Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Коомчулукту дүрбөткөн мыкаачылык


Бишкектин Жал кичирайонунда болгон окуянын видеосунан алынган сүрөт.
Бишкектин Жал кичирайонунда болгон окуянын видеосунан алынган сүрөт.

Бишкектеги мыкаачылык менен коштолгон мушташ анча-мынчага таң калбай калган коомчулукту дагы бир сыйра козгогондой болду.

Ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүүлөргө издөө жарыялаганын билдирсе, прокуратура аларды бошотуп жиберген милиция кызматкерлерине иш козгоду. Бирок мындай окуялар Кыргызстанда улам кайталанып келет. Жаштар арасында зомбулуктун күчөшүн эрежесиз эр уруш мелдештеринин таасиринен көргөндөр да бар.

Үрөй учурган кылмыштын эпкини

Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда болгон окуянын видеосу Интернетке тарап кеткенден кийин күч түзүмдөрү чукул билдирүү таратып, окуянын катышуучуларына издөө жарыяланганын билдиришти. Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанындагы мушташка катышкандар 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков экени да такталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сайкал Садыбакасова ал боюнча буларды билдирди:

«Факт боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү кылмыш ишинин квалификациясы Жазык кодексинин 138-беренесинен («Ден соолукка оор зыян келтирүү») 39-130 беренесине («Киши өлтүрүүгө аракеттенүү») өзгөртүлүп, кылмышка шектүүлөрдүн ата-энесинин колдоруна шектүү жөнүндө кабарлоонун көчүрмөлөрү берилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда көрсөтүлгөн шектүү адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча тергөө аракеттери, издөө иштери жүргүзүлүүдө».

Милиция тактагандай, окуя 28-августта болгон. Интернетке тараган видеодо көрүнүп тургандай, төрт жигит бирдемеден улам талашып, чатакташып, соңунда мушташа кетишкен. Олбурлуу эркек кишилердин экөө калган экөөнү жыга чаап, алардын бири соккудан улам эси ооп жатып калат. Жеңип алгандар ошого алымсынбай аларды катуу сабап, жатып калгандардын башына секирип, тепкилеп жатканын көрүүүгө болот.

Бишкектин Жал кичирайонунда болгон окуянын видеосунан алынган сүрөт.
Бишкектин Жал кичирайонунда болгон окуянын видеосунан алынган сүрөт.

Кийинчерээк тараган башка тасмада окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери шектүүлөр менен кенен-кесир сүйлөшүп турганы, жабырлануучуларды «Тез жардам» кызматы ооруканага алып кетип жатканы тартылган.

Чуудан кийин Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар Улуттук госпиталга жаткырылганын, бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирди. Алар азыр жалпы палатада дарыланып жатканы кабарланды.

Жабырлануучулардын жакындарынын бири Элзада Белекова кылмышка шектүүлөрдү милицияда иштеген жакыны калкалап, жоопкерчиликтен качырып жибергенин айтууда.

«Окуя болгон жерде алар ал тургай «Тез жардамды» да коё бербей жатып араң коё беришкен. Дарыгерлер «өлүп калбасын, эртерээк жетирирели» деп жатып алып кетишкен. «Тез жардам» кызматы кеткенден кийин милиция кызматкерлери келген, анан ошол уруп-сабагандардын милицияда иштеген байкеси келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды өздөрүнүн машинеси менен алып кетип калган», - деди ал телеканалдардын бириндеги маегинде.

Чоң муштумдарды жазалоону талап кылган митинг өттү. 5-сентябрь, 2019-жыл

Чоң муштумдарды жазалоону талап кылган акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

Ушуга улай эле Башкы прокуратура да билдирүү таратып, окуя болгон жерге Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнөн экипаж барганын, аларга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери тоскоолдук кылып шектүүлөрдү алып кетип калганын маалымдады.

Милиция кызматкерлеринин аракети «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергейт.

Зомбулуктуу оюн-зооктун таасири

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкектеги эки жаран катуу ур-токмокко алынган фактыны жакшылап иликтөөнү тапшырды. Ошондой эле өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга жетиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыз кылууну буюрду.

«Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлигин көрсөткөн милиция кызматкерине карата тийиштүү чара көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок», - деди Абылгазиев министрди кабыл алган учурда.

Кашкар Жунушалиев жана Мухаммедкалый Абылгазиев.
Кашкар Жунушалиев жана Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиев окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү табыштап, аларды бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керек экенин белгиледи.

