Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Жаш клубдун канаты кайрылды


Ильич Иманбеков оюн учурунда.
Ильич Иманбеков оюн учурунда.

Кыргызстандын премьер-лигасында ойногон «Академия-Лидер» футбол клубунун 22 жаштагы оюнчусу жол кырсыгынан каза болду. Баштапкы маалыматтарга караганда Бишкек-Ош жолунда футболчулар бараткан кичи автобус «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен кагылышкан.

«Академия-Лидер» клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги айлампасында Ошто «Алай» клубу менен 21-августта беттешип, ошол түнү эле жолго чыгып, кайра Бишкекке келе жаткан.

22 жаштагы футболчу Ильич Иманбековдун өмүрүн алган жол кырсыгы 22-августта таңкы саат жетилер чамасында, Бишкек-Ош жолунун 197-чакырымында болгонун Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Кырсык учурунда автобуста команданын 14 оюнчусу, алардын машыктыруучусу жана команданын администратору бар эле. Ал урунган жеңил автоунаанын ичинде 6 адам бар экенин айтылууда.

Тилек Исаев.
Тилек Исаев.

«Айдочулар жол эрежесин сактабагандыктан болгон жол кырсыгы. Негизги жолдо кичиавтобус болгон. Жеңил машине жол бербей чыккан. Ушундан улам келип чыккан жол кырсыгы. Автоунаалар айып аянтчасына коюлуп, тийштүү экспертизалар дайындалып, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды», –деди Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев.

Команданын администратору Талант Үсөновдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, кырсыкка кабылган футболчулар Бишкекке жеткирилди.

«Азыр биз балдарды көрсөтүп ооруканада жүрөбүз. Абалыбыз жакшы. Оюндан соң биз шашпай эле келатканбыз. Биз эле эмес, бардык командалар ушинтип жүрүшөт. «Алай», «Абдыш-Ата» командалары деле коноктогу оюндарына ушинтип барып келет. Биз келе жатканда «Абдыш-Атанын» командасы автобус менен коноктогу оюнуна баратыптыр. Машинебиз да жакшы болчу. Болгону жолдун четинде токтоп турган машинеге мас абалындагы жүргүнчү отура калып трассага чыга калат. Биздин айдоочу убагында байкап калып машинени токтотуп калды. Болбосо баарыбыз аңга түшүп кетет элек», - деди «Академия-Лидер» клубунун администратору Талант Үсөнов.

Каза тапкан 22 жаштагы футболчу Ильич Иманбеков «Академия-Лидер» футбол клубунун негизги оюнчуларынын бири болчу. Ал командага «Лидер» футболдук долбоорунун алкагында алынган. Футболдук талаада чабуулчу катары 99чу номерде ойноп келген.​

Ильич Иманбеков (99чу номер) «Академия-Лидер» жана «Абдыш-Ата» клубдарынын беттеши учурунда. Кант. 17-август, 2019-жыл.
Ильич Иманбеков (99чу номер) «Академия-Лидер» жана «Абдыш-Ата» клубдарынын беттеши учурунда. Кант. 17-август, 2019-жыл.

«Академия-Лидер» футболдук клубу 2018-жылы НТС телеканалында эфирге чыккан «Лидер» теледолбоору аяктагандан кийин негизделген. Учурда командада бул долбоордун алкагында таңдалып алынган балдар ойнойт.

Долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Замир Казакбаев бул окуя команда үчүн чоң жоготуу болгонун билдирди:

«2018-жылы ушундай «Лидер» долбоорун уюштуруп, республиканы бүт кыдырып, жер-жерлерде жашаган таланттуу футболчуларды тандап, эки-үч этаптын негизинде балдарды электен өткөрүп анан командага алганбыз. Бизде бардык аймактардан футболчулар бар. Алгач биринчи лиганын деңгээлине, кийин премьер-лиганын деңгээлине чыгып, чемпионатка кирип сегизинчи клуб болуп ойноп жатканбыз. Жол кырсыгына кабылып бир оюнчубуздун каза тапканы биз үчүн оор жоготуу».

«Академия-Лидер» футболдук клубу «Дордой» командасы менен беттеш алдында. 7-апрель, 2019-жыл.
«Академия-Лидер» футболдук клубу «Дордой» командасы менен беттеш алдында. 7-апрель, 2019-жыл.

Спорт журналисти Адилет Керимбеков жаш футболчунун каза табышы ансыз да араңжан кыргыз футболу үчүн чоң сокку болушу мүмкүн экенин айтты. Анын пикиринде, бул кырсык Кыргызстандагы спортчулардын коопсуздугун камсыз кылуу жагы начар экенин ачык көрсөттү.

Адилет Керимбеков.
Адилет Керимбеков.

«Сезон башталганда эле «Академия-Лидер» командасынын футболчуларына көз салып жүрчүбүз. Баары жаш футболчулар. Бул кырсык Кыргызстандын премьер-лигасында дебютант катары ойногон «Академия-Лидер» командасы менен болуп жатканы аябай жагымсыз окуя. Бул соккуну көтөрө албай команда кийинки жылдары жоюлуп кетиши мүмкүн. Ал эми жоопкерчилик команданын жетекчилигинде болушу керек. Оштон Бишкекке автобус менен эмес, учак менен барса мындай кырсык болмок эмес. Кыргыз футболчуларынын, негизи кыргыз спортчуларынын коопсуздугун камсыз кылууну күчөтүш керек», - деди журналист.

Кыргызстандын курама командасынын мурдагы оюнчусу, «Дордой» жана «Алга» командаларында машыктыруучулук кызматты аркалап, учурда балдардын «Дордой» футбол академиясынын директору болуп иштеп жаткан Руслан Сыдыков мындай кырсыкка Кыргызстандагы башка футбол клубдар да кабылышы мүмкүн экенин айтты:

Руслан Сыдыков.
Руслан Сыдыков.

«Мындай кырсыкка «Академия-Лидер» эле эмес, башка командалар деле кабылышы мүмкүн. Анткени Ошко барып келиш үчүн учактын билет баасы кымбат. Командалардын акчасы аз. Менин билишимче, «Академия-Лидер» командасынын машыктыруучуларынын, балдардын айлыгы да убагында берилбей калат. Баары финансыга барып такалат. Негизи эле кечинде жолго чыкпаш керек болчу. Команда эс алып, уктап, анан жолго чыгышы керек эле. Оюндан кийин эле түндө жолго чыкканы да клубдун акчаны үнөмдөп калуу максаты деп айта алам. Анткени түнгө калса мейманкананын жана футболчулардын тамак-ашын төлөш керек болот. Көп командалар акчаны үнөмдөп калыш үчүн кечинде жолго чыгат. «Алга» клубунда иштеп жүргөндө биз да ошентчүбүз. «Дордой», «Абдыш-Ата» өңдүү командалар эле учак менен учпаса, калган клубдардын баары эле автобус менен жүрүшөт».

Ал «Академия-Лидер» командасынын жаш, жаңы болгонуна карабай чемпионатка кошулганынын жөнүн мындайча түшүндүрдү:

««Академия-Лидер» - жаңы команда. Жер-жерлердеги таланттуу балдардан түзүлгөн. Бул команданын премьер-лигада ойногону да бекеринен эмес. Анткени Азия футбол конфедерациясынын регламенти боюнча ар бир өлкөнүн чемпионатында жок дегенде 8 команда ойношу керек. Бизде болсо футболдук командалар аз».

«Академия-Лидер» футбол клубу 2018-жылы негизделип, команда 2019-жылдан тартып Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган кыргыз премьер-лигасында ойноп келет. Клуб 21-августта Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги айлампасында Оштун «Алай» клубу менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңилген. 17-турдагы оюндан кийин «Академия-Лидер» 8 упай менен 8 команданын ичинен акыркы орунду келе жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG