Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды


9-июлда Балыкчы-Кочкор автожолунда болгон кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.
9-июлда Балыкчы-Кочкор автожолунда болгон кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.

9-августта Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр айылы) «Хундай-Соната» жана «Камаз» автоунааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кырсыктан эки киши (1992-жылы туулган аял киши жана бир эркек) мүрт кеткенин, дагы бир адам жабыркаганын билдирди.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жаракат алган адамды «Тез жардам» кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып кеткен.

Кыргызстанда соңку айларда жол кырсыктары көп катталууда. Өткөн айда эле Тоң районунда Балыкчы-Кочкор автожолунун 4-чакырымында болгон автокырсыктан үч кишинин өмүрү кыйылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG