Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Милиция велосипед катышкан жол кырсыктары көп болуп жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын кайгуул кызматы велосипед тепкендерди жол эрежелерин так сактоого чакырды. Милициянын маалыматына ылайык, 25-мартта өзгөчө абал жана кырдаал режими киргизилгенден бери Бишкек шаарында 80ден ашык жол кырсыгы катталса, анын 20сы велосипед тепкендердин катышуусу менен болгон.

Милиция кырсыктарга айрым велосипедчилер жол кыймыл эрежелерин так сактабаганы себеп болгонун белгилейт. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматы велосипед минип жүргөн жарандарга:

- велосипедди сөзсүз эки колу менен айдоону;

- жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоону;

- велосипед менен кошумча жүк ташыбоону;

- жеке коопсуздук үчүн жана автоунааларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп жетелеп өтүүнү;

- түн ичинде атайын жарык берүүчү чаптамаларды же жарыктандыруучу шаймандарды колдонууну;

- жол жээги менен велосипед тебүүдө машинелерге карама-каршы багытта жүрүүнү жана атайын велосипедчилер үчүн салынган жолдордо жүрүүнү сунуш кылат.

Учурда милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарындагы кырдаалга байланыштуу велосипедчилерге алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG