Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

«Сокулук» коркунучтуу вирустардын тизмесинде


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген белгилүү кыргызстандык онколог Рысбек Абдылдаев биомедицинанын артыкчылыгы, 40 жыл мурун Кыргызстанда табылган «Сокулук» вирусу тууралуу айтып берди.

- Рысбек агай, биз азыр сиз далай жылдан бери иштеп-жашап жаткан Сан-Франциско шаарынын четинде турабыз. Анын бир ыптасындагы Түштүк Сан-Франциско шаарында дүйнөдөгү медицинага чоң салым кошуп жаткан биотехнология, молекулярдык биология, гендик инженерия боюнча чоң илимий изилдөө борборлору иштеп жатыптыр. Дүйнөдөгү ошол илимдердин бешиги деп саналат экен ушул жер.

Эл аралык медицинанын өнүгүшүнө, мындан ары адамзаттын саламаттыгына жакшыраак кам көрүүдө илимдин ролу кандай болуп жатат? Ушул биотехнология менен молекулярдык биология эң башкы роль ойнойбу, же азыр биздин айрым аймактарда сөз кылып жатышкандай, тескерисинче, жаңы биокуралдарды жасап береби?

Рысбек Абдылдаев.
Рысбек Абдылдаев.

Рысбек Абдылдаев: - Биотехнология - өмүр тууралуу илим. Бүгүнкү күндө кандай гана оору болбосун молекулярдык-биологиялык изилдөө иштерин жүргүзүп, ошонун негизинде андан аркы чоң жетишкендиктер жасалууда. Ага чейинки жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү биз жаап койсок болот. Анткени алар артта калды.

Түштүк Сан-Франциско биотехнология, дал ушул молекулярдык биология боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы борборго айланды.

Редакциядан: Ушул шаарда биотехнология жана башка медициналык илимдерге адистешкен 2800дөй компания иштеп жатат. Алардын арасында 1978-жылы диабетти дарылоодо колдонулчу синтетикалык инсулинди ойлоп тапкан "Genentech" компаниясы да бар.

Дүйнөдөгү эң алдыңкы компаниялар интеллектуалдык күч, ресурстарын Американын Калифорния штатындагы ушул Түштүк Сан-Франциско шаарына жайгаштырды. Бул компаниялар азыр алдыдагы 10-15 жылда пайда болчу нерселерди жасап жатышат. Бул жердеги бир эле чоң компанияда ушу тапта он миңге чукул илимий кызматкер эмгектенет. Аларга кошумча дүйнөдөгү эң алдыңкы делген Стэнфорд, Бөркли, Сан-Франциско университеттери бири-биринен жарым сааттык аралыкта жайгашкан. Ал жактарда да эң мыкты лабораториялар бар.

- Биз басып келатып бир чоң жазууну көрдүк. «Онкологиялык оорулар боюнча илимий бешик ушул жерде жайгашкан» деген жазуу турат. Эң чоң дүйнөлүк борбор ошол жерде экен. Азыр Кыргызстанда да рак оорусу абдан чоң көйгөй. Бул илдетти изилдөө жагынан медицина, дүйнөлүк борборлор кандай жылыштарды жасай алышты?

Рысбек Абдылдаев: - Албетте, бул жерде бир эле дарыны чыгарыш үчүн бир нече жылдай убакыт керек. Себеби ал дарыны ойлоп табыш керек, андан кийин жаныбарларда, адамдарда төрт баскыч менен сыноолордон өткөрүү зарыл. Ошонун өзүндө бардык эле дарылар жарактуу боло бербейт. Оору да жөн турбайт, ал да өзгөрүп турат. Ар кандай клиникалык көрүнүштөр болуп турат. Кээ бир дарылар эскирип, колдонуудан чыгарылат.

Рак да тез жайылып жаткан оорулардын бири. Ракты да азыркы коронавирустай эле молекулярдык биология жагынан иликтеп жатышат. Себеби, бардыгы ошол ДНК, РНК клеткалардын, ошол шишиктердин же вирустардын молекулярдык өзгөрүүлөрүн иликтеп, ошого жараша дарылар, ар кандай ыкмалар чыгып жатат.

Мени бул жердеги интеллектуалдык күчтүн чогулганы жана мүмкүнчүлүгү таң калдырат. Экинчиден, бул биотехнология борбору Кремний өрөөнүндө жайгашкандан кийин мүмкүнчүлүгү эбегейсиз. Анткени, кандай гана технологияны колдоном десең жолдун ары жагындагы эле алдыңкы технологиялык компания жасап берет.

Түштүк Сан-Франциско - биотехнология илиминин бешиги.
Түштүк Сан-Франциско - биотехнология илиминин бешиги.

Дүйнөнүн көп мамлекеттеринен, Европадан, Канададан, атургай Жапониядан да окумуштуулар келип, бир нерсе үйрөнүп, тажрыйба топтоп кетишет. Буга чейинки изилдөөлөр деле оңой болгон жок. Соңку жылдары рак менен ооругандардын өмүрү узарып, жашоо сапаты жакшырды. Эң чоң ийгиликтер, ачылыштар алдыда күтүп турат деп ишенем.

- АКШда канчалык күчтүү илимий изилдөө борборлору болсо да, анын өзүндө коронавирусту жуктургандардын жана андан каза болгондордун саны да абдан көп болду. Ошонун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Рысбек Абдылдаев: - Себеп бардык жердей бирдей. Кошмо Штаттарда да, Бразилияда да, Кыргызстанда да жөнөкөй нерселерди аткарбай жатабыз. Эпидемиологдор, дарыгерлер баары бул вирус адамдан адамга жугарын кайталап айтып жатышат.

Бүгүнкү күндө бир да мамлекет коронавирустун өзү менен күрөшкөн жок. Баарынын вируска алы жетпей турат. Вакцина табылса, ал адамдын вируска туруштук берүүсүн күчөтөт. Коронавируска каршы вакцина ойлоп тапканда гана биз аны жеңе алабыз. Ал табылгыча биздин эң башкы максатыбыз - бул ооруну жайылтпоо.


Биз бийлик тарап болобу, же жөнөкөй жарандар болобу, баары бирдей тартипти канчалык бекем сактабасак, ошончолук өзүбүзгө өзүбүз көйгөйдү үйөбүз. Айтылып жаткан санитардык эрежелерди так сактап, беткап тагынып жүрүү зарыл. Ооруну жуктуруп алганда адистин кеңешин угуш керек. Ашыкча ар кандай дарыны топтоп алып ичпеш керек. Ашыкча ар кандай анализдерди жасаган деле болбойт. Маселен, кайра-кайра компьютердик томография жасаган деле зыян.

Азыр эми дарыгерлерибиз бул оорунун симптомдору менен күрөшүүнү билип калышты. Эми чогулуп кеңешип, кайсы дарыны колдонуу керек, кайсы ыкма пайдалуу, кайсыларын чийип салуу зарылдыгын аныктап алуулары шарт. COVID-19 жакын арада жоголорун күтпөшүбүз керек. Эгер биз тартипти сактасак, илдетти басаңдата алабыз.

Буга чейин биз көргөндөй, Кыргызстанда вирустун жайылышын токтотуш үчүн тийиштүү катаал аракет көрүлбөй, эл ар кандай иш-чараларга, коомдук жайларга каалагандай топтолуп, ооруну жапырт жуктуруп алганы абалды абдан оорлотуп салды.

Эмчек рагын изилдөө борбору.
Эмчек рагын изилдөө борбору.

- Ооруп калгандарга Кошмо Штаттарда ремдесивир деген дарыны берип атат деп уктук. Орусия өзүнчө, Кыргызстан дагы башка дарылар менен дарылап жатышты. Бул жерде дүйнөлүк интеграция, эл аралык стандарттар же эл аралык протокол барбы деген суроолор жаралып жатты. Кыргызстандын медицинасы дүйнөлүк медицинанын жетишкендиктерине, азыркы абалына, топтолгон билимине интеграцияланганбы же такыр эле четте калып калганбы? Сиздин көз карашыңыз кандай?

Рысбек Абдылдаев: - Июль айында Кыргызстанда абал курчуп, көп адамдардын көзү өтүп кетпедиби. Ошол маалда мен көп адистер менен, анын ичинде Кыргызстандагы адистер менен да сүйлөштүм. Албетте, «Эмнеге көп адам өлүп жатат, эмне туура эмес, эмне ката?» деген суроолорду берип жаттым. Чогуу протоколдорду, бизде колдонулуп жаткан дары-дармектерди, бийликтин аракеттерин анализдедик.

Менин жеке оюм боюнча, Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгачкы протоколдордо каталар кеткен болуш керек. Ошол протоколдор туура болгондо мынча көп адам каза болбойт эле. Ошонун баарын кайра карап иликтеп чыгуу зарыл. Биз кийинки жолкуга сабак алышыбыз керек.

Протоколдорду түзүп жатканда бизде кайсы бир фармацевтикалык компаниялардын, чоң дарыканалардын кызыкчылыктары аралашып кеткен жокпу деп дагы ойлондум. Бул коронавирустун дарысы жок болгону менен протоколдорго башка вирустарга каршы дарылар кошулуп калды. Маселен, сиз айткан ремдесивир Эбола илдетине каршы ойлонуп табылган. Ал COVID-19дан айыктырбайт, болгону интенсивдүү терапияда жатканда 30% абалды жеңилдетет экен. Башка бир да дары ошого жакындай албады. Дексаметазонду да айтышты. Ал биз жакта көп эле колдонулуп келген дары. Анын кесепеттери да оор.

Менимче, Кыргызстандагы адистер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "кандай кеңештерди берип жатат, кандай дарыларды колдонууда, кандай протоколдорду пайдаланууда?" деп такай көңүл буруп турушу керек эле. Антейин десең, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюумунун кээ бир адистеринин жаңылыштыктарын биз көрүп жатабыз. Уюм пандемия убагында негизги жетектөөчү ролду аткара албады. Булардын жүргүзгөн реформаларынын терс таасири азыр абдан билинип жатат. Өзгөчө ушул Кыргызстанда канча жылдан бери аталган уюмдун жетекчилиги алдында саламаттык сактоо тармагында реформа жүргүзүлүп келген. Негизинде эмне кылдык? Бүгүнкү көйгөйлөрдү пайда кылдык. Ооруканалар жабылды, адистер кыскартылды, рентген аппараттар жок калды. Ушунун баарын ийгиликтүү реформа деп атап жаттык.

Бизде билим берүү тармагында абдан чоң көйгөйлөр бар экени ачыкка чыкты. Медициналык академиядагы жана башка медициналык окуу жайлардагы билимдин сапаты бүгүнкү күндүн шарттарына туура келбей калганын баарыбыз көрдүк. Кошмо Штаттарда Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө борбору бар. Аны биздин адистер жакшы билет. Ал борбор менен кургак учук, безгек жана башка оорулар жаатында кызматташкан адистер бар. Алар абдан тажрыйбалуу. Эмнегедир биз ошол ресурсту колдонгон жокпуз.

Ошондой эле Вашингтондун жанында Улуттук ден соолук борбору, анын ичинде Аллергология жана инфекция институту бар. Анын сайтында адистер бардык кеңештерин тынымсыз жарыялап турушту.

Коронавируска каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзө алган мамлекеттер, анын арасында Жаңы Зеландия, Грузия мына ошол институттун ресурстарын колдонушту. Кыргызстанда да ошондой алдыңкы ресурстардын колдонулушун каалайт элем.

Дагы айта кетерим, дарынын баарын бирдей жаза берген дарыгер жакшы врач эмес. Оорулууга дарыны болушунча аз жазган догдур мыкты. Анткени дарылардын да ар кандай кыйыр кесепеттери көп болот.


- Азыр эми кыргыз бийлиги Бишкекте, Ошто жүз орундуу ооруканаларды курарын айтып жатышат. Бирок азыркы учурду гана эске албай, келечекти да ойлоо керек эмеспи, жаңы вирустар, жаңы эпидемиялар чыгышы мүмкүн, туурабы? Ошолордун алдын ала изилдей турган, «Кандай тобокелчиликтер, коркунучтар бар?» деп изилдей турган адистерди өстүрүш керек дегенди айткыңыз келип турабы? Медицина илиминин алдыңкы жетишкендиктерин түшүнгөн адистерди өстүрө алабызбы?

Рысбек Абдылдаев: - Кыргызстанда бул жаатта такыр иш жүргүзүлгөн жок десек жаңылыштык болот. Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Молекулярдык биология боюнча институт бар. Алар абдан жакшы иштерди жасашат. Ошол жерде азыр молекулярдык биология боюнча адис жетекчи болуп отурат. Мен ал кишинин эмгектерин жакшы билем. Ошол борбордун ишин күчөтүү керек.

Мен бир жылдары ошол институтка барып, эки жаш таланттуу кызды байкадым эле. Кийин барганда алар көрүнбөй калганынан сурасам, айлыктары аз болуп, айласыздан кетип калышканын, бирөө Кара-Балтада, экинчиси Токмокто кийим тиккен цехтерде иштеп жатканын уктум. Бийликти жамандабайын дейсиң, бирок ушунун баарын карабай бийлик эмне кылып отурат? Бийлик деген бул президент, өкмөт, парламент, министрлик жана башкалар.

Эгер биз колдо бар илимий институттардын азыркысы менен келечегин азыртадан ойлобосок, анда салып жаткан ооруканаларыбыздан эмне пайда чыгат? Оорусу өтүшүп кеткендерди дарылоо менен гана алек болобузбу?

"Пандемияда бийликти эпидемиологдорго бериш керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:53 0:00


- Жанараак айтып калдыңыз эле, бизде дагы дүйнөгө белгилүү вирустар бар турбайбы?

Рысбек Абдылдаев: - Колорадо университетинин профессорлору дүйнөдөгү атактуу вирусологдорду чогултуп алып, бүткүл дүйнө жүзү боюнча коркунучтуу вирустардын тизмесин түзүшкөн. Ага миңдеген вирустар кирди. Алардын арасында «Cокулук» деген вирус бар. Ал биздин эле Сокулук районундагы жарганаттардан 1973-жылы табылган вирус экен. Ал коркунучтуу деп эсептелет.

Эгер кокустан жарганаттардан чыгып, элге жайылып кетсе бул Кыргызстанга эле эмес, ааламга да коркунуч жаратышы мүмкүн. Андай вирустар ар кайсы мамлекеттерде бар. Ошондуктан биз биринчи кезекте медицинага түздөн түз тиешеси бар илимдерди колдоп, изилдөөлөрдү күчөтүшүбүз керек.

COVID-19 деп атабыз, ал эми COVID-20 жана андан кийинкилери качан келет, он жылдан кийинби же үч жылдан кийинби? Ал да өзүнүн чоң проблемасы менен келет да. Башка мамлекеттерден артта калбай азыртадан медициналык илимдерди колго алышыбыз керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG