда бөлүктөргө бөлүп, эртең менен пландап, чакан блокнотко жазып алып, күнү бою улам карап, эстеп турсаңыз болот.

Жетинчиси - ооруп айыккандан кийин кайра дарыгерге качан кайрыла аласыз?

Дем алуу начарлап, уйку качып, энтигип, жөтөл күчөп жатса кайрадан адиске кайрылууга туура келет.

Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасынын башкы дарыгери Айнура Узакбаева калыбына келүү процесси тууралуу буларга токтолду:

«Ооруп айыккандар пульмонологго үч айдын ичинде каттоого туруп, дем алуу гимнастикасын жасап, күчтүү, белокко бай азыктарды жеши керек. Таза абага чыгып дем алуу да кайра калыбына келтирет. Ооруп айыккандарга көлгө түшкөнгө болбойт. Себеби, ысык-муздакка алмашканда өпкөнүн жарааты кабылдашы мүмкүн. Биз азыр бейтаптарга көлгө эмес, тоодогу таза абага барууну сунуш кылайбыз. Канчалык көп кыймылдап, басса ошончолук жакшы. Бирок организмге күч келтирбеш керек. Иммунитетти калыбына келтириш үчүн суюктукту, шорпону көп ичип, эттүү азыктарды көп жеш керек. Жашылча-жемиштерге бай азыктанууну сунуш кылабыз. Негизи ооруп айыккандан кийин киши шалдырап, тердеп, алы кетип, кайра бир күнү жакшы болуп калып, эртеси алы кетип кыйнала берет экен. Ошондуктан В витамини, минералдардын баары кошулган витаминдерди сунуш кылып жатабыз. Анан канды суюлтуучу дары-дармектерди айрыкча 50 жаштан улуулар күнүгө үзбөй ичип турганы оң. «Аспирин, кардиомагнил сыяктуу дарыларды үзбөй ичкиле» деп айтып жатабыз».

Коронавирус жалаң эле өпкө, дем алуу органдарын жабыркатпай, адамдагы бардык өнөкөт дарттарды козгойт. Ошондуктан дарыгерлер ар бир бейтаптын реабилитациясы жеке өзгөчөлүгүнө жараша болушу керек экенин эскертишет. Жүрөк, кан тамыр оорулары, кант диабети менен ооругандар мурда кандай дарыланса, вирустан айыккандан кийин да ичип жүргөн дарыларын унутпоого тийиш.

Бишкектик дарыгер Эрмек Исмаилов боорду, бөйрөктү, аң-сезимди жабыркаткан вирустун бул түрүнөн айыкандарды дарылоо ыраатын мындайча түшүндүрдү:

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Вирустан кийин бейтаптын кайсы органы жабыркаганына жараша биздин кеңештерибиз да айырмаланып турат. Маселен, өпкөсүнөн кыйналгандарга дем алуу көнүгүүлөрүн сунуш кылабыз. Аларды «YouTube» аркылуу деле тапса болот. Мээси, нерви жабыркагандар көбүнчө стресс болуп, психикасы кыйналат. Уйкусу бузулат. Аларга биз атайын практикалык кеңештерди берип, уйкуну калыбына келтирүүнү, стрессти азайтууну сунуш кылабыз. Бирок таптакыр эле кыйналып баратса дары-дармек жазып беребиз. Өпкөсү катуу сезгенген жана вирустан дем алуусу начарлаган адамдар күчтүү дарыларды сайдыргандыктан боору кыйналат. Боорду кайра калыбына келтириш үчүн туура тамактануу керек экенин айтабыз. Куурулган, туздуу, ачуу азыктарды азайтыш керек болот».​

Сасык тумоого каршы эмдөө жардам береби?

Азыр көп кишилерди вирусту экинчи ирет жугузуп алуу коркунучу түйшөлтүп турат. Коронавирустун штаммы сасык тумоого окшош болгондуктан, аны менен ооруп айыккан адамдагы антиденечелер бир нече айга жетери божомолдонуп жатат. Ушундан улам айрым адистер кадимки сасык тумоого каршы вакцина алуу зарыл экенин эскертишүүдө. Себеби, күз-кыш учурунда күчөгөн сасык тумоонун белгилери менен коронавирус өтө окшош болгондуктан, экөөнү айырмалап, туура дарылоого шарт түзүлөт. Ошондой эле сасык тумоого каршы вакцина алгандар вирустан оңой айыгат деген теориялар да бар.

Жугуштуу ооруларга адистешкен дарыгер, «Гиппократ» медициналык борборунун негиздөөчүсү Султан Жетешиков сөзсүз эмдөө керек экенин айтууда:

«Вакцина абдан маанилүү. Маселен, менин 20дай неберем бар. Алардын баарына вакцина сайып койгон элем. Мобу пандемия учурунда вирусту өтө жеңил көтөрүштү. Жуккан жок десем да болот. Гриппол вакцинасынын курамында полиоксидоний деген дары бар. Ал иммуномодуляторлор түрүнө кирип, адамдын организминин тумоого каршы туруктуулугун көтөрөт. Алгач коронавирус башталганда үч күн ичинде сайса таасири жакшы болорун мен өзүм байкоолорумда көрдүм. Бирок оорунун оор, жеңил түрүнө карай инфекционист дарыгер, иммунолог сөзсүз көзөмөлдөшү керек. Сасык тумоого каршы эмдөө эми бир нече жумадан кийин башталат», - деди.

Кыргызстанда азырынча COVID-19 болуп айыккандардын саламаттыгын калыбына келтирүүчү атайын жайлар жок. Бул оору жаңы болгондуктан, дүйнө жүзүндө ага чалдыккандардын өмүрүн сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда. Изилдөөлөргө ылайык ооругандардын дээрлик 80% саламаттыгына эч кандай коркунуч жок эле кайра айыгат.

Оорудан толук айыгуу эки аптадан тартып бир нече айга чейин созулушу мүмкүн. Эл аралык эксперттер азыр ооруп айыккан адамдын канындагы плазманы ооругандарга куюуну тажрыйба кылууда. Бирок анын канчалык бейтапка жардам берери так аныктала элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG