Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 15:38

Пандемияда божомолу жок кыйналган бийлик


Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.

Апрель айынын экинчи жарымында «Сорос - Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Оксфорд университетинин математикалык моделинин негизинде Кыргызстандагы коронавирус инфекциясынын жайылышы, саламаттык сактоо тармагына тийгизген таасири алдын-ала божомолдонгон.

Атайын топ бул божомолду Республикалык штабга бергени менен ал таназарга алынбай, июлда коронавирустан өлгөндөр көп болду.

Эксперттер пандемиянын жалаң эле саламаттык сактоо тармагына эмес, экономикага, саясатка жана социалдык жашоого да тийгизген таасирин комплекстүү божомолдоо иштерине көңүл бурулбай жатканын белгилеп жатышат.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру март айында катталганга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин алкагында эле бул оорунун болжолдуу жайылуу картасы түзүлгөн. Ошого жараша мамлекеттик органдар чечим кабыл алып, чек аралар жабылып, көзөмөл пункттары, карантин чаралары күчөтүлдү. Оору улам кулач жайган сайын анын өлкөнүн экономикалык, социалдык жашоосуна тийгизген таасирин божомолдой турган социологиялык изилдөөлөргө болгон талап улам күчөп баратканын бир топ адистер эскертип келатышат.

Саясий серепчи Бакыт Жумагулов:

«Социологиялык изилдөө, сурамжылоо жүргүзүп эле, аймактарда адамдардын канча пайызы оор, жеңил, орто формасы менен ооруганын аныктап, Бишкектеги абалды да сурамжылап, өлкөдөгү кооптуулук факторлорун аныктап койсо болмок. Бул үчүн бизде социологдор деле жетиштүү. Өкмөткө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт бар. Алдын-ала божомолго жараша элдин экономикалык, социалдык абалын деле билсе болот да. Аталган институттун колунда бардык мүмкүнчүлүктөр турат. Бирок эмне себептен бул жасалбаганын билбейм», - деди.

Оорунун жайылуусу, андан каза боло турган адамдардын ыктымалдуу саны тууралуу апрель айында Оксфорд университетинин ыкмасына салып, кыргызстандык илимпоздор атайын божомол даярдап, Республикалык штабга беришкен. Анда адамдар социалдык аралык сактабай, беткап тагынбай жүрсө, эл улам чогула берсе, өлүм-житим бир нече айдын ичинде көбөйөрү айтылган.

Долбоорду ишке ашыргандардын бири, «Сорос - Кыргызстан» фондунун саламаттык боюнча координатору Айбек Мукамбетов бийлик алардын изилдөөсүн толук колдобосо да, көңүл бура баштаганын белгиледи:

«Азыр бизге апрелдегидей кайдыгер карабай калышты. Азыр эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жыйынынан чыктык. Вице-премьер-министрлер чакырып, биздин божомолубузду сурап жатышат. Мындан ары да эми изилдөөлөргө көңүл бурат деген үмүттөбүз. Себеби, биз «Канча киши ооруйт, канчасы өлөт?» деген суроого эмес, «Саламаттык сектору, жалпы өлкө вирус менен күрөшүүдө эмне кылышы керек? Күз-кыш мезгилине кандай даярдануу зарыл?» деген суроолорго да жооп издеп жатабыз».

Системалуу изилдөө жок

Оксфорд университетинин божомолу вирустун саламаттык сактоо тармагына тийгизген таасирин гана иликтейт. Ал эми башка тармактарга карата пандемиянын кесепети тууралуу азырынча бир да изилдөө жүрө элек. Айрыкча күзүндө өтчү саясий жараянга шайлоочулар толук даяр болобу деген да суроо да актуалдуу болуп турат.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директору Эмилбек Каптагаев пандемияга байланыштуу системалуу божомол жасала элек экенин айтты:

«Бизде системалуу түрдө, атайын математикалык моделдөө, эсептөө менен стратегиялык изилдөөлөр жок. Бирок ушулардын баары жасалышы керек эле. Ошентсе да эмпирикалык деп коёт го, азыркы биздеги вирустун жүрүшүн башка өлкөлөргө салыштырып, учурда абал кандай болуп жатат деген суроого жооп издеген топтор бар. Менин билишимче саламаттык сактоо тармагында бир нече топтор эл аралык адистер менен кошо башка өлкөлөрдөгү вирустук кырдаалга жараша айрым божомолдорду жасап, жарыялап жатышпайбы. Биздин институт жалпы маалыматты алып, башка өлкөлөр менен салыштырып өкмөткө март айынан бери абалды билдирип келе жатабыз».

Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августтагы басма сөз жыйынында өлкөдө ооруй турган адамдардын болжолдуу саны 466 миң киши экенин билдирди. Бул санды ал Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана профилактика борборундагы беш кишиден турган, профессор Зуридин Нурматов жетектеген топтун болжолдуу талдоосуна таянып жасады. Бул топ божомолду АКШнын Оорулардын алдын алуу департаментинин моделине салып жасап жатат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 13-августта өткөн онлайн брифингде Кыргызстанда болжол менен 160 миңдей адам коронавирус менен ооруганын айтты. Анын сөзүнө караганда, өлкөдөгү 13 177 адамда же оорулуулардын 36,3% бөлүгүндө илдет билинбей өткөн. Ал эми 10 781 кишиде же 29,7% бөлүгүндө жеңил болгон.

Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1 487 кишиге жетти. COVID-19 вирусу 41 069 адамга жугуп, анын 33 318и айыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG