Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Жаңы-Жерде жаштардын урушу айылды дүрбөттү


Жаңы-Жерде жаштар мушташты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Жаңы-Жерде жаштар мушташты, 5-июнь, 2019-жыл.

5-июнда Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жергиликтүү жаштар мушташты. Милиция кырдаалды жөнгө салды.

Уруштун аркасы айылда чоң чырга айланып кете жаздап, бирок тартип сакчылары окуянын ырбап кетишине жол берген жок. Айыл аксакалдары тараптар элдешкенин айтышса, жаштар окуянын кылдат тергелишин милициядан талап кылышты.

Күбөлөрдүн айтуусунда, окуя күндүз балдар айыл четиндеги көлмөгө түшүп жатканда болуп, мушташка айылдагы улуу балдар да аралашып кеткен.

Буга нааразы болгон жогорку айылдын тургундары, көчөгө чогулуп, төмөнкү айылга бармак болушкан. Окуяны жайгаруу үчүн көп сандагы милиция кызматкери тартылып, тараптарды токтотуп калышты.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Дүйшөнов «Азаттыкка» окуяда жабыркагандар жок экенин айтып, ал эми жаштардын чырын өз ара "таарынышуу" катары гана сыпаттады.

- Майда балдар бири-бири менен таарыныша кетиптир. Андай деле мушташ эмес. Элге түшүндүрүү ишин жүргүздүк. 40-50дөй киши көчөгө чыкты. Азыр тарап кетишти. Жабыркагандар жок. Улут аралык эч нерсе жок. Азыр чогулушка киргени жатабыз. Медреседе өтөт чогулуш.

Аксакалдардын тынчтыкка салымы

Медреседеги жолугушуудан соң тараптар өз ара түшүнүшүүгө келишкенин айыл аксакалдарынын бири Абдулла Эфендиев «Азаттыкка» айтып өттү.

Абдулла Эфендиев.
Абдулла Эфендиев.

- Биздин жаштар арасында түшүнбөстүктөр болуп кетиптир. Кээ бир адамдар бул окуяны чоң чырга айланткысы келип жатат. Бирок биздин улуу муун ыкчам чогула калып, окуянын ырбап кетишине бөгөт коюшту. Биз жаштарды элдештирдик деп ойлойбуз. Тараптардын бири-бирине нааразычылыктары деле жок.

Милиция жаштардын урушуна улут аралык боёк бербөөгө чакырууда. Эмне болгонун көргөнү барган Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов түшүндүрүү иштеринен соң абал тынчыганын бышыктады.

Биринчи жолу эмес

Анткени менен айыл жаштары тартип сакчыларынан окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышууда. Алардын бири Санжар Тилеков мындай жаңжал Жаңы-Жер айылында биринчи жолу эмес экенин эске салып, күч органдары тергөөнүн аягына чекит койбой келгенин «Азаттыкка» билдирди.

Санжар Тилеков.
Санжар Тилеков.

- Буга чейин да ушундай уруштар катталган. Ар дайым милиция келет дагы, ишти аягына чыгарбай жаап салат. Биз иштердин бардыгы коррупция, акчанын аркасы менен орто жолдо эле калат деп ойлойбуз. Ушундай уруштар аягына чейин тергелбегенден улам кайрадан кайталанып жатат. Бул жолу деле милиция күнөөлүүлөрдү аныктап чыгарына көзүбүз жеткен жок. Ошондуктан жергиликтүү жаштар 6-июнда милиция менен кошо тергөөгө катышалы деген чечимге келип жатабыз.

Түшүндүрүү иштеринен соң Жаңы-Жер айылындагы чыңалуу басылып, чогулгандар тарап кетишти. Мушташта бир нече бала ооруканага түшкөнү тууралуу айтылганы менен азырынча расмий органдар аны тастыктай элек. Ошондой эле канча адам окуя боюнча кармалганын да милиция айта элек.

Орок менен Жаңы-Жердин байланышы барбы?

Белгилей кетсек ушул эле күнү Сокулук районунун дагы бир Орок айылында массалык мушташ катталып, ал жерде 31 адам шектүү катары кармалып, сурак берип чыгышты. Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, чатак 5-июнда эртең менен айт намазынан соң чыккан.

Окуяда эки бала ооруканага түшсө, дагы эки адам «Ээнбаштык» беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга камалды.

Ороктогу жаңжалга эмне себеп болду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

ИИМ Сокулук районундагы Жаңы-Жер жана Орок айылындагы окуялардын бири-бирине байланышы жоктугун билдирди.

Орок айылы Бишкектин түштүк-батыш ыптасында жайгашкан. Айылда 340 түтүн эл жашайт. Алар негизинен кыргыз жана түрк улутундагылар.

Ал эми Жаңы-Жер айылы Ороктон 40 чакырым алыстыкта Бишкектин чыгышында жайгашып, көп улуттуулугу менен айырмаланат. 1792 түтүнү бар бул айыл өкмөтүнө беш айыл караса, ал жерде 26 улуттун өкүлдөрү жашашат.

XS
SM
MD
LG