Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Июнь-июлдагы өлүм-житимдин талаштуу эсеби


Ысык-Көлдөгү вирус менен күрөшкөн дарыгерлер.

Улуттук статистика комитети Кыргызстанда 2020-жылдын июль айында 4045 адам каза болгонун маалымдады. Бул былтыркыга салыштырмалуу миң кишиден ашык көрсөткүч.

Июнь айында да 2019-жылга караганда 1 182 киши көп кайтыш болду. Калган айлардагы өлүм-житим көрсөткүчү жылдагыдай эле катталган. Эки айдагы айырмачылыкка коронавирус себеп болдубу?

67 жаштагы Качкын Байжигитов июндун аягында эки өпкөсү кагынып каза тапты. Бирок анын аялы Анара Айыпова күйөөсүнүн өлүмү тууралуу билдирмеге «Жүрөк оорусунан өлдү» деген жүйө келтирилгенин айтып, пандемия эсебине кирбей калганына таң каларын жашырган жок:

«Менин жолдошум 27-июнда үйдөн каза болду. Ал маалда эпидемиянын туу чокусу, массалык өлүмдөр каттала элек болчу. Жашаган жерибиз боюнча дарыгерлер АБС же жүрөктүн атересклероздук оорусу деген диагноз менен маалымкат беришти. Бирок күйөөм эки өпкөсүнөн пневмония болуп дарыланган эле да. Ал ошол оорусунан жана туура эмес дарылоодон улам көз жумду. Ал да пандемиянын статистикасына кириши керек эле да, туурабы?»

Эки айда эки миңден ашык киши...

Улуттук статистика комитети өткөн жумада Кыргызстанда каза болгон адамдардын 2020-жылдын жети айына тиешелүү эсебин чыгарды. Январдан бери өлкөдө 20 158 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми 2019-жылы жети айда 19 346 киши каза болуп, быйылкыга караганда 812 адамга аз эле. Быйылкы статистиканын эң эле кандуу айлары июнь жана июль болуп калды. Бул эки айда жалпысынан 7 604 киши көз жумган. Былтыркы жылы ушул айларда 5436 адам каза болуп, 2 168 кишиге аз өлүм катталган эле.

Саламаттык сактоо министрлиги эки айдын ичинде каза болгондордон чыккан эки миңден ашык айырманы жалаң эле коронавируска байланыштырбайт. Августтун ортосуна чейин COVID-19 оорусунан 1400дөн ашык киши каза тапканы айтылып келсе, кийин министрлик 400дөн ашуун адамды жүрөк, кан тамыр сыяктуу башка оорулардан өлдү деп, вирустун статистикасын кыскарткан.

Министрликтин демографиялык статистика бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Көкүлова кандуу июнь, июль айларындагы өлүм-житимдин баарын эле вируска байланыштыруу мүмкүн эмес деп эсептейт.

«Ооба, каза болгондордун жалпы саны көп болуп жатат, анын баарын эле вирустан деп айтканга болбойт, - деди ал. - Июнь айында каза болгондор, маселен, 1182 кишиге көп деп катталган. Бул чыккан айырманын вирус же башка себептен өлгөнүн аныктап чыгыш үчүн ар бирине токтолуп, бирден карап чыгыш керек. Былтыркы жылга салыштырып, кайсы топто канча адам көп өлдү деп талдоо жүргүзүп чыгышыбыз керек. Айырманын баарын эле пандемияга байлоо мүмкүн эмес».

Кызматтар иштебей, каттоо кечеңдеп...

Ал арада Улуттук статистика комитети июнь, июль айында каза болгондордун былтыркы жылга салыштырмалуу көп катталышын апрель, май айларында өлкө боюнча карантиндик иш-чаралардан улам мамлекеттик жарандык актыларды каттоо органдары иштебей, апрель, май айларында каза болгондордун өлүм тууралуу расмий күбөлүгү июнь айында берилгени менен түшүндүрүүдө.

Аталган мамлекеттик органдын басма сөз катчысы Асел Акматалиева:

«Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганы үчүн 2020-жылдын апрель айынан май айынын аягына чейин жарандык актыларды каттоо боюнча мамлекеттик тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгү токтогон эле. Натыйжада төрөлүү, үйлөнүү, каза болуу, ажырашуу сыяктуу жарандык актылар катталган эмес. Бул калктын табигый кыймылынын көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө алып келген. Мамлекеттик каттоо кызматында катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу көп болгон 2 168 кишинин ичинен коронавирус менен июнь айында 17 адам, июлда 493, пневмониядан июнда 72 адам, июлда 471 адам каза болгон», - деди.

Бурмалоо көп

Статистикадагы мындай өзгөрүүнү далилдөөчү медицина боюнча эксперт Бермет Барктабасова мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына байланыштырууда. Ал Британия, АКШ сыяктуу Батыш өлкөлөрүндө коронавирустан өлгөндөрдүн саны жашырылбаса, Орусияда, Борбор Азия мамлекеттеринде бийлик вирустан өлгөндөрдүн санын ар түрдүү калчап, бурмалап жатат деген ойдо турат.

«Эми ар бир өлкөнүн саясаты бар дегендей... Ар түрдүү ресурстарга, башка өлкөлөргө көз каранды. Ошондуктан ар ким каалаганын кылып жатат. Себеби, дал ушул өлүм-житим көрсөткүчү бийликти кандайдыр бир чечим кабыл алууга түртөт. Эгерде өлүм аз болсо, кайгырууга себеп жок, эл да толкубайт, мамлекеттик ресурсту да ага коротууга негиз жок. Мүшкүл бар болуп туруп, аны жашырып жатышса ал баары бир ачыкка чыгат. Жакында эле кычкылтек жабдуулары жок, дары-дармек, дарыгерлер жетишсиз дегенди жашырып жатышып, акыры баары ачыкка чыкпадыбы», - деди ал.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 458 адамга жукту, алардын 39 960ы айыкты, 1061и каза болду. Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 601 бейтап ооруканаларда, үч миңдей бейтап үйүндө дарыланууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG