Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Бишкек: Пневмония жана вирустук инфекциялардын белгилери алты миңден ашуун адамдан байкалды


Коронавуска каршы вакцинанын үлгүлөрү. Орусия, Москва. Август, 2020-жыл.
Коронавуска каршы вакцинанын үлгүлөрү. Орусия, Москва. Август, 2020-жыл.

Бишкекте адистер коронавируска кабылгандарды аныктоо максатында үймө-үй кыдырып жатышат. Шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева 28-августтагы брифингде билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата адистер 86 миңден ашык үйдү кыдырып, 190 миңден ашык жарандын абалын сурады.

Анын жыйынтыгында 6945 кишиден курч кармаган респиратордук-вирустук инфекциялар жана пневмониянын белгилери байкалган. Аларга үйдөн дарыланбай, дарыгерлерге кайрылуу тууралуу сунуштар берилген.

Мозгачеванын айтымында, акыркы күндөрдө баш калаада коронавирус жугузуп алгандар мурункуга салыштырмалуу азайды. Бирок оору жугузгандар жана анын курмандыктарынын статистикасы боюнча Бишкек алдыда.

«1-августка карата маалымат боюнча Бишкекте коронавирус жана пневмония менен 412 учур катталса, 27-августка карата 32 учур каттоого алынды», - деди Виктория Мозгачева.

Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккандардын 40,31% Бишкек шаарына туура келет.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жана Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб статистика төмөндөгөнү менен оорунун жайылышы басаңдай элек деп эскерткен. Алар жарандарды санитардык эрежелерди, аралыкты сактоого, беткап кийип жүрүүгө чакырган.

Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишини түздү. Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандар 43587ге жетти. Анын 37726сы айыкты. Коомчулукта үйдөн дарылангандар жана каза болгондордун бир тобу расмий статистикага кирбей калган болушу ыктымал дегендер көп. Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирустун статистикасына кошуп эсептей баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG