Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Окуучунун өмүрүн алган жол кырсыгы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-октябрда Бишкекте мектептен чыгып үйүнө бараткан 5-класстын окуучусу автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип каза болду.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, автобустун айдоочусу камакка алынды. Бул окуя жол коопсуздугу жана балдарга карата жоопкерчиликти күчөтүү маселесин кайрадан күн тартибине алып чыкты.

Милициянын маалыматына караганда, окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыгып баратып кийими эшигине илинип калган. Ошол учурда айдоочу автобусту бир нече метрге чейин айдап кетип, бала арткы дөңгөлөгүнө тебеленип калган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн басмө сөз катчысы Темирлан Мирсадык уулу окуя тууралуу буларды айтты:

- Айдоочу жүргүнчүлөрдү түшүрүп жаткан мезгилде баланын кийими автобуска илинип калган. Айдоочу аны көрбөй, автоунааны бир-эки метр айдаган. Ошол кезде окуучу автобустун арткы оң дөңгөлөгүнүн алдында калган.

Маркум тестиер Бишкек шаарындагы №70 мектеп гимназиясынын 5-классынын окуучусу болчу. Ата-энеси шаардын четиндеги Новопавловка жаңы конушунда турат. Ал жакта мектеп жоктугунан ата-энеси аны Бишкек шаарында окутууну туура көргөн. Кичинесинде окуучуну атасы машинеси менен ташып жүрүп, “быйыл чоңоюп калды, өзү барып келсин” деп, жалгыз жөнөтө баштаган.

"Мындай кырсык болуп кетерин эч ким билген жок", - дейт маркум окуучунун аталаш агасы Орозбек Төлөмүшов:

- Баланын атасы кичирээк кезинде өзүнүн машинеси менен мектепте жеткирип, кайра алып кетип турчу. Азыр машинеси жок, анын үстүнө ал деле иштеп, оокат кылышы керек да. Убактысы азыраак болуп калды. Бул көр тириликтин айынан болуп калды. Эми андай-мындай деп айтуу кыйын. Ар бир адамдын башына кокустан келип калышы мүмкүн. Маңдайына жазылганы ушундай болсо керек.

5-класстын окуучусун тебелетип кеткен деп шектелип жаткан №18 автобустун айдоочусу кармалып, Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Автобус айып токтотмого коюлду. Учурда бардык соттук, медициналык экспертизалар дайындалды.

- Бизде башка өнүккөн өлкөлөрдөй мектепте алып барып келген атайын автобустар жок. Бийлик болсо элди ойлобойт. Мисалы, депутаттарыбыз 70-80 миң сом айлык алышат. Алар автобуска түшпөйт. Карапайым элдин жашоосу менен жакындан тааныш эмес. А биз болсо балдарыбызды эптеп окутуп жүрөбүз,- дейт Орозбек Төлөмүшов.

Окуучунун жолдогу коопсуздугу

Бул окуя боюнча 4-октябрда Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов шаардагы транспорт башкармалыгынын жана жол коопсуздук кыймылынын өкүлдөрүн чогултуп, чукул жыйын өткөрдү. Мэриянын маалыматы боюнча каза болгон окуучунун жакындарына жардам берүү жана коопсуздукту күчөтүү тапшырмалары берилди.

Окуучулар үчүн атайын транспорттор уюштурулушу керек деген пикирлер коомчулукта көп айтылып келе жатат. Бирок Бишкек шаардык транспорт башкармалыгын башчысы Болотбек Тезекбаев шаардын бюджети мындай чыгымды көтөрө албастыгын айтты:

- Бүгүнкү күндө биздин бюджет аны көтөрө албайт. Жергиликтүү бийлик тургундар менен сүйлөшүүсү керек. Бул нерсеге окуучулардын ата-энелери кызыкдар болуп жатпайбы. Ошондуктан алар менен сүйлөшүп, маселени чечсе болот. Ал үчүн ата-энелер кошумча төлөм чогултуп бериши керек.

"Коопсуздук эрежелери балдарга жетиштүү окутулбайт, ата-эне да кайдыгер болууда", - дейт Балдардын укугун коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова:

- Ата-энелер менен бирге чогулуш өткөрүү керек. Кайсы мектепте кайсы жаңы конуштан көп окуучу келет деген анализ болушу керек. Анткени өздөрү жашаган аймактагы, жаңы конуштагы мектептердеги билимге ата-энелер ыраазы болбой, алыскы билим уяларына балдарын ташып жатат. Мунун да себебин аныкташ керек.

Кыргызстанда мектептин жетишсиздигинен бир айылдан экинчи айылга жөө жалаңдап, ээн талаада жалгыз каттаган окуучулар да бар.

Маселен, Нарын районунун Төш-Булак айылындагы 20дай окуучу айылда мектептин жоктугунан коңшу Ийри-Суу айылына жети чакырым жөө барып окушат. Алар жолдон карышкырдын улуганын угуп, коркуп барышарын "Азаттык" радиосуна 2018-жылы айтып беришкен. Алардын маселеси азыр да чечиле элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG