Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Орусияда окуган студенттер президентке кайрылышты


Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча келген чартердик рейс. 22-май, 2020-жыл.
Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча келген чартердик рейс. 22-май, 2020-жыл.

Орусиядагы орто жана жогорку окуу жайларында окуган студенттер президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевге кайрылуу жиберишти. Алар Орусияда онлайн окууга уруксат берилбегенин, 1-сентябрдан тартып ал жактагы окуу жайларында кадимкидей сабактар башталганын белгилешкен. Кайрылуу ээлери президенттен жана президенттик аппарат башчысынан Орусияга барууга көмөктөшүүнү өтүнүшүүдө.

Студенттер Орусияга киргенден кийин эки жума карантинде калууга, коронавируска карата ПЧР тесттеринен өтүүгө даяр экенин билдирип, бул маселени жакын арада чечип берүүнү мамлекет башчыдан жана аппарат жетекчилигинен суранышкан.

Кайрылууга 500гө жакын студент жана алардын ата-энелери кол коюшкан.

Июль айында коронавирус күчөп, адистер жетишпей жатканда Орусиядан өз эрки менен келип, «кызыл зоналарда» иштеген дарыгерлер да кайра жумушуна кете албай жатышканын айтып даттанышууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусия 18-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Орусиядагы окуу жайларында окуган студенттер каникул учурунда мекенине чартердик каттамдар менен учуп келишкен.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып орусиялык жарандардын жакын туугандарына, туруктуу жашоого уруксат алган, Орусиянын ооруканаларында дарыланууга муктаж адамдар өлкөгө кирүүгө уруксат берилген. Бирок анын жол-жобосу түшүндүрүлгөн эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG