Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Вирустун тарашы жана аксаган изилдөө


Саламаттык сактоо министрлигинин илимий тобу Кыргызстанда канча адамга коронавирус жукканын аныктоо боюнча илимий иштерди жүргүзүп жатат. Ал арада 17 миңге чукул адам вирустук ИФА тесттерин тапшырышты.

11-августта өкмөттүн басма сөз жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда вирус жуккандарды аныктоо боюнча илимий байкоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, калктын канча пайызы ооруга чалдыкканын жана айыкканын адистер атайын ыкма менен жер-жерлерде эсептеп чыга баштады. Боронов мындан тышкары COVID-19 илдети өлкөдө канча кишиге жугушу мүмкүн экенин жарыялады.

«Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин баштапкы божомолу боюнча, бизде тогуз жашка чейинки балдардын ооруганы дээрлик аз болду. Ошондуктан аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгышы мүмкүн деп 4,2 млн. адамды киргизишти. Бул боюнча алдын-ала божомолдор түзүлдү. Ачык булактардагы маалыматка ылайык элдин үчтөн эки бөлүгү ооруга чалдыккан жок же вирус жеңил формада өтүп жатат. Ал эми оору жукту деп божомолдонгон 1,2 миллион адамдын ичинен үчтөн бир бөлүгү же 466 миң адам ооруну жеңил формада, дарыгерлердин жардамысыз эле өтүп жатат деген божомолдор бар», - деди Кубатбек Боронов.

Бул божомолдор АКШдагы Оорулардын алдын-ала көзөмөлдөө департаментинин Америкадагы штаттарда болуп жаткан вирустун динамикасын байкоо ыкмасына салынып жасалды. Буга чейин кыргызстандык илимпоздор Британиядагы Оксфорд университети менен бирге оорунун күчөшүн алдын ала божомолдоп келген.

Вирусту божомолдоо солгун болуп жатат

Акыркы божомолдорду өлкөнүн тогуз аймагын кыдырып жасап жүргөн окумуштуу Зуридин Нурматовдун айтымында, кийинки этапта ИФА тесттерге жана антиденечеге байланыштуу байкоолор жүрмөкчү.

«Америкада айрым штаттарда бир оору катталса, алты адамда вирус табылбаган, айрым аймактарында бир ооруга 24 соо адам туура келген учурлар болду, - деп түшүндүрдү илимпоз. - CDC уюму (АКШдагы Ооруларды алдын-ала көзөмөлдөө департаменти) мына ушул математикалык моделди алып туруп, өлкөдө бир ооруган кишиге 10 соо адам туура келет деген тыянак чыгарды. Оксофорд, Гарвард, Бостон университеттеринин божомолдору улам эле туура эмес чыгып калгандыктан, жогорудагы уюмдун ыкмасын тандап алдык. Азыр расмий цифраларда «40 миңден ашык киши ооруду» деп жатышпайбы, аны онго көбөйтсөк ооругандар, симптому жок вирусту алып жүргөндөр бизде 466 миңден ашты. Болжол менен дагы 666 миң киши оорушу керек».

Кыргызстанда 21-июлдан тартып коронавирустун антиденечеси бар же жок экенин аныктаган иммуноферменттик анализдер жасала баштаган. Саламаттык сактоо министрлиги эки жумадай убакытта 16 688 жаран ИФА тестин тапшырганын билдирди. Алардын 44,8% бөлүгүндө антиденече бар болуп чыкса, 16% бөлүгү жок деген натыйжа берген.

Божомолсуз эле саясий жараяндар жүрмөкчү

Пандемиядан улам Кыргызстанда март айынан бери карантиндик чаралар күчөтүлүп, базарлардын, ишканалардын, ири соода дүкөндөрүнүн иши чектелди. Мунун айынан экономика чоң зыян тартып, өкмөт жыл башынан бери 12 млрд. сомдой салык жана бажы төлөмдөрүн чогулта албай калды.

Ошондой эле октябрда беш жылда бир өтүүчү чоң саясий өнөктүк - кезектеги парламенттик шайлоо өткөнү турат. «Илдеттин коркунучунан улам үгүт өнөктүгү кандай жүрөт?» деген да суроого жооп табыш үчүн сурамжылоолор, социологиялык изилдөөлөр дээрлик жүрбөй жатат.

Айрым эксперттер саламаттык сактоо системасы менен стратегиялык изилдөө жасаган тармактар кызматташпай жатканын белгилөөдө.

Саясий серепчи Бакыт Жумагулов элдин канча пайызы ооруганын аныктоо экономикалык кубатты жана саясий процесттерди толук жарамдуу кылууга шарт түзмөк деген оюн айтты:

Биз азыр жалаң эле медициналык багытта бул оору менен күрөшүп жатабыз.

«Биз азыр жалаң эле медициналык багытта бул оору менен күрөшүп жатабыз. Эл аралык деңгээлде иликтөөлөрдү жүргүзгөн ири социологиялык борборлор бар. Ошолорго кайрылып, ар бир аймактан сурамжылоо жүргүзүп, калктын канча пайызы ооруду, канчасы жугузуу коркунучунда экенин алдын-ала аныктап алууга мүмкүн эле. Анын жыйынтыгын мамлекеттик органдарга, коомчулукка, жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберип, кеңири жайылтып, ошого жараша саясий, социалдык, экономикалык багытты да белгилесек болмок. Тилекке каршы, бизде андай божомолдоо иштери жүргөн жок. Жеке өзүм бул иштерди сунуш кылганым менен азырынча эч кандай натыйжа болбой жатат».

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Кыргызстанда коронавирус жуккандар жана андан каза болгондор азайып калганы менен абал турукташа элек экенин кошумчалап, элди санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого чакырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) 11-августтагы басма сөз жыйынында аталган уюмдун башкы эпидемиологу Мария Ван Керхове:

«Азыр баарыбыз ооруну дарылоонун жана вакцина иштеп чыгуунун үстүндө тынбай аракеттенип жатабыз. Бирок адамзаттын колунда коронавирустун жугушун токтотуучу курал бар. Планетадагы ар бир адам кайда жашаганына, курагына, кызматына карабай, вирус менен күрөштө ролу чоң экенин билсин. Ар бирибиз вирустун жугуш чынжырын үзө алабыз!» - деди.

Кыргызстан март айынан бери көз жумгандар 1 487 кишиге жетти. 13-августта бир сутка ичинде COVID-19 UO7.1 жана пневмония UO7.2 катталган жаңы учур 310ду түздү, үч адам каза тапты.

Бирок ооруканага кайрылып, тест тапшырбай эле ооруп жүргөндөрдүн статистикасы азырынча тактала элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG