Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Көкөйгө тийген жол кырсыктары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-ноябрь жол кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү күнү.

2005-жылдын октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы A/RES/60/5 резолюциясы менен ноябрдын үчүнчү жекшембисин Жол кырсыктарынан мерт болгондорду эскерүүнүн дүйнөлүк күнү (World Day of Remembrance for Road Traffic Victims) деп жарыялаган.

Кыргызстанда бул күнгө карата Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жана облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Ага студенттер жана мектеп окуучулары катышты.

16-ноябрда саат 10:00дө жолдордогу автоунаалар бир мүнөткө токтотулду. Мындан тышкары жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын стационардык бекеттериндеги мамлекеттик желектер төмөн түшүрүлдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сайтындагы маалыматка ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынын айынан 1,35 миллион адам каза табат. БУУнун маалыматына ишенсек, жол кырсыктары дегеле жалпы калк арасында өлүмдүн себептеринин арасында 8-орунда, 1 жаштан 29 жашка чейинкилердин арасындагылардын өлүмүнүн себептеринин ичинен 1-орунда турат.

Кызык жери, кирешеси аз өлкөлөрдө дүйнөдөгү транспорт каражаттарынын үлүшү 1% болсо да өлүмдүн себептеринин 13% түзөт. Ошол эле учурда кирешеси көп мамлекеттерде дүйнөдөгү транспорт каражаттарынын 43% болгонуна карабастан жол кырсыктары өлүмгө себеп болгон жагдайлардын 7% гана түзөт.

Башкача айтканда, кирешеси көп мамлекеттерде транспорт көп болсо да өлүмгө азыраак себеп болот, ал эми жарды мамлекеттерде тескерисинче.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 28-октябрда ички иштер органдарынын 9 айдагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылгандай, ушул жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталды.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга көп. Жол кырсыгынан баш-аягы 529 киши каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу 9,2 пайызга жогорулады. Өткөн жылы 484 адам өлгөн. Ал эми жараат алгандар 6353төн, 7265ке көбөйүп, үлүшү 14,3 пайызга жогорулады.

Машине көп, жоопкерчилик жок

Өз максаттарына жол кырсыктарын азайтууну камтыган «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Ошого карабай жогорудагы статистика көңүл жубатпай жатканын адистер ар кандай чечмелешүүдө.

Алардын айтымында, мунун ар кандай себептери бар. Алардын бири - транспорт каражаттарынын көптүгү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, соңку тогуз жылда Кыргызстанда машинелер үч эсе көбөйдү.

2010-жылы 444 миң машине катталган болсо, бүгүнкү күндө 1 миллион 348 миңге жетти. Милиция автопарк көбөйгөнү менен жол инфратүзүмү оңолбой жатканын, ошонун айынан жол кырсыктары көбөйгөнүн белгилөөдө.

Ири шаарларда абал айрыкча оор. Бишкекте, мисалы, жолдор 40 миң машинеге ылайык болсо, 420 миң автоунаа катталган.

Жол кырсыктарынын азайбай жатканынын экинчи себебин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг бөлүмүнүн башчысы Нурбек Молдогазиев мындайча түшүндүргөн:

Нурбек Молдогазиев.
Нурбек Молдогазиев.

- Камералар коюлган жерлерде жол эрежелерин бузуу, жол кырсыктары бир топ азайды, б.а. 45 пайызга чейин азайды. Ал эми камералар жок жерде, чоң-чоң трассаларда тилекке каршы жол кырсыктары азайган жок, жабыр тарткандар, адам өлүмү да көп болууда.

Үчүнчү себебин айрым өкмөт мүчөлөрү жол кырсыктарын каттоонун жаңы тартиби менен да байланыштырууда. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 13-сентябрда Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып:

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

- Мурда бизде жол кырсыктарын каттоо тартиби башкача болчу. Автоунаалар сүзүшүп эч ким жабыркабаса, тараптар сүйлөшүп алышып, алар катталчу эмес. Азыр кырсык болсо эле Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып жатат, - деп түшүндүргөн.

«Азаттык» бул күнгө быйыл коомчулукта резонанс жараткан айрым жол кырсыктарын окурмандардын эсине сала кетүүнү туура тапты.

Акынды алып тынган кырсык

11-ноябрга караган түнү Кочкор-Балыкчы жолунда төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун жана анын келинчегинин өмүрүн алган жол кырсыгы болгон. Анда «Норд-Бенц» менен «Субару Импреза» үлгүсүндөгү машинелер кагышкан.

Акжолтой Канат уулу.
Акжолтой Канат уулу.

Нарын облустук милициясы кабарлагандай, баштапкы маалымат боюнча «Субару Импреза» жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Бул машинеде бараткан айдоочу жана үч жүргүнчү ошол жерден мүрт кетип, бир адам оор абалында Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Каза болгондордун арасында төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жана келинчеги бар.

Тебеленген мектеп окуучусу

3-октябрда Бишкекте мектептен чыгып үйүнө бараткан 5-класстын окуучусу автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыгып баратып кийими эшигине илинип калган. Ошол учурда айдоочу автобусту бир нече метрге чейин айдап кетип, бала арткы дөңгөлөгүнө тебеленип калган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, автобустун айдоочусу камакка алынды.

17 жашында мүрт кеткен төрт жигит

9-сентябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги автокырсыктан каза болгон төрт бала тең 17 жашта болгон.​ Алар «Шкода Октавия» автоунаасында баратышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, андан тышкары кырсыктан жети киши жабыркаган. «Шкода Октавия» жеңил унаасынын айдоочусу Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келаткан №8 автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги төрт киши ошол жерде мүрт кеткен.

Беш кишинин өмүрүн алган авария

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Чүй облусундагы Ивановка айылынын тушундагы жол кырсыгынан беш адам каза болгон. Кырсык 25-октябрда түштөн кийин болгон. Батыштан чыгышты көздөй бара жаткан «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү автоунаа жол четине коюлган парапетти сүзгөн. Анын жыйынтыгында үч адам мүрт кетип, экөө ооруканага жаткырылган. Бирок алар ооруканадан үзүлгөн. Каза тапкандардын арасында балдар да бар.

Жаш клубдун канатын кайрыган каргаша

Ильич Иманбеков оюн учурунда.
Ильич Иманбеков оюн учурунда.

22-августта таңкы саат жетилер чамасында, Бишкек-Ош жолунун 197-чакырымында 22 жаштагы футболчу Ильич Иманбековдун өмүрүн алган жол кырсыгы болгон. Кырсык учурунда автобуста команданын 14 оюнчусу, алардын машыктыруучусу жана команданын администратору бар эле.

Камактагы саясатчынын кайгысын күчөткөн окуя

22-август күнү кечки саат 22:45 чамаларында, Көк-Жар конушунда жол кырсыгы болгон. Баштапкы маалымат боюнча С.Э. аттуу жаран айдап бараткан автоунаа мотоциклди сүзгөн. Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан Садыр уулу айдап баратып кырсыктаган мотоциклде 20 жаштагы кыз да учкашып бараткан. Ал кыз ооруканага жаткырылса, 26-августта Дастан Садыр уулу эсине келбей каза тапкан.

Чуусу чубалып бүтпөгөн авария

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы быйыл 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана Токобеков отурган BMW Х7 машинелери кагышып, «Lexus» автоунаасынын ичиндеги төрт киши тең мерт болгон. Депутаттын уулу да жабыркап, ооруканага жатып чыккан.

Суусамыр суусуна кулаган аппарат башчы

Молдакун Абдылдаев.
Молдакун Абдылдаев.

30-июнда беш кишини салып бараткан автоунаа Суусамырга жакын жолдо Көкөмерен суусуна кулап кеткен.

Кыргыз өкмөтүнүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы 59 жаштагы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен сууга агып, мерт болгон. Эки күндөн кийин Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү табылган.

Төрт өмүрдү алган табышмактуу кырсык

Бишкек -Торугарт жолунда 9-майда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сот процесси башталды. Укук коргоо органдары кырсыкта эки машиненин тең айдоочулары каза болгонун кабарлаган. Бирок жакындары каза тапкан Кемин районунун тургундары бул маалыматты четке кагып, экинчи автоунаанын айдоочусу тирүү экенин жана айыпты өлгөн адамга жүктөп, жазасыз калуу аракетин көрүп жатканын билдиришүүдө.

Нарындагы үч кишинин ажалы

27-февралда Нарын районунун Орто-Нура айылында жолдо «Ауди» жана «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаалары кагышып, үч киши набыт болду. Үчөө тең «Ауидинин» жүргүнчүлөрү болгон. Нарын облустук ИИБнин маалыматы боюнча маркумдардын баары Орто-Нура айылынын тургундары болгон. Мындан тышкары дагы үч киши түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алардын бири «Ауди» автоунаасынын айдоочусу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG