Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

Он тогуз адамдын өмүрүн кыйган каргаша


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн эки жума аралыгында, жол кырсыгынан 19 киши каза болду. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча реформалар эмнеге натыйжа бербей жатат? Коомчулук жол эрежесин сакташ үчүн эмне кылуу керек? Жазаны катаалдаштыруу эмне үчүн кырсыктын санын азайта алган жок?

4-сентябрда эртең менен Тогуз-Тородогу жол кырсыгынан сегиз адам каза болду.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев «Азаттыкка» Жалал-Абад – Казарман автоунаа жолундагы кырсыктан каза болгон сегиз жаран «Ауди А6» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде болушканын билдирди.

Ал эми каршы тилкедеги оор жүк ташуучу «ХОВО» жүк ташуучу автоунаасы өз жолунан чыгып кеткен. Учурда окуя болгон жерди тийиштүү кызматын өкүлдөрү текшерип жатышат.

«Тогуз-Торо районундагы Жалал-Абад – Казарман автоунаа жолунун 2,5 чакырымында саат 09:00 чамасында жеңил автоунаа менен оор жүк ташуучу «ХОВО» үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Окуя болгон учурда беш аял, эки эркек киши жана сегиз жаштагы бала мерт болгон», - деди Сатыбалдиев.

"Арай көз чарай" берүүсүнүн 4-сентябрдагы чыгарылышында жол кырсыктары тууралуу сөз болду. Талкууну толугу менен аудиодон уксаңыз болот.

Айдоочулар ылдамдыкты сактабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:14 0:00
Түз линк

Каза болгондор Тогуз-Торо районундагы Карл Маркс айылынын тургундары болгон. Алар Казарман айылына бара жатканда жол кырсыгына кабылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев айдоочулардын жол эрежелерин так сактабаганы, кырсыктардын башкы себеби экенин айтууда.

«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетованын баамында, айдоочулардын жоопкерчилиги сотко жетпестен, айрым учурларда кыргызчылык жолу менен токтоп калат.

Жол кырсыгынын айынан атасын жоготкон Эстебес Куланов “Азаттыкка” кайрылып, айдоочуну табууга көмөктөшүүнү суранды.

«Атамды сүзгөн адамды издейм»
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:55 0:00

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып, жол кырсыктары кескин азайганын белгиледи:

«2019-жылдын февралынан тартып «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилди. Бул жол кырсыктарынын деңгээлин Бишкек шаарында 42%, Чүй облусу боюнча 50% азайтууга мүмкүнчүлүк берди. Азыр «Коопсуз шаар» долбоорунун негизги баскычын ишке ашырууга даярдык көрүлүүдө. Ал жети облусту, республикалык маанидеги эки шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу конушту камтыйт».

Жээнбеков көзөмөл камера-комплекси орнотулган аймактагы сандарды белгилеген. Ал эми камералар жок жерде, чоң трассаларда жол кырсыктары азайган жок. Тескерисинче, жабыр тарткандар, адам өлүмү да көп болууда.

Акыркы эки жумада эле жол кырсыгынан 19 адам көз жумду.

Алсак, 24-августтагы жол кырсыгында Бишкек шаарында үч киши - алты-жети жаштагы кыз жана анын ата-энеси каза болгон.

Шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМ академиясынын алдында жеңил автоунаа менен жүк ташуучу микроавтобус кагылышкан. Жеңил машинеде бараткандар көз жумган.

27-августта Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсыктан тогуз жаштагы бала каза болуп, беш киши жабыркаган. 1-сентябрда Бишкек-Ош жолунан «Тойота» машинасы Нарын дарыясынын жээгиндеги жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен автоунаадагы эки кыз жана тогуз жаштагы бала каза болгон. Беш киши түрдүү жараат алган.

Жоболоңдуу жол кырсыктары күч алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3% көп. Жол кырсыктарынан баш-аягы 529 киши каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу 9,2% көбөйгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG