Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Диний көз караштын шайлоого тийчү таасири


Бишкектеги Эски аянтта окулган айт намазда тартылган сүрөт. 2018-жыл.
Бишкектеги Эски аянтта окулган айт намазда тартылган сүрөт. 2018-жыл.

Парламенттик шайлоодо кыргыз коомундагы диний ресурсту саясий күчтөр кандай колдонушу мүмкүн?

«Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Сарасеп» маалымат-аналитикалык порталынын редактору Эсен Өмүракунов диний көз караштардын шайлоого таасирин талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - 4-сентябрдан баштап Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоонун бир айга созулган үгүт өнөктүгү башталды. Сиздин баамыңызда ушул шайлоодо диний риторика кандай өңүттө, кайсы саясий күчтөр тарабынан пайдаланылышы мүмкүн?

Эсен Өмүракунов: - Азыркы шайлоого аттанган дээрлик бардык партиялардын катарында диний көз карашта жашаган адамдар жүргөнүн көрүп жатабыз. Алар тизмелердин ичинде биринчи ондукта, биринчи жыйырмалыкта бар. Андыктан диний риторика жеке жолугушууларда, өз чөлкөмүндө шайлоочулар менен жолугушканда, албетте, пайдаланылат.

Ал эми жалпы жолугушууларда динчил кишилердин мүмкүнчүлүгүн ченеп, өз катарларына тартканга аракет кылышат. Азыркы убакта Интернеттин мүмкүнчүлүгү чөнтөк телефон аркылуу ар бир адамдын колунда. Байланыш каражаттары аркылуу видео тартып же үндү жазып, аны таратканга болот. Буга чейинки диний ресурс шайлоолордо кандай пайдаланылганын, мындан кийин кандай болорун динамикада көрө элекпиз. Кандайдыр бир социологиялык изилдөөлөр бул өңүттө жокко эсе. Ушул шайлоодо динди колдонуудан негизги тажрыйба алынат.

Канатбек Мурзахалилов: - Динчил катмар көбөйүп бараткан кыргыз коомунда шайлоодо акчага добуш берүү мүшкүлү эмнеге азайбай жатат?

Эсен Өмүракунов.
Эсен Өмүракунов.

Эсен Өмүракунов: - Динчил катмарды кыргыз коомунан бөлүп карабаш керек. Биздин коомдун маданий, социологиялык, саясий деңгээли кандай болсо, динчил катмардыкы да ошондой же андан да төмөн десек болот. Акчага добуш берүү буга чейин кандай болсо, азыркы шайлоодо деле бул динамика кайталанышы толук мүмкүн. Акчага добуш берүүгө же алууга каршы ыктыярдуу кыймыл, жарандык активдүүлүк күчөгөнгө жараша бул көрүнүш азайышы мүмкүн. Бирок динчил, айрыкча саясий-исламчыл катмардын бул маселеде чоң мүшкүлү бар. Кызыкчылыгы бар адамдар шайлоодо акча берүүнү кандайдыр бир шарияттык негиздерге таяп коюшу да мүмкүн.

Динди кармангандар «биз келбесек, ким келмек эле» деген пикирлери бар экендигин буга чейинки талкууда айтканбыз. Буга дагы кандайдыр бир диний жөрөлгөлөрдү тууралап, өздөрүн жана шайлоочуларды алдашы мүмкүн. Мисалы, «акчаны бизге окшогондордон алсаңар болот, пара катары эмес, белек катары берип жатабыз» деген сыяктуу. Мыйзамсыз нерсени мыйзамдаштырганга аракет кылуу сыяктуу кадамдарды четке кагууга болбойт.

Ушундай маселе бар. Бул маселе тереңдеп кетиши да мүмкүн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде айт намазын окуган учур. 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде айт намазын окуган учур. 2019-жыл.

Канатбек Мурзахалилов: - Диний ишеним шайлоодогу чынчылдыкка таасир эте алабы?

Эсен Өмүракунов: - Негизинен, диний ишеним шайлоодогу чынчылдыкка туура жагынан таасир этиши керек. Мисалы, АКШ, Батыш Европа мамлекеттери, айрыкча Германия динден алыс мамлекеттер эмес. Алар кандайдыр деңгээлде динди бекем кармаган өлкөлөр. Булардын саясий маданиятын да диний ишеним, кудайга болгон ишеним түзөт.

Ислам дини да күчтүү потенциалга ээ. Шайлоо убагында чынчылдыкка багыттоо, чынчылдыкты кармануу, чынчылдыкты талап кылуу маселесин динге байлоо мүмкүн. Бирок азыркы мусулмандар сырткы диний жөрөлгөлөрдү формалдуу карманганы менен нагыз диний ишенимин билбейт. Бул алардын эң негизги талуу жерлеринин бири. Жөндөмдөрү азырынча өрчүй элек. Адамдын жакшы сапаты сыяктуу дин башынан айтылып, андан кийин толукталып, кийин гана жөндөм катары адамдын психикасында орун алганга чейин бир топ убакыт өтөт. Бул шайлоо диний ишенимдин бекемделишинин, чынчылдыкка таасир бергенинин кандайдыр бир көрсөткүчү болот. Шайлоодон кийин кандайдыр бир натыйжаларды чыгарып, тажрыйбаларды көрүп, ошого жараша түздөнсөк болот. Октябрда болчу шайлоодо диний ишеним чынчылдыкка анча таасир этпейт деген оюм бар.

Айт намазы маалында сыйынып отурган кыргызстандыктар, 2019-жыл.
Айт намазы маалында сыйынып отурган кыргызстандыктар, 2019-жыл.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстандын Баш мыйзамына, шайлоо, дин жаатын тескеген укуктук-ченемдик актыларга ылайык, шайлоо жараянына диний уюмдардын, диний ишмерлердин катышуусуна тыюу салынган. Бирок диний ресурс өлкөдөгү кандай деңгээлдеги шайлоо болбосун, түз болбосо да кыйыр түрдө дайыма аралашып келет...

Эсен Өмүракунов: - Шайлоого динчил адамдардын, ислам динин тутунган адамдардын катышып жатканын кубаттаса болот. Эч ким диний негизде Баш мыйзамга каршы келген партия түзгөн жок. Жалаң гана мусулмандар мүчө болгон партия да жок.

Азыркы шайлоо өнөктүгүндө диний риториканы колдонуу мүмкүн эмес. Бирок каалайбызбы, жокпу, Кыргызстанда ислам динин кармангандар өзүнчө бир чоң тайпага айланып бара жатат. Мисалы, алар да бир өңчөй, бир түзүмдөгү топко эмес, түрдүү топторго бөлүнүшөт. Коомго дин аркылуу таасир этип жаткан топтордун мыйзамдуу талаага кирип, Жогорку Кеңешке депутат болуш үчүн шайлоого катышуу, ат салышуу жараянынын өзү жакшы көрүнүш. Динчил адамдардын парламентке өтүшү өтө маанилүү. Алардын үнү коомго угулуп, өз мүмкүнчүлүгүн сынап, ат салышып, кандай сөздү сүйлөсө болот, кайсыны сүйлөгөнгө болбойт дегенди билгени да зарыл. Динчил талапкерлер тутунган динин саясий өңүттө апробациядан өткөрүп жатканы - абдан жакшы.

Канатбек Мурзахалилов: - Саясий турмушка же шайлоо өнөктүгүнө дин аралашып, коомдун өнүгүшүн башка нукка бурган өлкөлөрдүн тажрыйбаларын айта аласызбы? Бул жараяндын оң же терс жактары кандай?

Эсен Өмүракунов: - Динди жеке саясатта же партиянын саясатында курал катары пайдаланган адамдардын, лидерлердин жана партиялардын тагдыры ойлоно турган маселеге чейин алып барганын көрүп жатабыз. Азыркы кезде Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин көбүндө жарандык согуш жүрүп жаткан убагы. Андан сырткары, коомдун артка кетишине, мамлекеттик мекемелердин формалдуу түрдө гана иштеп калышына, бара-бара жеке бийлик же жеке партиянын бийлигине айланышына алып баруу ыктымалдыгы бар. Бирок динди коомдун фундаменталдуу негиздеринин бири катары колдонуу менен адамдын жеке жашоосундагы милдеттүү жана зарыл болгон тыюулар мамлекеттин өнүгүшүнө, үй-бүлөнүн жакшырышына, жеке адамдын жашоосуна да жакшы пайда алып келет. Мындай мисалды Малайзия, Индонезия, Тунис сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасынан көрсөк болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG