Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Жол кырсыктары жоодой чапты


Бишкек-Ысык-Көл жолу.
Бишкек-Ысык-Көл жолу.

Акыркы бир аптада Кыргызстандагы жол кырсыгынан кеминде 11 киши өлүп, үч адам жабыркады. Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда парламентте «жолдор коопсуз болуп калды» деп айтып жаткан күнү Бишкектеги «Манас» аба майданына кеткен жолдогу кырсыктан эки киши көз жумду. 

30-июнда «Манас» аэропортуна бараткан жолдо велосипедчен эки адамды машине коюп кетти. Алардын бири окуя болгон жерден мүрт кеткен. Экинчиси ооруканага баратканда үзүлдү.

Милиция кызматкерлери окуяга шектүү катары Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургунун кармап, тергөө иштерин башташты. Маалыматка ылайык, айдоочу «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Чүйдүн Камышановка айылынан Бишкекке бараткан.

Кырсыктан каза тапкандар Кыргызстандын Триатлон боюнча федерациясынын спортчулары Евгений Требунский жана Илья Сидоров экени маалым болду. Бул тууралуу аталган федерация «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Эки спортчу мурда велоспорт менен кесипкөй деңгээлде машыккан. Союз учурунда жана Кыргызстан эгемендик алгандан кийин алар көп сыйлыктардын ээси болушкан. Илья Сидоров СССРдин, ал эми Евгений Требунский Кыргызстандын спорт чебери эле.

Евгений Требунский Кыргызстандагы Триатлон федерациясын түптөөгө салым кошкон. Ал жаштарга кеп-кеңеш берип, колдоо көрсөтүп келген. Требунский 2018-жылы Дуатлон боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып, 2-орунду ээлеген.

Евгений Требунский жана Илья Сидоров. Сүрөттөр Кыргызстандын Триатлон федерациясынын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Евгений Требунский жана Илья Сидоров. Сүрөттөр Кыргызстандын Триатлон федерациясынын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Сидоров Триатлон федерациясынын мүчөсү катары «Indoor Triathlon» мелдештерине катышып келген.

Бул спортчулар дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы оор кырдаалга карабастан машыгуусун токтотушкан эмес, муну менен алар өсүп келаткан муунга үлгү көрсөтүп турушкан», - деп белгиленди федерация тараткан маалыматта.

26-июнда жол кырсыгына учурап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы Асел Кадырбекованын абалы дагы эле оор. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эс-учун билбей жатат.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков ырчынын мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганын билдирди:

«Кадырбекова учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Азырынча жылыш жок».

Асел Кадырбекова.
Асел Кадырбекова.

Кадырбекова катышкан жол кырсыгы 26-июнда Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөсүндө саат 15:30 чамасында болгон. «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун машинеси менен «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү автоунаа кагылышкан. Жол-кайгуул кызматы эки автоунаадагы үч киши түрдүү жараат алганын кабарлаган. Бул окуяга байланыштуу бир киши кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Адам өмүрүн алган жол кырсыгы 30-июнь күнү Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында да катталды. Анда УАЗ автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Натыйжада эки киши өлүп, дагы эки адам жаракат алган.

Мындан сырткары 27-июнда Сосновка айылында «Lexus» үлгүсүндөгү машине менен оор жүк ташуучу автоунаа кагылышкан. Бул кырсыктан алты киши мүрт кетти.

26-июнда Чолпон-Ата - Каракол каттамында катуу ылдамдыкта бараткан 18 жаштагы айдоочу бакка урунуп, каза болгону кабарланган.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев кырсыктар айдоочунун көңүл кош мамилесинен улам болуп жатканын айтты:

«Айдоочулардын жол эрежесине кайдыгер мамилесинен улам кырсыктар болуп жатат. Ушундан улам Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери жол кырсыктарын болтурбоо максатында алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүүдө».

Өз максаттарына жол кырсыктарын азайтууну камтыган «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы 2019-жылдын февраль айында башталып, «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.

Мындан сырткары Кыргызстанда 1-июлдан тартып патрулдук милиция Бишкектен тышкары бир нече шаарда да иштей баштай турганы айтылган. Аймактарда ишке киргизүү пландалып жаткан патрулдук милиция коомдук тартипке да, жол коопсуздугуна да көз салат. Ички иштер министрлигинин бул кызматы Бишкек шаарында 2019-жылдын ноябрь айынан тартып иштей баштаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып, жол кырсыктары кескин азайганын белгиледи:

«2019-жылдын февралынан тартып «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилди. Бул жол кырсыктарынын деңгээлин Бишкек шаарында 42%, Чүй облусу боюнча 50% азайтууга мүмкүнчүлүк берди. Азыр «Коопсуз шаар» долбоорунун негизги баскычын ишке ашырууга даярдык көрүлүүдө. Ал жети облусту, республикалык маанидеги эки шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу конушту камтыйт».

Жээнбеков белгилеген пайыздык көрсөткүчтөр - көзөмөл камера-комплекси орнотулган аймактагы сандар. Ал эми камералар жок жерде, чоң трассаларда жол кырсыктары азайган жок. Тескерисинче, жабыр тарткандар, адам өлүмү да көп болууда.

«Коопсуз шаар»: жыл жыйынтыгы
«Коопсуз шаар»: жыл жыйынтыгы

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3% көп. Жол кырсыктарынан баш-аягы 529 киши каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу 9,2% көбөйгөн.

Айдоочулар коомунун өкүлү Дүйшөн Токтакунов буларга токтолду:

«Айдоочунун жоопкерчилиги биринчи орунда турат. Анткени биздин жолдор саатына 140-150 чакырым ылдамдыкта айдаганга ылайык эмес. Ошондуктан кырсыктар көп болуп жатат».

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сайтындагы маалыматка ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарында 1,35 миллион адам каза табат. БУУнун маалыматы боюнча, жол кырсыктары дегеле жалпы калк арасында өлүмдүн себептеринин арасында 8-орунда, бир жаштан 29 жашка чейинкилер арасындагылардын өлүмүнүн себептеринин ичинен 1-орунда турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG