Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:43

COVID-19: Кытай өзбек өкмөтүнө вакцина сыноого катышууну сунуш кылды


Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында коргоо министри Сергей Шойгу да бар.

Кытай Өзбекстанга коронавируска каршы өзү даярдаган вакцинаны сыноонун соңку - үчүнчү баскычына катышууну сунуш кылды. Бээжин мындай клиникалык сыноону бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Ыраакы Чыгыш менен араб мамлекеттеринде да өткөрүүнү пландап жатат.

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги бул маселе Кытай менен 3-сентябрда эки тараптуу видео форматындагы жыйында талкууланганын кабарлады. Ага Кытайдын Саламаттык сактоо министрлигинин, Илимдер академиясынын жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле бул вакцинаны даярдап жаткан «Anhui ZhifeiLongcom Biopharmaceutical» фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты.

«Эгер бул вакцина сыноодон ийгиликтүү өтсө Өзбекстан менен дагы башка Борбор Азия өлкөлөрүндө колдоно баштаса болот. Вакцинанын алгачкы эки баскычы ийгиликтүү өттү, экинчи этабы толугу менен октябрь айында аяктайт. Үчүнчү клиникалык сыноо ушул жылдын төртүнчү кварталына белгиленген», деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзүндө ушул тапта 150дөн көп ыктымалдуу вакцинаны даярдоо, сыноо иштери жүрүп жатканын билдирген. Алардын ичинен 25 препарат адамдарга сайып текшерүү баскычына жеткен.

Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн.

XS
SM
MD
LG