Бул окуядагы милициянын аракетин коомчулук да кескин сынга алды. «Жарандык союз» коомдук уюмунун өкүлү Урмат Казакбаев бул тууралуу төмөнкүдөй оюн ортого салды:

«Соңку факты боюнча массалык маалымат каражаттарынын бири «шектүүлөрдү жактагандар прокуратура кызматкери экен» десе, айрымдары «милиция экен» деп жатат. Аны балким тергөө так аныктайт. Бирок эгер тааныш-билиши катары жардам берип коргоп койгону аныкталса, аны токтоосуз түрдө жумуштан алыш керек.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

Эгер жалпысынан алсак, ички иштер органдарында кандай адамдар иштеп жатканы азыр көпчүлүгүнө эле белгилүү. Милиция кызматкерлеринин айрымдары өздөрү кылмыш чөйрөсүндөгүлөр менен байланышы бар экендиги, кээде жабырлануучуну айыпталуучу кылып салган аракеттери коомчулукка жашыруун эмес. Ошондуктан милицияга кайрылуудан да корккондор бар. Биз изилдөө, сурамжылоо жүргүзгөн учурда «милиция фуражкачан бандит болуп калды» деп эле какшап жатышат. Аларга ишенич жок. Бул 2011-жылдан бери айтылып келаткан милицияны реформалоо аракеттеринен көзгө көрүнүктүү жыйынтык чыкпаганын далилдеп турат».

Адатта видеосу тарап кеткен башка чатактарга караганда массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда көп талкуу жаратканы соңку окуядагы уландардын жатып калгандарды өтө мыкаачылык менен сабап жатканы болду.

Көпчүлүк муну коомчулуктагы, спорт клубдарындагы терс тарбиянын, зордук-зомбулук коштолгон оюндардын таасири катары чечмелешүүдө. Окутуучу, социолог Максат Жумабаев да ушул ойлорго кошулат.

«Жеке адамдардын ортосундагы ырайымсыздыкка, зомбулуктун көбөйүп кетишине бир канча факторлор таасир этет, - деди адис. - Буга биринчи кезекте экономикалык тартыштык, миграция, деградация сыяктуу көрүнүштөр себеп болот.

Максат Жумабаев.
Максат Жумабаев.

Бирок ошол эле кезде зордук-зомбулукту популяризация кылган, мисалы эрежесиз эр уруш сыяктуу оюндарды жайылтуу да негиз болууда. Бул уруштар менен байдын балдары эмес, кайра эле ошол орто катмардын же төмөнкү катмардын балдары алектенип жатат. Бир катар аймактардагы тың чыкмалар же укук коргоо органдарынын эле башындагы адамдар ушул багытта спорттук клубдарды уюштуруп, балдарды кармап, мушташка салууда. Алар ошол жаштарды агрессивдүү, «билеги жоон» топ катары тарбиялап чыгарып, бир күч катары саясий максаттарга же акча табууга пайдаланууда. Анан ошолорду машыктырып, мушташтырып, аны теледен, керек болсо Коомдук биринчи каналдан берип жатабыз. Аны жаштар, балдар жата калып көрүп, бири-бирин жанчып, канжалатып жатканынан таасирленишүүдө. Натыйжада жаштар ошол муштумдан башканы тааныбаган топту ээрчип кетип жатышат. Мына ушул жагдайлардын баары азыр чыр чыккан жерде ашыкча зомбулукка алып келип жаткан кези. Менимче биринчиден ошол оюндарды өткөрүүнү жана телеканалдардан берүүнү чектеген мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек».

Социалдык тармактарда пикир жазгандар да соңку окуянын видеосу Интернетке тарап кеткени үчүн гана реакция жаратып жатканын, болбосо борбордо жана аймактарда мыкаачылык менен коштолгон мушташтар, чыр-чатактар күн алыс эле болуп жатканын белгилешүүдө.

Арийне «Google» издөө сервисинен же «Youtube» порталынан «Бишкектеги мушташ» же «Драка в Бишкеке» деп жазсаңыз деле жакында эле болгон окуялар боюнча ондогон кабар чыгат. Андагы видеолордун көбүндө жаштар бирин бири катуу сабап жатканы тартылса, айрымдарында курал-жарак көтөрүп жүргөндөрү көрүнүп турат. Алардын кээ бирлери адам өлүмү менен аяктайт.

Мисалы, былтыр Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында Нигериянын 34 жаштагы жараны, «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинин мугалими Али Тижжани Абубакар бир адамдын соккусунан жерге кулап, ооруканада эки күн комада жатып көз жумган.

Же быйыл 26-августта Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы калайман мушташ учурунда ыргытылган таш ошол тегеректе жүргөн пенсионердин башына тийип, каза болгону да буга мисал боло алат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG